KELECHEK
rek

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев дүйнө чемпионатынын коло медалынын жеңүүчүсүн кабыл алды (ФОТО)

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев дүйнө чемпионатынын коло медалынын жеңүүчүсүн кабыл алды (ФОТО)

Бүгүн, 25-сентябрда КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев армреслинг – кол күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалынын жеңүүчүсү Аскат уулу Өткүрдү кабыл алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Быйылкы жылдын 5-сентябрынан 11-сентябрына чейин Венгриянын борбору Будапешт шаарында армреслинг – кол күрөшү боюнча дүйнөнүн 39-чемпионаты болуп өттү. Дүйнө чемпионатына 60тан ашуун мамлекеттин спортсмендери катышты. Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 11 спортсмен катышып, алар 1 күмүш жана 3 коло медалдын ээлери болушкан. Венгриянын борбору Будапешт шаарында армреслинг – кол күрөшү боюнча өткөн дүйнөлүк 69- чемпионатта 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында 50 кг. салмакта 16 жаштагы Таш-Көмүр шаарынын тургуну Аскат уулу Өткүр сол колу менен таймашып, байгелүү коло медалдын ээси болуп калды.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жаш спортсмен Аскат уулу Өткүрдү дүйнөлүк мелдештеги коло медалдын ээси болушу менен куттуктап, башына ак калпак кийгизди. Жаш спортсмен коло медалды колго киргизүүдө Казакстан, Россия, Түркмөнстан жана Өзбекстандан барган атаандаштарын жеңүүгө татыктуу болду. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн Аскат уулу Өткүрдү Жалал-Абад облусунун ага машыктыруучусу Каныбек Эсенгелдиев тарбиялап жатат. Аскат уулу Өткүр спорттун армреслинг – кол күрөшү менен машыга баштаганына 2 жылдын жүзү болду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20

Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...

Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...

Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-09  01:23

Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды...

Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды...

Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 9-майына чейин Казакстандын Палдовар шаарында өткөн бокс боюнча Азия...

СПОРТ 2016-05-14  09:30