KELECHEK

Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыздары өнүгүү жолунда (ФОТО)

Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыздары өнүгүү жолунда (ФОТО)

Туз насип экен, Жалал-Абад облусунан Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусуна бараткан делегациянын курамына кошулуп Кытайдагы туугандардын жашоо шартын, ийгиликтерин көрүп келдим.

Биздин делегация 7 кишиден туруп, курамында: - Кыргыз Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Көк-Жаңгак шаарынын мэри Жалалидин Юсупов, Жалал-Абад облустук  клиникалык ооруканасынын директору Жаныбек Карабаев, Сузак районунан Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Аскар Сариев, Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын түштүк департаменти ишканасынын башчысы Орозбек Эргешев, Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын Түштүк кыргыз экспоборборунун жетекчиси Мырзамамат Кебекбаев жана мен болуп, 20-июнда Кытайга, Кызыл-Суу Кыргыз автономиясы облусуна сапар тартмак болдук.

Кызмат сапарыбыздын максаты Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономия облусунун губернатору Дилшат Кадыркандын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу жана Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономия облусу арасында кызматташуу боюнча келишим жана облустук ар түрдүү кызматтар арасында кызматташуу боюнча бир нече келишимдерге кол коюу эле.

Биздин топту Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин өзүнүн жетектеп барышы кызматтык сапарыбыздын эл аралык деңгээлге көтөрүүлүсүнө себеп болду.

Алгач эле Кыргызстандын Эргештам бажы постун өтөөрүбүз менен эле бизди Кытай тарабынан Кызыл-Суу кыргыз автономиясы облусунун губернаторунун орун басары (орун басар губернатору) Сыйамбек мырза атайын делегация менен тосуп алып, чек арадан 80 км алыстыктагы Уулу чат ооданынын борбору Улуу Чат шаарына чейин ырчы – чоорчулары менен биргеликте коштоп барды жана биринчи түшкү сый тамак берилди.

Чек арадан өткөндө эле шоссе жолдорунун кеңдиги жана түздүгү, жол тосмолорунун, жол белгилеринин толук жаңы коюлушу биздин көңүлүбүздү бурду. Мен Кытай Эл Республикасына үчүнчү жолу кирип жатсам дагы, бул жолкусунда олуттуу өзгөрүүлөр болгонунун жана болуп жатканына өз көзүм менен көрүп ынандым.

Чек арадан баратканда тоо арасындагы ар бир кыргыз айылы архитекторлордун жасаган макетиндей болуп пландуу жана кооз, (бардыгы бирдей) үйлөр сары түскө боёлуп, чатырлары кызыл тыныке менен жабылган. Сыртынан караганда эле үйлөрдү жылытуу үчүн ар бир үйдүн үстүндө күндүн нурунан электр энергиясын алуучу тетиктер   орнотулган. Сыртынан жылуулук тосуучу (сактоочу) каражат менен курчалганынан азыркы заманбап илимий техникалык жетишкендиктер колдонулуп курулганын билүүгө болот.

Бизди дагы таң калтырганы- чек ара аймагында жашаган кыргыз үй-бүлөлөр чек араны коргоого катышкандыгы үчүн ай сайын 2,5 миң юаньдан ( 25 миң сом), ал эми чарба кармагандары кыргыз породасындагы койдун санын туруктуу кармаганы үчүн ар бир соолук башына жылына 3000 сомдон кошумча төлөм алаары болду! Мамлекет өз жарандарын мындан артык кантип колдосун!

Жол боюндагы какыраган таштуу-кумдуу жерлерге бир нече катар кылып жаңыдан тигилген дарактар бутактарын керип өсө баштаптыр. Ар бир дарактын түбүнө суу түтүкчөсү келип, тамчылатып сугарылып тургандай.

Кытайда бардыгы глобалдуу масштабда жүрөбү деп да ойлойсуң… километрлеген жаңы отургузулган бактар, жаңыдан толук курулган айыл-шаарлар, ири-ири завод-фабрикалар, баары жакты караба жумуш, жаңылануу, жаңы имараттар, эски имараттардын изи да жок!

Кесиптик окуу жайларынын курамына кирген медициналык окуу жайды барып көргөнүбүздө өзүнчө бир кварталды ээлеген жаңы курулуштар  -   алты кабаттуу беш жатакана үч кабат ашканасы менен,   үч окуу корпустары, спорт зал, клиника жана башка өзүнчө эле студенттик шаарча. Студенттер 9-класстын базасында окууга келгендер 4 жыл, 11-класс базасында – 3 жыл окууну улантат экен. Студенттердин баары жатакана менен камсыз болуп, 3 маал ысык тамак берилет экен. Окуу, жатакана, тамагы баары акысыз. Окуу кабинеттери кенен, көрсөтмө куралдары жетиштүү, ар бир студентке бирден десе да болот.

 Мына сага биз Союз маалында укчу «өнүккөн социализм», жок кадимки эле коммунизм!

