KELECHEK
rek

Жалал-Абадда облустук мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү (ФОТО БАЯН)

Жалал-Абадда облустук мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү (ФОТО БАЯН)

Бүгүн, 25-август күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында облустун район-шаарларынын келген мугалимдердин катышуусунда август конференциясы болуп, анда бир топ алдыңкы мектептер менен мугалимдерге сыйлыктар берилди.

Август кеңешмесинде КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков сөз сүйлөп, мугалимдерди жаңы 2017-2018-окуу жылынын башталышы менен куттуктап кетти.

- Билим берүү – жеке инсандын жана бүтүндөй биздин коомубуздун өнүгүүсүнүн негизи. Башка кесиптин ээлерине караганда демократиялуу таза коомду курууда, тынчтыкты жана кадыр-баркы өтө маанилүү. Мугалимдер таалим-тарбия берген окуучуларынын жөндөмүн ар тараптан өнүктүрүп, алардын коомдун өнүгүүсүнө татыктуу көз карашын жаратып, кенен ой-жүгүртүүгө үйрөтүп, адеп-ахлахтык мыкты сапаттарын калыптандырат. Мамлекеттин эртенки татыктуу куруучусун тарбиялайт. Ошондуктан мектеп – ар бир абалага терең билим алууга гана шык бербестен, анын инсан катары өнүгүүсүнө айкын багыт берет.

Эгемендүүлүгүбүздүн 26 жылында облусубузда келечек ээлерин окутуп-тарбиялоодо, заманбап жаңы технологияларды ишке киргизүүдө, жаш муундардын билим менен илимге болгон талаптарын канааттандыруу жаатында облусубузда бир катар салмактуу иш-аракеттер аткарылып жатат. Облуста 17 бүтүрүүчү “Артыкчылык аттестат” алууга татыктуу болушту. Ал эми облустун аймагындагы бардык район-шаарларда бүтүрүүчү класттар үчүн Жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлүп, (ОРТ) ага облусубуз боюнча 7200дөн ашуун окуучулар катышты, - деди Ы.Ызабеков.

Ошондой эле ал өз сөзүндө, облус аймагындагы жалпы билим берүүчү 468 мектептин бардыгында утурумдук ремонтуна республикалык бюджеттен 19 млн 201,2 миң сом жана жергиликтүү бюджеттен  79 млн. 324,8 миң сом акча каражаты бөлүнүп, ремонт иштери сапаттуу жүргүзүлүп, мектептердин материалдык-техникалык базалары чыңдалды. Жалпы билим берүүчү мектептерге Эл аралык донор уюмдар аркылуу облус боюнча 323 млн. 61,9 миң сомдук инвестиция тартылган.

Ошондой эле, облуста жалпы билим берүү мекемелеринде 15 892 педагогикалык кызматкерлер эмгектенип, 2016-2017-окуу жылында жалпы билим берүүчү мектептерге 584 жаш педагогикалык кадрлар жумушка кабыл алынган. Билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, жаштардыын жалпы орто билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзүү максатында 2017-жылдын 1-сентябрына карата облустун аймагында 5 мектеп пайдаланууга берилет.

Облус боюнча жалпы билим берүүчү мектептер компьютер менен 75 пайызга камсыз болгон. Ал эми окуу китептери менен камсыз болуу 2016-2017-окуу жылынын жыйынтыгы менен 74 пайызды түзгөн.

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан алдыңкы билим берүү мекемелрине, мектептерге жана мугалимдер менен окуучуларга ыраазычык каттар, акчалай сыйлыктар тапшырылды. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30