KELECHEK
rek

“Добуш сатып алуу – бул кылмыш!”, - дейт “Жаштар келечеги” КБнин мүчөлөрү (ФОТО)

“Добуш сатып алуу – бул кылмыш!”, - дейт “Жаштар келечеги”  КБнин мүчөлөрү (ФОТО)

Бүгүн, 24-август күнү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жаштарынын демилгеси менен “Жаштар келечеги” деген коомдук бирикме түзүлдү. Бул тууралуу аталган коомдун уюштуруучулары Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Маалымат жыйынга катышкан Ош шаарынын тургуну, жаңы түзүлгөн коомдун уюштуруучуларынын бири Нургазы Сарыбаевдин сөзүнө караганда, жаштардын бир коомго биригүүсүнүн негизги максаты – алдыда боло турган шайлоодо элибиз өзүнүн добуштарын сатпаса, күнүмдүк акча үчүн  өзүнүн келечегине кайдыгер карабаса.

- Бүгүн биз түштүк регионунун жаштары жаңы көз караш, жаңы идеялар менен биригип, 7 жылдан бери аракет кылып жүргөн максатыбызды бүгүн ишке ашырып, “Жаштар келечеги” деген коомдук бирикме түздүк.  Ошол жерде коомчулукка кайрылып кете турган сөз болду. Биз бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандарына, бардык эле шайлоочуларга айтып кетет элек, бүгүнкү күндө шайлоодо ким утуп чыгуусу өтө маанилүү нерсе эмес. Бүгүнкү күндөгү эң маанилүү нерсе бул – шаайлоо маалындагы жана шайлоодон кийинки кыргыз мамлекетиндеги стабилдүүлүк. Бул эң негизги маселе болуп эсептелет. Анткени, өтө көп кооптонуулар болуп жатат. Айрым саясатчылар “эгер шайлоо туура эмес болуп калса, биз акырына чейин барабыз” – деп эскертүүлөрдү берип жатышат. Шайлоодон кийинки ар кандай толкундоолор бүгүнкү күндөгү дүйнө жүзүндөгү Сирия, Ливия мамлекеттеринде ачык көрүнүп турат. Ошол өздөрүнүн мамлекетинде жакшы иш жасайбыз деп жатып, кандайдыр чыр-чатакка кирип алышып, бүгүнкү күндө мамлекети кыйрап жатат.

Биз коомчулуктан, ошол саясатчылардан өтүнүп суранып кетет элек, биздин мамлекетти ошондой деңгээлдеги тобокелге алып барбагыла! Мамлекетте эң негизгиси – бүгүнкү күндөгү стабилдүүлүктү сактап, ошол эле мезгилде шайлоону да таза өткөрүшүбүз керек.  Шайлоодо добуш сатуу деген өтө уят нерсе. Ошол добуш сатууга көмөктөр болгон саясий күчтөрдөн элибиз алысыраак болушса. Добуш сатып алуу процесси бул – кылмыш болот. Жарандарды кылмыш жасоого түрткөн саясий күчтөр эч качан мамлекетке жакшылык кылат деп айтуу абдан кыйын болот. Ошондуктан, жаңы түзүлгөн “Жаштар келечеги” коомдук бирикмесинин атынан жалпы эле жарандарыбызга добушуңуздарды сатпаңыздар деп кайрылып кетет элем. Ал эми саясий партиялар добуш сатып алууга аракеттенбеңиздер. Ошол себептен, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн таза, адал жол менен шайлоого баралы, - деди Жалал-Абад шаарынын тургуну Келдибек Жээнбеков.

Мындан сырткары Келдибек Жээнбековдун айтымында, коомдук бирикмени уюштуруу жыйынында эки чоң маселе каралды. Биринчиси элдик демилгени колго алуу. Шайлоодо 2-3 миң сомго добушубузду сатуу бул – келечегибизди сатууга барабар болуп калат. Элдин 10 миңи колдосо, жаңы мыйзамдарды сунуштоого болот экен. Ошол себептен, жаңы түзүлгөн коомдук бирикме элдин демилгеси менен коомго пайда алып келе турган мыйзамдарды сунуштоону колго алышат. Экинчиси болсо, шайлоодо элибиз өз добуштарын сатпашы үчүн коомчулукту аралап түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Эльмира Канымкулованын сөзүнө караганда, бүгүнкү күндө биздин мамлекетте мыйзамдуулук орнобой, добуштар сатылып жатат.

