KELECHEK
rek

Экономика жана ишкердик университетинде “Түрк дүйнөсүн изилдөөлөр” аттуу эл аралык конференция өткөрүлдү

Экономика жана ишкердик университетинде “Түрк дүйнөсүн изилдөөлөр” аттуу эл аралык конференция өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарындагы “Экономика жана ишкердик” университетинде эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты аталган окуу жайдын ректору, Экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков билдирди.

Анын айтымында, аталган конференция биздин окуу жай менен Түркия Республикасынын Кастамону университети тарабынан уюштурулду. Андан сырткары, илимий-практикалык конференцияга кошумча көмөк көрсөткөндөр да болду. Алар: Түркия республикасынын Түрк дүйнөсүн изилдөө фонду, Кыргыз-Түрк Манас университети, Түрк кызматташуу жана өнүктүрүү агенствосу жана башкалар.

Аталган конференцияга КРнын өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, Туркия республикасынын Бишкектеги толук ыйгарым укуктуу элчиси баштаган делегация, Жогорку окуу жайлардын ректорлору Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынан келишти.

Андан сырткары, илимий макалалары менен 54 жергиликтүү, 63 чет өлкөдөн илимпоздор, илимий багытта изденген адистер катышты. Жогорку жана орто кесиптик билим берүү жаатында иновациялык технологиялардын автоматташтырылган программаларын колдонулушу жарманкесинин өкүлдөрү келишти. Жалпысынан 5 уюштуруучу мекеме, жогорку окуу жайлар менен 12 уюм -мекемеден 115 адам катышты

“Конференция жогорку деңгээлде уюштурулуп, айтылган багыттар боюнча көптөгөн илимий ойлор айтылып, сунуштар киргизилди. Бул конференция илимий иш-чаралардан сырткары, Кыргыз Республикасында, анын ичинде Жалал-Абад шаарында туризмди өнүктүрүүгө салым кошту десек туура болот”, -дейт А. Мамасыдыков.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30

Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө

Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө

Каракалпакстандын Нукус районунда  нак акчанын жоктугунан улам мугалимдерге маянанын ордуна жөжө...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  10:32