Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм курагында турмушка чыгуусуна каршы
Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан маалымат жыйын уюштурулуп, анда жарандык активисттер үстүбүздөгү жылдын 26-майында ЖК депутаттары тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳгү» (КР Yй-бүлѳ жана Кылмыш-жаза кодекстерине) мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттарынын артка кайтаруусуна каршы пикирин билдиришти.
“Аймира” Коомдук фондунун директору Анаркүл Машаеванын сөзүнө караганда, депутаттардын мыйзам долбоору - ѳспүрүм жаш курагында турмуш курууга мажбур болгон кыздардын саны жыл санап ѳсүп жаткандыгына тынчсызданган чакырыкка жооп болуп эсептелет. Ал ѳлкѳдѳ никеге туруу юридикалык каттоого алынбастан, диний жактан гана нике кыюу менен чектелген жолго басым жасоо багытына ѳтүп бара жаткандыгын эске алат, Кылмыш-жаза мыйзамынын ченемдерин кайталабастан, андагы боштуктарды толуктайт.
“Бул долбоордун өтпөй калгандыгы өтө өкүнүчтүү. Илгери биздин учурда жаш курактан эле турмушка чыкчу. Бирок, ал мезгилде жеген тамагыбызга химикаттар кошулчу эмес. Азыркы учурда жаштардын жеп жаткан тамактары баары химикаттар болуп, жаш өспүрүм курактагы кыздарды жетилүүсү кечеңдеп, алар арасында аз кандуулук көбөйүп жатат. Жарандык коомдун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты, айылдык аялдар комитетинин төрайымы катары биз көбүнчө айыл жериндеги жаш өспүрүм курактан нике кургандардын көйгөйлөрү боюнча долбоорлор менен иштегенбиз. Ушул долбоор менен иштеген мезгилде жаш курактан кыздардын турмушка чыгып жатканы өзүнүн залакасын тийгизип жаткандыгын байкадым. Бир айыл өкмөттө 8-класстан 11-класска чейин 35 жаш өспүрүм кыздын турмушка чыккан фактысы катталса, анын жарымы ажырашуу менен аяктаган. Эми бул кыздардын мындан аркы тагдыры эмне болоору биздин баарыбызды ойлондурушу керек. Бул коомдун өтө көйгөй маселеси болуп калды”, - дейт А.Машаева.
Ал эми “Ариет” аялдарды колдоо борборунун өкүлү Гульмайрам Аттокурованын айтымында, бүгүнкү күндө борборго кайрылган өспүрүм куракта турмушка чыккан кыздардын укугун коргой алышпайт.
- Бүгүнкү күндө турмушка чыгып, жаткан жаш өспүрүм курактагы кыздардын укугу бузулса, участковый барып, ал үй-бүлөдөн кабар алып, анан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен тим болот. Бизде мыйзамдуу түрдө жаш өспүрүм куракта турмуш курган кыздардын укугун коргой турган мыйзамдардын элементардык механизмдери жок. Бул кабыл алынбай калган мыйзам боюнча жоопко тартуу жагынан коркуп жатышкан чыгар. Өспүрүм курактан турмушка куруу ошол кыздардын өздөрүнүн каалоосу менен болуп жатат дешет. Биз андай үйлөргө участковый менен чогуу барганбыз. Өз каалоосу менен турмушка чыкты, эч ким мажбурлаган жок, өздөрү сүйлөшүп, өздөрүнүн макулдугу менен болду деп, көбүнчө күйөө тарабынын ата-энелер айтышат.
