KELECHEK
rek

Ноокен районундагы Шамалды-Сай чек ара заставасынын курулушуна капсула салынды (ФОТО)

Ноокен районундагы Шамалды-Сай чек ара заставасынын курулушуна капсула салынды (ФОТО)

 Үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айыл аймагындагы Шамалды-Сай чек ара заставасынын курулушуна капсула салуу иш-чарасы болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында КРнын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров, КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Россия Федерациясынын “345 механикалык завод” ААКсынын генералдык директорунун орун басары Юрий Шаврин жана Достук айылынын аксакалдары катышты.

--   Быйылкы жылы Кыргызстанда 4 чек ара заставалары курулуп жатат. Ала-Бука районунда чек арачыларга көп кабаттуу батирдин курулушу жүрүүдө. Мамлекет башчысы тарабынан мамлекеттик чек ара кызматында өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарып жаткандардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана аларга социалдык колдоолорду көргөзүү боюнча бир катар даректүү иштер аткарылып жатат. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара тилкелеринин 85 пайызы такталды,- деди Темир Жумакадыров.

--  Акыркы жылдары 500дөн ашуун чек ара кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү батирлүү болушту. Азыркы мезгилде Лейлек, Ала-Бука, Талас, Нарын жана Чүй чек ара заставаларынын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу турак-жайлар курулуп жатат. Мамлекеттик чек ара заставаларынын материалдык-техникалык базаларын чыңдоо жана чек ара кызматында иштеп жаткандардын турмуш-шарттарын жакшыртуу жагдайлары мындан ары дагы күчөтүлөт. Бүгүнкү иш-чара мунун айкын көрүнүшү,- деди полковник Уларбек Шаршеев.

Шамалды-Сай чек ара заставасынын курулушунун заказчиги РФнын ФГКУ Россия чек ара курулуш ишканасы болуп саналат.

Шамалды-Сай чек ара заставасынын курулушунун капсула салуу иш чарасынын катышуучуларына Россия Федерациясынын Москва областынын Балашиха шаарындагы “345 механикалык завод” ААКсынын генералдык директорунун орун басары  Юрий Шаврин курулуш ишинин долбоору туурасында кеңири маалымат берди. Чек ара заставасынын курулуш иштерин Кыргызстан менен Россиянын куруучулары биргеликте алып барышат. Чек ара заставасынын долбооруна ылайык эки кабаттуу 2 жана 1 бөлмөлүү батирлер кошо курулат. Чек ара заставасынын курулушуна кетүүчү бардык курулуш материалдары Россия тарабынан камсыздалат. Юрий Шаврин Шамалды-Сай чек ара заставасынын курулушу үч жарым ай аралыгында толук бүткөрүлүп, жыл аягына чейин ишке тапшырылаарын  белгилеп кетти.

КРнын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров баштаган жетекчилер жана Достук айылынын аксакалдары Шамалды-Сай заставасынын курулушунун пайдубалына капсула салышып, курулуш ишин баштап беришти.

Шамалды-Сай чек ара заставасынын курулушун Ош шаарындагы Азат Хабибулин жетектеген “Дельта-Лот” ЖЧКсынын куруучулары жүргүзүп жатышат.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41