KELECHEK
rek

Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Курук-Сай участкасындагы “БИС-27" булагын Ташиевдин бир тууганы басып алды (ФОТО)

Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Курук-Сай участкасындагы “БИС-27

Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрь күнү Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай участкасында жайгашкан “Келечек” ЖАКна тиешелүү болгон “БИС-27" булагын саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Казыбек Ташиев менин менчигим деген максат менен басып алып, ал жердеги булактан суу алууга уруксат бербей жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, бул мезгилге чейин мындан 2,5 ай мурун да Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтү баш болуп келип булакты басып алышып, 9 күн “БИС-27" булагынан суу алууга тоскоолдук жаратышып, “Келечек” ЖАКна караган ПЭТ “Бурулсун” ишканасынын ишин үзгүлтүккө учуратышкан болчу. Анда Сузак райондук ИИБү тарабынан “Өз билемдик менен басып алуу” фактысы менен кылмыш иши ачылган эле. Ал кылмыш иши тергелип бүтүп сотко өтүп, Сузак райондук соту, Жалал-Абад облустук соту карап, ишти кайрадан тергөөгө жиберген экен.

Арадан эки жарым ай өткөндөн кийин, шайлоонун алдында, кандайдыр кызыкчылыктар менен кайра басып алуу фактысы кайталанып жатат. Басып алуу болгон күнү “Өзүм билемдик менен басып алуу” фактысы боюнча Барпы айыл өкмөтүнүн тургуну Дөөлөтбай Эргешбаевди жана бир жаранды Сузак райондук ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына алып барып камашкан. Азыр бул эки жаран ошол жерде камакта отурушкандыгын укук коргоо органдары билдиришти.

Биз 22-сентябрь күнү түштөн кийин Курук-Сай участкасында жайгашкан “Келечек” ЖАКна тиешелүү болгон “БИС-27" булагына барган учурда булактан суу алуу үчүн барган унаалар ал жакка өтө албасын деген максатта Казыбек Ташиевдин автоунаасы жолдун ортосуна атайылап токтотулуп коюлган фактысына күбө болдук.

Көп өтпөй Курак-Сай участкасына Казыбек Ташиев, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Абдисатар Сыргабаев, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Шайырбек Ташиев жана бир топ адамдар келип калышты. Казыбек Ташиев эмне себептен жолго өзүнүн автоунаасын токтотуп койгонун төмөндөгүдөй түшүндүрүп берди.

- Мен жолду өзүм тосуп турам. Себеби, мындан 1 жыл мурун соттун чечими чыгып, 3,80 гектар жер Барпы жайыт комитетине өткөндөн кийин, мен бул жерди ижарага алгамын. Ушул бир жылдан бери өзүм ижарага алган жериме ээ боло албай жүрөм, - дейт Казыбек Ташиев.

Ташиевдин айтымында, 19-сентябрь күнү сот аткаруучулар келип бул жерди жайыт комитетине өткөрүп беришкен. Ал күнү Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин депутаттары, жер комитетинин адистери болушкан. Анын сөзүнө караганда, жайыт комитетине өткөн жер 3 гектар 80 сотых чыгат деп картасында көрсөтүлгөн. Ушул АКТынын негизинде ал "Бис-27" булагы чыккан жерди да мыйзамдуу менчик ээсимин деп эсептейт экен.

“Мен басып алган жокмун. Жайыт комитети менен түзгөн келишимдин негизиндеги ижарага алган өзүмдүн жериме кирдим. Өзүм эле келбестен, бул жерге айыл өкмөт башчысы, айылдык кеңештин депутаттары менен келип, АКТ түзүү менен жолду тосуп койгонбуз”, - деди К.Ташиев.

“Келечек” ЖАКнун өкүлү, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Мирлан Тумановдун айыл өкмөт башчысы А.Сыргабаевге түшүндүрүп айтып жатканына таянсак, “БИС-27" булагы турган 0,80 сотых жерге алардын кирип алып, булактан суу алууга уруксат бербей жатканы өзү мыйзамдуу бузууга жатат.

“Бул маселе мыйзам чегинде чечилгенге чейин булактан суу алууга тоскоол болбогула. Биздин дарбазадан ары жакка өтпөгүлө. Бул булак мыйзам боюнча “Келечек” ЖАКна тиешелүү. Бири-бирибизди сыйлап, мыйзамды бузууга жол бербейли. Жолго койгон автоунааңарды алып койгула”, - деди М.Туманов.

Бирок, мыйзамдын “А” тамгасын да түшүнүүнү каалабаган Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Абдисатар Сыргабаев өздөрүнүн жасап жаткан иш-аракеттери мыйзамдуу экенин айтып, “Булактан суу албайсыңар. Мыйзам боюнча бул булак айыл өкмөткө тиешелүү. Баарыбыз мыйзамды сыйлайлы” - деген өзүнүн бүтүмүн билдирди.

