KELECHEK
rek

ЖАПОНДОР ТАЗА ЖАШОО ЖОЛУН КАЙДАН АЛДЫ? (ФОТО)

ЖАПОНДОР ТАЗА ЖАШОО ЖОЛУН КАЙДАН АЛДЫ? (ФОТО)

Жапондор өздөрүнүн тазалыкка жакындыгы, иреттүүлүктү жактырышы, сабырдуулугу жана өз мекенин сүйүүчүлүгү, аны кастарлай билүүсү менен айырмаланышат жана башкаларды суктандырышат. Деги эле алар биздин шаарда көйгөй жаратып келаткан тазалык маселесинде кандай? Алар тазалыкка кантип жетишишет? Булар тууралуу жердешибиз, азыр Жапонияда билим алып жаткан Мураталы Үчкемпировдун жазган макаласына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Биз ар дайым бөтөн элдеги сонун жашоону эңсеп, суктанып, кээде кыялданып, ошол жашоодогу жетишкендиктер бир заматта жашообузга келип калуусун эңсеп, бизде да ушундай болсочу дейбиз. Мисал катары Жапония мамлекети бир гана кыргыздарды эмес, деги эле дүйнө жүзүндөгү көптөгөн элдерди таң калтырып келет.

Мен да Кыргыз-Жапон өкмөттөрүнүн өз ара кызматташуусунун алкагында 10 жылдан бери ишке ашып келе жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча магистрдик программасы менен Жапонияга келгениме бир жылдын жүзү болду. Ушул убакытка чейин эң негизги көзгө урунган, бизге өрнөк боло ала турган көрүнүштөр катары Жапон маданиятын, компанияларын, элдин сылык-сыпайлыгын, жөнөкөйлүгүн, унаа тармагынын өнүккөндүгүн жана көчөдөгү ТАЗАЛЫК мисалдарын айтсам болот.

Инсан катары, жаран катары, мамлекеттик кызматкер катары “Кыргызстан жергесинде ушундай өзгөчөлүктөрдү, артыкчылыктарды, өрнөктү кантип колдонсок болор экен?” деген тунук ой менен жүрөм. Бүгүн сиздерге ушул ТАЗАЛЫК маселесин көбүрөөк сөз кылгым келип турат. Андыктан, окурман, ушул макалага оюуңуз жана пикириңиз болсо, практикалык ишке ашырууда ар тараптан салым кошо алсаңыз, комментарийлерде же атайын жазылган пикир-сунуштамаларда билдирүү жасап, жалпы бир маалымат кампаниясына ортоктош болууңузду суранам. Тазалык маселесинде аз болсо да сиз менен бир жаңы деңгэлге чыгып алсак, ал - баарыбыздын утушубуз.

Бир сөз менен айта турган болсок, Жапон мамлекетиндеги коомдук жайлардагы, көчөдөгү тазалык бул бир эле мамлекеттин жумушу эмес. Бул жетишкендик жалпы Жапон элине, анын мүнөзүнө, балуулуктарына, адеп-ахлагына, өз аймагын канчалык сүйө билишине тиешелүү. Бул нерсе - жылдап курулган имарат сыяктуу өзүнчө система. Бул эне сүтү менен берилген тарбия, бала бакча жана мектептен адам баласына сиңирилген жөндөм, көз караш, жашоо образы. Кала берсе, ал -  Жапон бизнесинин фундаменти, бул - эл аралык туризм базарындагы жарнак, Жапон элинин көзүрү жана жашоо образы, абройдук жана коомдук соту.

Кыскасы, тазалык - негизги жарандык милдет

Бул макала - Жапониядагы менин жеке байкоомдон чыккан ойлор. Толук кандуу чындыкка туура келет деген ойдон алысмын. Эң биринчи булак катары бала бакчадан баштайлы. Ал жердеги тарбия ар бир баланын колду туура жуушунан башталат. Кол жуунун мөнөтү 30 секунддан кем эмес болушу керек. Тарбия сөзсүз самын колдонуп, аарчып, тамакты жеп бүткөндөн кийин идишин белгилүү жерге коюудан башталат. Мектепте да ошондой эле тартип. Мектепке кирүү учурунда сырттан кийип келген бут кийим имарат ичинде кийүүчү бут кийимге алмаштырылат.  Күн сайын сабактан кийин “Cleaning” тазалоо иштери жүрөт. Мектепте атайын пол жуучу кызматкер иштебейт, тазалыкты окуучулар өздөрү камсыз кылышат, “окуган жайыңды таза карма” деген тарбия берилет. Тамак-аш жеп бүткөндөн кийин тиштерин жууп, башка сабактарга өтүшөт. Бул тартип татаал көрүнгөнү менен пайдасы канчалык экенин көрүп турасыздар. Бардык жерде тазалык, жагымдуу, ыңгайлуу, иреттүү айлана-чөйрө адамды кубандырат.

Таштандылар түрүнө, табиятына жараша кайра иштетилүүчү, күйүүчү жана күйбөөчү түрлөргө бөлүнүп, сорттолуп ыргытылат. Ар бир таштандынын түрүнө карап, аларды салып коюу үчүн АТАЙЫН ТҮСТҮҮ БАШТЫКТАРДЫ супермаркет жана башка дүкөндөрдөн сатып алышат жана аларга таштандыларды салган соң тийиштүү күндөрү, тийиштүү капкагы бар жашиктерге ташташат. Көчөдө жыттанган, кароосуз калган таштандыларды ит-мышыктардын тытмалап тинтип жүргөнүн көрбөдүм. Атайын таштанды үчүн ТӨЛӨМДӨР ЖОК. Болгону тийиштүү түстөгү пакеттерди сатып алсаң гана болду.

