KELECHEK
rek

Азиаданын жабылышында Бердымухамедов өз рекордун жаңыртат

Азиаданын жабылышында Бердымухамедов өз рекордун жаңыртат

Азиаданын уюштуруучулары оюндардын жабылуу аземинде өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовго өз рекордун жаңыртууга мүмкүндүк түзүп берүүгө ниеттенип жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына өз булактары кабарлашкан.

Булактын билдиришинче, жергиликтүү уюштуруучулар оюндардын жабылуу салтанатын көрүнүктүү кылуудан тышкары, президентке өзүнүн 2 жыл мурдагы рекордун жаңыртууга мүмкүнчүлүк түзүп беришет. Маалыматка караганда, анда мамлекет башчы өзүнүн «Ядымда» («Эсимде») деген лирикалык ырын аткарып, аны 7,5 миң киши коштоп ырдайт.

«Чет өлкөлүк адистерге бул идея анча жаккан жок, бирок алар аны кабыл алууга мажбур болушту, анткени келишим боюнча жергиликтүү уюштуруучулар биринчи жолу сценарийге каалаган өзгөртүүлөрдү киргизе алышат», - деди булак.

2015-жылы ноябрда Мары шаарындагы концерттик залдын салтанаттуу ачылышында өзүнүн “Алга, алга жана алга, мекеним, Түркмөнстан!” деген ырын аткарган Бердымухамедовду коштоп төрт миңге жакын киши ырдаган. Анда китеп Гиннестин рекорддор китебине кирип, Уруш искусстволору боюнча жабык имараттарда өтүүчү V Азия оюндарынын расмий гимни болуп тандалган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20