- Канча жылдан бери саясий партиялар менен чогуу жүрөбүз, шайлоолордо добуштар сатылып, акыйкатсыздык менен өтүп жатканына күбө болуп келүүдөбүз. Президент деген – Кыргызстандын журт атасы болгондуктан, ыймандуу, жакшы адамды шайлап алышыбыз керек. Ошондуктан, биз бардыгыңыздарды өз добушуңуздарды сатпастан, балдарыңыздардын өз келечегиңиздерди ойлоп, аз акчага алданбастан, татыктуу инсанды шайлап алууга чакырат элем, - деди Э.Канымкулова.

Ошондой эле, Кара-Кулжа районунан келген Тыныбек Кадырбек уулунун айтымында, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айыл аймактарынан келген жаштардын катышуусунда жыйын болуп, жаштардын башын бириктирүү үчүн коомдук бирикме түзүштү.

- Биздин коомдук бирикмени түзүүнүн дагы бир максаты - улуттар аралык ынтымакты бекемдөө болуп саналат. Кыргызстандын айыл аймактарындагы жаштардын башын бириктирип, бардыгыбыз ынтымакта болсок, анда биз жеңишке гана жете алабыз. Алдыда боло турган президенттик шайлоо – Кыргызстандын келечегин аныктайт. Ошого биз өлкөнү жакшы жолго баштай турган татыктуу адамды шайлап, акчага, ушакка алданбай,  өзүбүздүн келечебизди тандап алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Комдук бирикме аркылуу Конституциядагы укубузду пайдаланып, Кодекстерге өзгөртүү киргизүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болот, - дейт Т.Кадырбек уулу.

“Биз 2010-жылдан бери таза уюм түзүү аракетинде бир топ иштерди аткардык. Бул аралыкта бизге көптөгөн жаштар келип кошулду. Айрымдары кызмат үчүн биз менен иштешүүдөн баш тартышты. Уюмду түзүү өтө кыйын болду. Ар кайсы жаңы чыккан партияларга уюмдарга биригип кете берип, бүгүн мына насип кылган экен ар кайсы региондон келген тандалган жаштар шайлоонун алдында ушул коомдук бирикмени түзөлү дедик. Себеби, көпчүлүк активдүү жаштар шайлоо учурунда бош жүрбөйт. Алар кайсы бир саясий күчтүн кол алдында кызмат кылып жүргөн болот. Биз ушул мезгилден пайдаланып, жеке принциби бар балдар коомдук бирикме түзүүнү колго алдык. Биз куру кыйкырык менен эмес, жер-жерлерде болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүнү колго алып, бийлик өкүлдөрүнө жакындан жардам берүүнү көздөйбүз. Револяциялык жол менен эмес, эволюциялык жол менен жакшы мыйзамдарды демилгелеп, элибизге жардам берели деп максат кылып жатабыз”, - дейт Келдибек Жээнбеков.

Маалымат жыйындын катышуучулары журналисттердин берген суроолоруна жооп беришип, алардын түзгөн “Жаштар келечеги” коомдук бирикмеси башка уюмдардан айырмаланып, үстү жактан түзүлбөстөн, төмөнкү жактын демилгеси менен уюшулуп жатканында болуп жатат. Бул КБнин мүчөлөрү мындан ары да катарын калыңдатып, жаштардын жана шаар менен айылдардын өнүгүшүнө өздөрүнүн салымдарын кошуп, келечекте Кыргызстандын келечегин жакшы жолго баштаган инсандарды алып чыгууга да көмөк көрсөтүү максаттары бар экен.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, “KOGART.KG"

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24