Сузак райондук мамлекеттик мүлктү каттоо башкармалыгы тарабынан “Келечек” ЖАКна 2002-жылы Курук-Сай участкасынан 0,80 сотых жер участогун пайдалануу боюнча “Жер участогуна болгон менчик укугу жөнүндөгү” Мамлекеттик АКТы берилген. Бул мамлекеттик АКТыны жокко чыгарбай туруп, “БИС-27 булагы” турган жерди биздин менчик деп талашып жаткан Барпы айыл өкмөт башчы А.Сыргабаев менен К.Ташиевге кайсы документтин негизинде силер булакты талашып жатысыңар? - деген суроого ынанымдуу жооп бере алышкан жок. Ошондой эле, тиешелүү документтерди да көрсөтө алышпады.

“Сузак райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгы тарабынан “Келечек” ЖАКму алган мамлекеттик АКТ өзү туура эмес берилген. Жайыт жерлери менчикке берилбейт – деп чоң кылып жазып койгон. Ошол маалда иштеген айыл өкмөт башчылары мыйзамды билбей берип жиберишкен. Он жолу мамлекеттик АКТ алышса да, бул өзүнөн-өзү жок болуп кетет”, - дейт К.Ташиев.

Сузак райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн башчысы Салмоорбек Турдукуловго кайрылып, азыркы учурда талашка түшүп жаткан “БИС-27" булагы”турган 0,80 сотых жер кимге таандык экендигин тактоого аракет жасадык.

- Салмоорбек Нурдинович, Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Курук-Сай участкасындагы “БИС-27" булагы жайгашкан 0,80 га жер участогу бүгүнкү күндө кимге тиешелүү?

- Барпы айыл өкмөтүнөн караштуу Курук-Сай деген участкасы биздин башкармалыктагы каттоосу боюнча айта турган болсом, “Келечек” ЖАКнун 0,80 сотых жерди ээлеген жер участогу Барпы айыл өкмөтү менен 2002-жылы түзүлгөн келишимдин, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2002-жылдагы чыгарган токтомунун негизинде биздин башкармалыктан жер участогун убактылуу пайдалануу жөнүндө 49 (кырк тогуз) жылга күбөлүк алып, каттоодон өткөрүлгөн. Ошол каттоо бойдон эле турат. 2051-жылга чейин деп мөөнөтү көрсөтүлгөн. Бул күбөлүктү, айыл өкмөттүн келишимин, райондук мамлекеттик администрациянын токтомун жокко чыгаруу боюнча соттун чечими бизге келип түшкөн эмес. Эгер келип түшкөн болсо, анда дагы маалымат беребиз. Бүгүнкү күндө бизде андай маалымат жок.

Биздин башкармалыкта ошол 0,80 сотыхты ээлеген жер участогу “Келечек” ЖАКнун пайдалануусунда турат. Андан сырткары, талаш болуп жаткан жерди айтсак, “Келечек” ЖАКу 2007-жылы 7 жылга 2015-жылга чейин 3 гектар жерди убактылуу пайдаланууга алган экен. Мисте багы эгилген жер 2015-жылы анын мөөнөтү бүтүп, бизден күбөлүк алышты. 2015-жылы “Келечек” ЖАКму менен Барпы айыл өкмөтү кайрадан келишим түзүшөт. Ошонун жанын чоңойтобуз, дагы 80 сотых жер бересиңер деп келишим түзүшкөн. Ошол 80 сотых жерге бизден күбөлүк алган эмес. Күбөлүк алып, карталар так болбогондуктан, кайсы жер берилгени бизге белгисиз. Бизде так маалымат жок. Айыл өкмөттүн берген маалыматы боюнча, мурдагы каттоодо турган жерди кошуп бергенбиз деп жатышат. Бирок, каттоодо турган жерди жокко чыгарбай туруп, кайрадан кошуп берүү өзү мүмкүн эмес. Андан сырткары, 0,80 сотых жердин ичинде “Келечек” ЖАКнун “БИС-27" булагы бар. Ал өзүнчө бизде каттоодо турат. Жалал-Абад облустук курулуш башкармалыгында (ГАСК деп коёт) да “Келечек” ЖАКнун “БИС-27" булагы курулушту кабыл алуу АКТнын негизинде “Курулуш “Келечек” ЖАКму тарабынан курулуп, бүткөрүлдү” деп лицензиялык мөөнөтү менен каттоодо турат.  Бүгүнкү күндө бул АКТны жокко чыгаруу боюнча да соттун чечими бизге келип түшкөн жок. Азыркы учурда “БИС-27" булагы "Келчек” ЖАКнун каттоосунда эле турат.

Курук-Сай участкасындагы “БИС-27" булагын басып алууга байланыштуу ПЭТ “Бурулсун” ишканасында 2 күндөн бери иш токтоп калганына нааразы болгон жумушчулар өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришип, маселени оң жагына чечип берүүсүн жогорку бийлик өкүлдөрүнөн суранып кетишти.

Орунбаев Имарали 14 жылдан бери иштейт, 64 жашта: –Ушул 14 жылдын аралыгында көптөгөн жетишкендиктер болду. Жаштарга пайызы жок кредиттер берилди. Айрымдары үй алышты. Башкаларга окшоп иш издеп, Орусияга кетишкен жок. Ишканабыз токтоп калса, биз ишсиз кыйналабыз.

