KELECHEK

Тажикстанда балдар жапырт сарык менен ооруп жатышат

Тажикстанда балдар жапырт сарык менен ооруп жатышат

Тажикстандын Ашт районундагы Пунук айылында жүзгө жакын бала сарык же гепатит А менен ооруп жатат. Балдардын мындай жапырт ооруусу райондо биринчи жолу катталууда. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтегилер билдиришти.

Айылдын катчысы Саида Гафурованын айтымында, ооруп калгандардын көбүн 5-6 жаштагы балдар түзүшөт. Ал дарыгерлер тарабынан айылдагы бардык көлмөлөрдө санитардык-профилактикалык, ал эми ажатканаларда химиялык тазалоо иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

Жергиликтүү оорукананын дарыгери Исматулло Абдуллоев акыркы эки айда аталган айылдын гепатит А менен ооруган 40тан кем эмес баласы ооруканага жаткырылганын билдирди. Айтымында, алардын тышкары үй шартында дарыланып жаткан балдар да жок эмес.

Тажикстанда гепатит А менен ооругандардын саны күзүндө кескин көбөйөт. Согди облусунун саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда, быйыл сарык менен ооругандардын саны Канибадам, Матсинск, Исфара жана Жабборрасулов райондорунда көбөйгөн.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен аларда бардык аймактагы жашоочуларга эмдөө жүргүзүүгө каражат жок экенин билдиришти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Түркмөнстанда дары-дармек кымбаттады

Түркмөнстанда дары-дармек кымбаттады

Түркмөнстанда дары-дармектер тартыш болуп, кайрадан...

ДЕН СООЛУК 2018-07-30  15:39

Тажикстандык аял баласынын денесине ийне киргизгенин четке кагууда

Тажикстандык аял баласынын денесине ийне киргизгенин четке кагууда

Денесинен 10 ийне табылган наристенин апасы баласына атайылап ийне сайгандыгы боюнча айыптоолорду...

ДЕН СООЛУК 2018-07-26  04:45

Түркмөнстанда жаңы саламаттык сактоо объектилери ачылды

Түркмөнстанда жаңы саламаттык сактоо объектилери ачылды

21-июлда Түркмөнстанда кезектеги жолу медицина кызматкерлеринин...

ДЕН СООЛУК 2018-07-24  12:06

Өзбекстанда дарыгерлер аялдын жыныстык органына жасалган операцияны...

Өзбекстанда дарыгерлер аялдын жыныстык органына жасалган операцияны...

Сурхандарыя облусунун Термез шаардык ооруканасынын кызматкерлери сексуалдык зомбулукка кабылган...

ДЕН СООЛУК 2018-07-20  17:24

Жалал-Абад шаарындагы тез жардам кызматы жаңы имараттуу болушту

Жалал-Абад шаарындагы тез жардам кызматы жаңы имараттуу болушту

Жалал-Абад шаарындагы тез жардам кызматынын жаңы имараты ишке берилип,...

ДЕН СООЛУК 2018-07-18  14:51

Бүркүт кол салган кыздын абалы жакшы

Бүркүт кол салган кыздын абалы жакшы

Тоң районунда өтүп жаткан «Тескей жээк»...

ДЕН СООЛУК 2018-07-17  04:11

Тажикстанда салмагы 7,2 кило бала төрөлдү

Тажикстанда салмагы 7,2 кило бала төрөлдү

9-июлда Тажикстандын Куляб шаарында салмагы 7 кило 200 грамм ымыркай жарык...

ДЕН СООЛУК 2018-07-14  22:19