Мисалы, ар кандай жөө сейилдөөлөрдөн кийин, барбекю жасап бүткөндөн кийин олтурган жерин, айланасын тазалап, таштандыларын алып кетүү - коомдук мыйзам. Мисалы, биздегиге окшоп таштандыларды ыргытып жиберсең деле болот, бирок ал жакта уят, намыс, тарбия ага жол бербейт.

Компаниялардагы жамааттык философия

Жапон компанияларынан киргизилген тазалык философиясы өзгөчө орунду ээлейт. Бул - ар бир компанияда бкем орногон тартип. “Тойота” корпорациясы тарабынан убакытты жана ресурстарды үнөмдүү пайдалануу аркылуу киргизилген философиянын тазалыкка тиешелүү учурлары бар. Мисалы: Seiso (cleaning-クリーニング) - бул жумуш же бир иш-чара комплекси, жумуш этабы бүткөндөн кийин жумуш ордун шыпырып, ар кандай апараттар болсо, аларды тазалап, жууп, текшерип коюу процедураларын ар бир жумушчу аткарат. Кала берсе, ар бир жумушчу ар бир линияда иштеп кетүү жөндөмүнө ээ, бири-биринин ордун толуктап, же жардам берүү колунан келет. “Бул менин иш ордум эмес, бул мага карабайт” деген ой жок. Муктаждык болсо, баарын жасай беришет. Кээ бир учурда жумушчулар жетишпей бара жатса, офис кызматкерлери спецформаны кийип алып, өндүрүш цехине түшүп кете алышат жана жумуш бүткөндөн кийин тазалоо иштерине сөзсүз катышышат. Цех башчылар да катардагы жумушчулардын ишин аткара беришет. Өзгөчө тазалоо иштеринен жийиркенишпейт. Мисалы, таштанды таштоочу урналарды ар кайсы көчөдөн таба бербейсиң, бирок коомдук жайларда, соода түйүндөрүндө, станциялардан таба аласың. Бирок, ошол жерге чейин ыргытпай, пакетке сактап баруу да бул - чоң жумуш. Ажатканалардын баары акысыз, унитаздары автоматташтырылган, кагаздары жука жана унитазга эле ташталат.

Тазалык – жашоо образы

Албетте, тазалык бул нерселер менен чектелбейт. Бул коомго сиңип калган, андан ажырабаган жалпы жашоо образы десек болчудай. “Ушул тартип биздин өлкөдө иштейби?” деген суроого мен “Ооба” деп, ишенич менен айта алар элем. Бирок, бул жалпы маданиятты, билим берүүнү, тарбияны кайра карап чыгып, өзүбүздүн системага ылайыкташтыруу менен гана ишке ашат деген ойдомун. Бирок, көчүрүп (ксерокопопия) жасай албайбыз. Муну биздин системанын нугуна түшүрүү, менталитетке сиңирүү, адеп-ахлакты бир аз модернизациялоо менен болот демекчимин. Бул - ар бир үй-бүлөдөн, жүрүм-турумдан, окуу-тарбиядан, жумуштан, мамиледен, кулк-мүнөздөн, үрп-адаттан (дининен), милдеттен жана укуктан келип чыккан туунду.

Көчөдө таштандыны ыргытпай коюу менен бардык жер таза болуп кетеби? Менин оюмча - жок. Себебин карап көрөлү, эмне үчүн булганып жатат? Эмнеге жугуштуу оруулар көп? Келгиле, достор ушул суроолорго жооп табалы жана анын себебине каршы чараларды колдонолу. Мүмкүн, бул чоң ачылышка себеп болуп калар.  

Албетте, адам бар жерде кемчиликтер болот. Бардык жер идеалдуу эмес. Биз Жапон эл аралык университети жайгашкан жерде жашап атабыз. Чет элдик жарандар көп, чоң шаарларда эл, туристтер көп, андыктан маданият ар түрдүү, түшүнүктөр ар түрдүү, толук кандуу тазалыкты камсыз кылуу кыйын.

Бирок, биздин шаардык кеңештин депутаттарынын “Тазалык” ишканасына каражатты көбүрөөк бөлүшүбүз керек деген демилгеси көйгөйдү чечпөөсүнө көзүм жетти. Маселе башка жерде. Көйгөй - менде жана сизде. Макул эмессизби? Хоп. Анда башка жолун сунуш кылыңыз... 

Мураталы ҮЧКЕМПИРОВ,

Жапон мамлекети, Минамиуонума шаары, 2017-жыл.

 

Досье

Үчкемпиров Мураталы Осмоналиевич 1980-жылы Ала-Бука районунда туулган. 1997-жылы Балтагулов атындагы орто мектепти аяктап, ЖАМУнун Жаңы информациялык технологиялар факультетин 2002-жылы аяктаган. 2004-жылдан бери жаштар саясаты тармагында коомдук уюмдарда, мамлекеттик жаштар саясатын тескөөчү мекемелерде иштеп келген. Кийинки кездерден тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде Жаштар иштери жаатында кызматташуу жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келет. Азыркы учурда Кыргыз-Жапон өкмөттөрүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу программасы боюнча “Жапон эл аралык университетинде” “Master of Business Administration” - бизнести башкаруу программасы боюнча магистратурада (2016-2018-ж.ж.) окуп жатат. Окуу жана изилдөө процесстери 2018-жылдын июнь айында аяктайт. Жапон компанияларынын бизнес модели жана анын Кыргыз Республикасында трансферлөө (колдонуу) боюнча изилдөө жүргүзүп жатат. Жапон маданияты, бизнеси, элдин жашоо турмушун мекендештер менен маалымат иретинде социалдык түйүндөр жана электрондук медиа аркылуу бөлүшүп турат. Үй-бүлөлүү, 3 уулдун атасы. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29