KELECHEK
rek

Терек-Сайда өрт кырсыгынан үйсүз калган 8 түтүнгө кышка чейин үй курулуп берилет (ФОТО)

Терек-Сайда өрт  кырсыгынан үйсүз калган 8 түтүнгө кышка чейин үй курулуп берилет (ФОТО)

Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында өрт  кырсыгынан улам турак жайсыз калышкан  барак тибиндеги  жатаканада жашап келген  8 үй-бүлөгө кышка чейин үй салынып берилет. Мындай маалымат кечээ +кмөттүн областтыг ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, район акими Канжар Эшалиев баштаган бийлик өкүлдөрү үйсүз калган жашоочулардан кабар алган тапта белгилүү болду.

Үйсүз калган жарандардан кабар  алган ыйгарымдуу өкүл жергиликтүү бийлик менен бирдикте колдон келген жардамды берип жатышканын, азык-түлүктөр менен камсыз болушканын билдирди.

-Биз, жергиликтүү бийлик болгон күчүбүздү жумшап, сиздерге жардам берип жатабыз. ӨКМ тарабынан чатыр тигилди, бүгүн электр жарыгы да берилет. Күнүмдүк азык-түлүктөрдү, жууркан төшөктөрдү бердик.  Эми жер тилкеси караштырылып жатат. Мекеме-ишканалар бир күндүк эмгек акысын которушту, бул да болсо сиздерге колдоо болуп жатат. Кышка чейин сиздерди үйгө киргизип калууга болгон күч аракет жумшалат. Мындай бөөдө кырсыктар эч кимдин башына түшкүлүк кылбасын,-деди ыйгарымдуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Район акими Канжар Эшалиевдин маалымдоосунда,  8 үй-бүлөнүн ар бирине турак жай куру аракети көрүлүп жатат, жер маселеси чечилсе эле үй куруу кадам башталат. Үстүндөгү кийиминен башка эч нерсеси калбаган жашоочулар үчүн райондогу «Эти-Бакр» фирмасы үйдүн пайдабулан тургузуп берет. Башкача айтканда, 20 тонна цемент бермей болууда. «Эвентус» фирмасы чатырын жаап берүү милдетин алууда. Ал эми дубалын тургузууга мекеме-ишканалардан түшкөн бир күндүк эмгек акыдан которулган каражат жумшалат жана «Терек-Сай жаштары» ЖЧКсы  жардам бермей болууда.

-Бул үй-бүлөлөр үчүн үйү күйүп кеткен жарандардын бирине эсеп ачылды, жергиликтүү бийлик аралашканы жок. Ал аражатка 8 адамдан турган комиссия түзүлдү, ошол жарандар көзөмөлдөп турушат. Комиссия курамына Терек-Сай айыл өкмөт башчысы гана кошулду-деп билдирди район акими.

Малым болгондой, ӨКМ менен ыйгарымдуу өкүлчүлүктүн биргеликте иш алып барылуусу менен кечээ жууркан-төшөктөр ар кандай зарыл болгон буюмдар, кийим-кечелер жеткирилип берилди.  Жашоочулар өз ара ынтымакташуу менен кийим-кечелерди бөлүп алышты. Мындагы жашоочулардын саламаттыгы да текшерилип, кан басымы көтөрүлгөндөргө медициналык жардамдар көрсөтүлгөн.  

Кошумчалай кетсек, үйсүз калган атуулдардын дээрлик бардыгы документтерин алып чыгууга үлгүрүшкөн. Бирок дагы 4 паспорт, 2 аскердик билет, 5 туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр күйүп кеткен. Мындан улам, жашоочулар бийлик өкүлдөрүнөн документтерин алууга жардам берүүнү, кышка чейин үйлөргө кирип калууну суранышты.

Эске салсак, 17-августтан 18-августка караган түнү саат 01:25 чамасында Терек-Сай айылынын Эшалы Болуш атындагы көчөдө жайгашкан барак тибиндеги жатаканадан өрт чыгып, 8 үй жана «Ваз-3110» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. 20 бөлмөлүү жатакананын жалпы аянты 675 чарчы метрди түзөт. Анда жашаган 29 адам сыртка чыгууга үлгүрүшкөн, жабыркагандар болгон эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41