Эгерде, биз коомчулуктун көйгөйүн, көз жаздымда таштап, биз көтөрүп чыкпасак, анда ким көтөрүп чыгат? Коомчулуктун көйгөйүн изилдеп чыгып, аны чечүүнү колго албасак, анда ким ишке ашырат? Жогорку Кеңештин депутаттары бул көйгөйгө кайдигер карап жатат десек болот. Бизге Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун айылдарынан көп келишет. Үчтөн-төрттөн баласы менен ата-энелеринин үйүндө олтурган келиндердин көгөйүн ким көтөрүп чыгат? Алар жаш өспүрүм куракта турмушка чыккан үчүн ЗАГС ала алышпайт. Боюнда бар мезгилде ата-энесинин үйүндө отурган мезгилде аларды ким багыш керек. Күйөөсү алимент төлөбөйт. Диний көз караштан улам, кыздарынын көйгөйлөрүн алып чыгуудан коркушат. Бизде толук эмес үй-бүлөлөр абдан көп. Экинчи бир себеби, бул өспүрүм куракта жаш кыздардын турмушка чыгуусунан улам болуп жатат деп ойлоор элем. Ар бир адам коңшусунун көйгөйүн, менин көйгөйүм деп билген болсо, бүткүл коомчулук бул көйгөйдү көтөрүп чыгышыбыз керек. Биз жарандык коомдун мүчөлөрү талап кылат элек Жогорку Кеңеште ушул мыйзамдын долбоорун кайра добуш берүүгө алып чыгуусун. Себеби, бул бир гана райондун көйгөйү эмес, бүтүндөй Кыргызстандын көйгөйү, - дейт Г.Аттокурова.
Ошондой эле, Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттык сактоо борборунун акушер-гинекологу Гүлзат Нурумбетованын сөзүнө караганда, мектептерде жыныстык тарбия берүүнү айтпаш керек деп каршы чыкканыбыз менен, ошол эле учурда өзүбүздүн пикирге карама-каршы болуп жатабыз. Себеби, эч кандай жыныстык тарбиясы жок жаш өспүрүм кыздар эрте турмушка чыгып, ар кандай ооруларга дуушар болуп калышууда.
- Окуучулар арасында турмуш куруу жөнүндө маалыматтарды бербесек, эч кандай билими жок жаш өспүрүм кыздар тажрыйба албай туруп жыныстык катнашка барып, үй-бүлө куруп жатышат. Медициналык жактан алып караганда, эрте турмушка чыгууда негизинен 3 кабылдоону айтып коюшубуз керек. Биринчиден, өспүрүм курактагы эненин жаш организми толук жетиле элек болот. Балага кам көрүүдөн мурун өзүнө кам көрүүсү көп кабылдоолорду алып келиши мүмкүн. Экинчиден, ошол өспүрүм кыздын жыныстык органдарынын толук жетилбегендиги, үчүнчү себеби психикалык жактан да кош бойлуулукка, төрөткө даяр эместиги болуп саналат. Бизге келген аялдарды сурасак, 19 жашка чейин 3 баланы төрөп койгон болот. Эми ойлоп көрсөңөр, канча жаштан турмушка чыкканын. Өспүрүм курактан кандай кабылдоолор болушу мүмкүн? Эрте төрөт болуп калышы ыктымал, кичине салмакта, айына жетпей төрөшү мүмкүн, кислороду жетишпей балдар алсыз болуп, акыл-эси жагынан да артта калуулар болушу мүмкүн. Өзү физиологиялык жактан 21 жаш куракка толгондо аял кишинин организми толук жетилет деп айтылат. Ал деген кыз бала толук кандуу курсагындагы баланы бүт керек болгон азык заттар менен камсыз кылып, эч кандай коркунучу жок төрөй алат дегенди билдирет, - дейт Г.Нурумбетова.
Мындан сырткары, жарандык активисттер өздөрүнүн кайрылуусун кабыл алышкан. Анда: “Парламент ѳзүнүн бул чечими аркылуу ѳспүрүм кыздардын жаш-курагы никелешүү жашына жеткенден кийин гана никеге туруу укугун, никенин мамлекет тарабынан мыйзамдуу катталышын, ошондой эле Конституцияда, Yй-бүлѳ кодексинде жана да Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелеринде кѳрсѳтүлгѳн жашы жете элек ѳспүрүмдѳрдү мажбурлап никеге тургузуудан коргоону мыйзам деңгээлинде толук кандуу ишке ашырууну камсыз кылуу аракетин жокко чыгаргандыгына нааразычылыгыбызды билдиребиз.
