KELECHEK
rek

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан Калматов шайланды

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан Калматов шайланды

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп, анда мурдагы төрага Сагын Эшме 2012-жылдан бери аткарган иштер боюнча отчетун берип, төрагалыктан өз эрки  менен кетти.

Жыйынга катышкан журналисттер Сагын Эшменин отчетун уккандан кийин, анын ишин канааттандырарлык деп баалашты. Андан кийин, КР Журналисттер союзунун төрагасынын орун басары Курманбек Раматов республикалык журналисттер союзунун аткарып жаткан иштерине токтолуп, акыркы мезгилдерде союздун иши бир аз солгундар кеткендигин баса белгилеп кетти.

Облустук журналисттер союзунун төрагалыгына 6 талапкер сунушталып,  алардын төртөө шайлоого катышуудан баш тартыышты. Шайлоону өткөрүү боюнча комиссия түзүлүп, жашыруун добуш берүү бюллетенине эки талапкердин: Куттумидин Базаркулов менен Руслан Калматов киргизилди.

Добуш берүүгө 43 журналист катышып, анын 27си “Азаттык” радиосунун облустагы кабарчысы Р.Калматовго, 16сы ЖТРдин башкы директору К.Базаркуловго добуш беришти. Жыйынтыгында облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан Калматов шайланды.

Ошондой эле, жыйында төраганын эки орун басары жана жооптуу катчысы, андан тышкары аткаруу комитетинин 11 мүчөсү да шайланды.

Ал эми журналисттердин республикалык курултайына облустан 25 делегат катыша турган болду.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18