Эргешов Асыл, 51 жашта, 10 жылдан бери иштейт: - Жеңилдиктер берилет, жаштарга чектер берилди. Ушундай ишканалар болсо, элибизге жакшы. Ишканалар жабылбай, кайра ачылыш керек. Булак жабылса, 300-400  адам ишсиз калат.

Төрөкулова Манзура, 54 жашта, 3 баласы бар 21 жылдан бери иштейт: - Келдибек Туманов биринчи ишкер. №27 суусун иштетип, элди жумуш менен камсыз кылып жатат. Башка адам келип эле бул сууну чыгара албайт. Ташиев талашып жатат. Ушунча жылдан бери булар эмне кылып жүрүштү? Президенттик шайлоонун алдында элге тынчтык керек.

Арапбаева Шаныгүл, “БИС -27" булагынын кароолчусу: - Июль айларында да Ташиев Казыбек, Дөөлөт Эргешовтор 20 машина болуп келип, Тумановдор менен учурашабыз дешкен. Чалсам, Нурлан Туманов андай сүйлөшүү болгон жок дешти. Анда 9 күн жүрүштү. Тогуз тонна водовоз менен келген сууну ошол жерге Казыбек Ташиев өзү төгүп салды. Жолду жаап, эч кимдии өткөрбөй коюшту. Ал суунун жанында ызы-чуу салып, катуу да сүйлөбөш керек. Эми 2 күндөн бери дагы басып алышты ошолор. Баары туугандар. Бири күйөө баласы, кайнатасы, өкүл баласы баары камчыбек Ташиевке караштуу. Кан басымым 150-190 болуп кетти. Ал жерде эки кызым менен жашайм. Кичинем Бишкектеги атайын мектепте окуйт. Кыздарымдын жүрөгүнүн үшүн алып бүтүштү. Ден соолуктарына зыян алып келишти. Дарбазага кулпу илип алышты. Казыбек Ташиев машинасын жолдун ортосуна коюп койду. “БИС-27" булагындагы сууну бербейм деп жатат. Өздөрүнүн сууну иштеткенге заводу жок болсо, аны эмне кылышат? Ал сууну иштете алышпайт.

Ошондой эле, ПЭТ “Бурулсун” ишканасынын коопсуздук кызматынын башчысы Самаган Чомонов, жумушчулар Рахима Авазова, 38 жылдан бери иштеп келе жаткан Гулайым Айтикеева, Мирбек Нарбеков, Шайыр Абдыкаировдор заводдун иши токтоп калса 300-400 адам үй-бүлөсүн бага албай, балдары ачка калаарын, рыноктук экономикага турушутук берип иштеп жаткан ишканаларга бут тоспой, кайра колдоо көрсөтүү керектигин, жөнү жок басып алууларды токтотууну, ишканага бут тосууну бийлик өкүлдөрү катуу көзөмөлгө алуусун баса белгилеп кетишти.

Ал эми 27 жылдан бери “Келечек” ЖАКда иштеп келе жаткан Акынай Шайдуллаева эжеке саясатчы Камчыбек Ташиевке кайрылып, булакты басып алган бир туугандарын, жакындарын тартипке чаыкырып берүүсүн суранып кетти.

- Мен бул ишканада 1990-жылдан бери иштейм. Союз ыдырыгандан кийин көпчүлүк завод-фабрикалар бузулуп, токтоп калган учурда, көптөгөн адамдар ишсиз калган. Келдибек Туманов токтоп калган заводдорду сатып алып, өзү курап ишке салган. Бул оңойго турган жок. Ушул заводду бутка тургузуп иштетип койгон учурда, аны бирөөлөр тартып алганы туура эмес. Анан Барпы айыл өкмөтүнө караштуу булак жөн эле кароосуз, эч ким иштетпей жатканда, аны иштетип, элге дарылык сууну жеткизип жатса мындай бут тоскон болбойт. Буга чейин К.Ташиев, айыл өкмөт башчысы, депутаттары эмне кылып жүрүштү эле? Бул завод иштебей калса, бул жерде иштеген 200дөн ашык адамдын үй-бүлөсүн булакты басып алгандар бага аласыңарбы? Заводду кантип иштетесиңер? Урматтуу, Камчыбек Ташиев мырза! Сиз өзүңүздун туугандарыңызды, жакындарыңызды тартипке чакырып койсоңуз! Иниңиз Казыбек Ташиев булакты басып алганын токтотуп, биздин ишке тоскоол болбосун. Калган чечилбеген маселени басып алуу менен эмес, мыйзам жолунда чечип алышсын, - деди  А.Шайдуллаева.

                                                                                                                                                                                                   

Сузактын Барпы айыл аймагында жайгашкан №27 булакты басып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду (ФОТО)    http://kogart.kg/?view=news&id_news=3095

Сузактын Барпы айыл аймагында жайгашкан №27 булакты басып алуу...

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, “KOGART.KG”                                                                                                                                                                                                                                                                                            http://kogart.kg/?view=news&id_news=3095

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                       

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24