Парламенттин депутаттары 15 жаш-курагына толук чыкпастан турмушка чыгууга мажбур болгон 6 миңден ашык кыздардын, 18 жаш-курагына толук чыкпастан турмушка чыгууга мажбур болгон 160 миңден ашык кыздардын кѳйгѳйлѳрүнѳ кайдыгер экендиктерин кѳрсѳтүштү. Бул жаш кыздардын баардыгы ата-энелеринин кийлигишүүлѳрүнүн негизинде күйѳѳгѳ берилген, же аларды ала качып кетишкен. Жашы жете элек ѳспүрүм кыз менен никеге туруу мындай никелердин гүлдѳшүнѳ кѳмүскѳ жол ачкан дин ѳкүлдѳрүнүн айынан «нике» макамына ээ болуп калды. Ал тургай, мындай тагдырга туш болгон ѳспүрүм кыздардын тагдыры үчүн эч ким – ата-энеси дагы, «күйѳѳсү» дагы, молдо дагы, депутат дагы жоопкерчиликти алгылары келишпейт.
Жашы жете элек ѳспүрүм кыздар менен никеге туруу балдардын укуктарын бузууга жатат жана кыздардын ѳнүгүүсүн ар кыл коркунучтардын коштоосуна алып келет. Бул мыйзам долбоору мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар, Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы жана диний жамааттар тарабынан кеңири талкуудан ѳткѳн, анын алкагында баардыгы кѳйгѳйдү бирдей түшүнүшкѳн, бир пикирге келишкен жана мыйзам долбоорун колдошкон.
Бирок бизге, депутаттар анын демилгечилерине бир дагы суроо беришпестен, түпкү маңызына кѳңүл бурбастан жана маанисин түшүнүүгѳ аракет дагы кылып койбостон, мыйзам долбоорун эмне үчүн артка кайтаргандыктары түшүнүксүз. Жашы жете элек ѳспүрүм кыз менен никеге турууну жѳнгѳ салуу демилгеси парламенттин күн тартибине экинчи жолу коюлуп жатат, ага карабай кѳңүл кош мамиле жасалды. Мына ушундай мамилеси менен депутаттар кыздардын келечекке болгон укуктарын коркунучта калтырып коюшту.
Жогорку Кеңеш ѳлкѳнүн гүлдѳп ѳнүгүшүн камсыз кылууга жана кыздардын укуктарын коргогон мыйзамдарды кабыл алууга милдеттүү. Алдыда 1-июнь – Балдарды коргоо күнү. Биз КР Жогорку Кеңешинин регламентине ылайык, мыйзам долбоорун тезинен кайрадан добуш берүүгө коюну чечкиндүү түрдө талап кылабыз!”, - деп айтылат жарандык коом өкүлдөрүнүн кайрылуусунда.
Анархан Жаңыбаева, "kogart.kg"
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт
Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...
АНАЛИТИКА 2016-05-18 13:03
Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...
Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...
АНАЛИТИКА 2016-06-05 04:30
Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...
Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...
АНАЛИТИКА 2016-06-10 16:39
Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?
Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...
АНАЛИТИКА 2016-07-05 17:58
Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...
Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...
АНАЛИТИКА 2016-07-30 16:45
Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...
Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...
АНАЛИТИКА 2016-08-21 13:24
Бекболот Миңбаев: “Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч эсеге көбөйдү ”
Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч жыл аралыгында 3 эсе көбөйүп, 2016-жылы 88,5 млн. сомду түздү. Бул тууралуу...
АНАЛИТИКА 2016-08-26 15:35