KELECHEK
rek

Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги балдар үйлөрүнө моралдык колдоо көрсөтүштү

Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги балдар үйлөрүнө моралдык колдоо көрсөтүштү

Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги жана өздүк курамы 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата жер-жерлерде жайгашкан балдар үйлөрүнө, мүмкүнчүлүгү чектелген жаш өспүрүмдөргө материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүүдө.

Алсак, Жалал-Абад шаарындагы “Ак-Жол”, “Бакыт” балдар үйлөрүнө, Ноокен районунун Шайдан айылындагы Ж.Ниязов атындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жатак интернатына, Сузактагы "Аль-Амаль" мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын интернатына барышып, белектерди тапшыруу менен бирге акчалай  жардам берилди.

Ошондой эле, Жалал-Абад ОИИБ тарабынан даярдалган социалдык видео роликтерге башкы каармандын ролун аткарган “Ак-Жол” реабилитациялык балдар үйүнүн тарбияланып жаткан кыздар башкармалыктын ардак грамотасы менен сыйланышты. Аталган балдар үйүнө башкармалыктын кызматкерлери менен кошо Эл аралык кайрымдуулук уюмдары жана казыят өкүлдөрү, жаштар коому да барып материалдык колдоо көрсөтүштү.

“Эске салсак, Жалал-Абад ОИИБ жыл сайын мүмкүнчүлүгү чектелген, турмуш шарты оор жана балдар үйүнүн тарбиялануучуларын Кыргызстандын кооз, тарыхый жерлерин көрсөтүп келет жана 200дөн ашуун жаш өспүрүмдөрдү Арстанбаптагы балдардын эс алуу лагерине акысыз эс алдырган”, - деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнын басма соз кызматы.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13