KELECHEK
rek

Атамбаев ЕАЭБ жыйынында биримдиктеги көйгөйлөрдү көтөрдү

Атамбаев ЕАЭБ жыйынында биримдиктеги көйгөйлөрдү көтөрдү

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин бир катар маселелер оң тарапка чечилди. Бирок атайлап түзүлгөн тоскоолдуктар дагы бар. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Астанада өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынында айтты.

Өлкө башчы кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүнүн алынышы, Орусияда жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө мигранттардын абалынын жакшырышы сыяктуу интеграциянын оң жактары болгонун, бирок бирдиктүү темир жол тарифи, кыргыз картөшкөсүнүн Казакстанга киришин чектөө, кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөлдү алуу, Орусия аймагы аркылуу товарларды ташуу жана башка көйгөйлөр бар экенин белгиледи.

Ошондой эле? бул маселелерди түшүнүп жана кыска мөөнөттө чечүү убадасы үчүн Казакстан менен Орусиянын жетекчилерине ыраазылык билдирди.

31-майда Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын президенттери Астанада Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки интеграциялык маселелерди талкуулады.

Евразия экономикалык биримдиги 2014-жылы 29-майда Астанада Казакстан, Орусия жана Беларус тарабынан түзүлгөн. Андан кийин ага Кыргызстан жана Армения кошулган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12