KELECHEK
rek

Өзбекстан телеканалында биринчи жолу Каримовдун саясаты сынга алынды

Өзбекстан телеканалында биринчи жолу Каримовдун саясаты сынга алынды

Өзбекстандын мамлекеттик телеканалынын 30-июлда чыккан берүүсүндө алгач ирет маркум президент Ислам Каримовдун саясаты сынга алынды. “Таҳлилнома” көрсөтүүсүндө “Каримов аймактагы лидерлик үчүн коңшу өлкөлөр менен атаандашып,  күчтүү экенин далилдегиси келген” деп айтылды.

Маалымат-аналитикалык берүүдө өлкөнүн экономикасынан тарта социалдык, диний жана айыл чарбадагы абалы талдоого алынды. Көрсөтүүнүн катышуучулары Ислам Каримовдун тушунда кетирилген кемчиликтерди сынга алышты.

Талдоочулар мурунку президент кетирген алешемдиктерди учурда Мирзиёев чечип жатканын айтышты. Берүүдө Ислам Каримовдун ысымы бир дагы жолу аталган жок, бирок анын саясатын дээрлик “ташбараңга” алышты.

Алып баруучу Мирзиёев бийликке келгенде эле коңшуларга үстөмдүк кылбай, ишенимге негизделген достук мамилени чыңдап, көптөн бери топтолуп калган маселелерди, өзгөчө чек ара жаңжалдарын жакшы сөз жана тынымсыз иши менен чечип келе жатканын айтты.

Каримовдун тушунда жана ал өлгөндөн кийинки бир жылдан бери маркум президенттин саясаты сынга алынган эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...

ТАРЫХ 2016-05-09  00:45

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...

ТАРЫХ 2016-05-13  11:43

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...

ТАРЫХ 2016-07-15  13:50

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:13