KELECHEK
rek

Сузак районунун Эркин айылындагы жаңы мектепте коңгуроо үнү жаңырды

Сузак районунун Эркин айылындагы жаңы мектепте коңгуроо үнү жаңырды

1-сентябрь – Билим күнүндө Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы Эркин айылында №38 Дыйкан Жунусов атындагы жалпы билим берүүчү заманбап курулган орто мектепте коңгуроо үнү жаңырып, мектеп пайдаланууга берилди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Билим күнүнө карата мектептин салтанаттуу ачылыш аземине Эркин айылынын тургундары, мектептин мугалимдери жана окуучулары катышты. Жаңы мектептин ачылыш аземине арналган 1-сентябрь – Билим күнүндө саат 10до Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырды.

Жаңы мектептин ачылыш аземине катышкан КР вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Билим күнү жана жаңы мектептин ачылыш аземи менен жергиликтүү тургундарды, мектептин мугалимдери менен окуучуларын куттукташты.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Айтмамат Назаров Эркин айылынын жашоочуларын, мугалимдер менен окуучуларды Билим күнү менен куттуктап, өзүнүн атынан мектепке бир комплект компьютерди белек катары тартуулады. Эркин айылынын жашоочуларынын атынан сөз сүйлөгөн кадырман аксакал Хабибулла Дыйканов мектептин ачылыш аземине келишкен жетекчилерге элдин атынан ыраазычылыгын билдирип, Эркин айылынын жашоочуларын жана мугалимдер менен окуучуларды  жаңы мектептин пайдаланууга берилиши менен кызуу куттуктады.

Ал эми КР вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев баштаган жетекчилер согуштун кадырман ардагери болгон Дыйкан Жунусовдун бюст-эстелигин ачышкан соң, мектептин кызыл тасмасын кесип беришти. Мектептин ачылыш аземине келишкен конокторду мектеп директору Барчынай Шералиева класстык бөлмөлөр жана спорт зал менен бир сыйра тааныштырып чыкты.

№38 Дыйкан Жунусов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин курулушун Абдыбакы Имаров жетектеген “Алым-Ата” ЖЧКнун куруучулары сапаттуу бүткөрүштү. Мектептин курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен 53 млн. сом каражат сарпталды. Аталган мектепте учурда 43 мугалим жана 587 окуучулар билим алып жатышат.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30