KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: ШААР МЕКТЕПТЕРИНЕ 2 МИҢДЕН АШУУН ОКУУЧУЛАР КЕЛИШТИ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: ШААР МЕКТЕПТЕРИНЕ  2 МИҢДЕН АШУУН ОКУУЧУЛАР КЕЛИШТИ (ФОТО)

Быйылкы Жалал-Абад шаарындагы жалпы билим берүүчү 20 мектептин босогосун 2 миңден ашуун окуучулар атташты. Аларды жаңы окуу жылынын алгачкы күнүндө шаар жетекчилери куттукташып, окуудагы ийгиликтерди каалашты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Жалал-Абад шаарындагы билим сапаты жагынан эң мыкты делген №1 Михаил Бабкин атындагы мектеп-гимназиясына быйылкы жылы 140 окуучу биринчи класска келишти. Ал эми шаар боюнча биринчи класска 1865 окуучу келген. Окуучулардын мыкты билим алышы үчүн мектептер сапаттуу ремонттолуп, жакшы шарттар жаратылган.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Айнура Маданованын билдиришинче, өткөн окуу жылынын жыйынтыгы боюнча шаардагы окуучулардын үчөөсү өлкө Президентинин колунан алтын сертификаттарды алышса, алардын экөөсү ушул №1 мектеп-гимназиясынын окуучулары болгон.

Эске сала кетсек, шаар бюджети бекитилбей калганына карабастан быйылкы жаңы окуу жылына карата мектептерди даярдоо шаарда жакшы жүргөн жана №6 орто мектептин жаңы имаратынын курулушу улантылып, ал октябрь айында ишке берилиши күтүлүүдө. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30