KELECHEK
rek

Ала-Букада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында облустук VIII спартакиадасы өтөт

Ала-Букада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында облустук VIII спартакиадасы өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрдан 15-сентябрга чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда “Биз адам сатууга каршыбыз” деген ураандын алдында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында облусттук VIII спартакиадасы өтөт. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Азыркы учурда облустун район-шаарларында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында спорттун 6 түрү боюнча мыктыларды тандап алуу мелдештери өткөрүлүп жатат. Спартакиаданын катышуучулары спорттун коляскада жарышуу, шахмат, шашки, гир көтөрүү, кол күрөш жана жатып алып штанга көтөрүү түрлөрү боюнча аялдар менен эркектер арасында таймаш өткөрүшөт. Жалпысынан спартакиадада медалдардын 39 комплектиси ойнолот. Жеңүүчүлөргө медалдар жана дипломдор тапшырылат.

-  Кыргызстан боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында облусттук спартакиада 2010-жылдан тартып бир гана Жалал-Абад облусунда өткөрүлүп келе жатат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында быйылкы жылы өткөрүлүп жаткан облустук VIII спартакиаданы өткөрүүгө ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев өздүк резервдик фондунан 100 миң сом  каражат бөлүп берди. Ал эми Эл аралык коргоого  көмөктөшүү борбору  “Биз адам сатууга каршыбыз” долбоорунун алкагында сапртакиаданын уюштуруу иштерин өткөрүүгө 105 мин сом колдоо көрсөттү. Спартакиаданы өткөрүүнүн башкы максаты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоо, жашоо шарттарын жакшыртуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өз ара карым-катнаштары менен достуктарын чыңдоо жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири даңазалоо болуп саналат,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Абдуллабек Камбаров.

Ала-Бука районунда өтүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын облустук VIII спартакиадасына район-шаарлардан  150гө жакын адам катышат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын облустук VII спартакиадасы буга чейин Сузак районунда өткөрүлгөн

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу.    

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20