Менин баамымда Кытай эл республикасы өтө жакшы өнүгүп, өзүнүн ички проблемаларын толук чечип эми «бу  коңшулар кантип жатат болду экен?» деп ар жак, бери жагындагы бизге окшогон коңшуларына көңүл бөлө баштаган кез. Өлкө башчысы Цзинь Зинь Пинь «Бир алкак – бир жол» урааны менен «Жибек жолу» программасын көтөрүп, тээ Европага чейин өнүктүрүү планын түзгөнү бизди кубандырды. Биздин Кыргызстан Жибек жолунун нак ортосунан жайгашканы – бул өнүгүү бизди кыя өтө албасын билдирет.

Кокту-колотто жата бербей, биз да «Жибек жолу» кан  жолуна чыгуубуз керек. Кантсек да глобалдашуудан четте кала албайт окшойбуз. Андай болгондон кийин, утурлап эле басканыбыз оң.   

Күчтүү бийлик бар жерде элдин саясат менен да иши жок. «Бийлик алсыз болсо, элдин баары саясатчы” дегендей, карапайым эл саясатты эмне кылат, үстүндө жаңы үй, астында мал-жаны, бала-бакырасы, чөнтөгүндө жетиштүү акчасы болсо? Акча демекчи, жумуш кылам дегендерге мүмкүнчүлүктөрүнө жараша түрдүү кызматтар бар.

Уулу чат шаарындагы жаңы өндүрүштүк аймакта курулган эркин эканомикалык зонада карандаш чыгаруучу фабрикага бардык. Заңгыраган залдарда аз-аздан эле кыздар, уландар иштеп жатат. Складдар бош турат, фабрикада 800 улан- кыз иштөө керек болсо азыр 120 гана жумушчу  бар дейт губернатордун орун басары. Бул фабрика дүйнөдөгү 6 ири карандаш фабрикасынын бири болот экен. Иштеп жаткан кыргыз кыздарынын айлык акыларын  сурасак, «жумуш оор эмес, эртең менен 4 саат кечинде 4 саат иштейбиз, түштө 2  саат үйдө эс алабыз. Маянабыз 2,5-3  миң юань, (бизче 25-30 миң сом)» деп жооп беришти. Ошол эле Улуу чаттын четинде 100 гектар жерге курулган күнөсканада да кыргыз улан-кыздары өздөрүн кыйнабай, кыргызча «жай гана» иштеп жүрүшөт да, ошондой эле маяна алышарын айтышты.

Жумуш кылам деген жарандарга жаңы курулган цехтерди 3 жылга акысыз берип, электр энергиясына да арзандатуу бар экен. Бизнести өнүктүрүүгө кредит берүү да жеңил жолго коюлган. Килем фабрикасын, мөмө-жемиш кургатуучу цехти, лампочка чыгаруучу цех, кийим тигүү цехи, элдик кол өнөрчүлүк цехтери жана башка жаңы бизнесин баштагандар толтура экен. Оор өнөр жай зонасы, жеңил өнөр жай зонасы ар башка – шаардын четинде жайгашка. Артуш шаарындагы 20 кабаттуу оорукана 900 керебетке ыңгайлашып ачылып, иштеп жатыптыр. Бардык шарты жакшы, баары акысыз. Кадимки «Өнүккөн социализм!».

Мунун баарын көрүп ошол жерде жашап жатышкан кыргыз боордошторубузга суктандым. Кыргызстандан чет болсо дагы жашоо шарты жакшы, курсагы ток, келечегине ишеним бар. Улуу Памирдеги кыргыздарды эстедим. Ар кимдин өз тагдыры бар да…

Сапарыбыздын аягында, Артуш шаарында Кытай Кызыл-Суу кыргыз автоном облусу менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга, Кыргыз өнөр жай палатасы менен Кызыл-Суу соода кеңсесинин, Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун  медициналык колледжи менен Жалал-Абад медициналык колледжинин, Кызыл-Суу кыргыз облустук ооруканасы менен Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы ортосунда кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду. Меморандумдарга кол коёрдо Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун губернатору Дильшат Кадыркан мындай деди:

- Урматтуу Кыянбек Урмаматович! Кыргызстандын эли менен Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун элинин тоо-суулары бир, тили жана маданияты туташ, көңүлдөрү жакын, достугу бекем. Мамлекеттерибиздин « Бир алкак-бир жол» өнүгүү стратегиясынын курамында кызматташуусунун келечеги кенен. Сиздин келүүңүз жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу менен биз бүгүн эки өлкөнүн, анын ичинде эки облустун кызматташуусун жаңы деңгээлге көтөрүп, экономика, агартуу, саламаттык сактоо жаатында кызматташуунун жаңы баракчасын ачууга өбөлгө түздүк. Бул тарыхый окуя. Биздин кызматташуубуздун келечеги кенен! Бүгүнкү кол коюлган маселелерди терең алга жылдыруу менен биз элибиздин ынтымагына, жаркын келечегине чоң салым кошобуз!

Кудайым колдоп  ошондой эле болсо экен!

Жалал-Абад медициналык колледжинин директору Салахидин Мусаев.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

Базар-Коргон районундагы “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругундагы токойду коргоо жана...

АНАЛИТИКА 2018-07-17  00:50

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлуна чейин Кочкор-Ата шаардык мэриясы 12-18 жаштагы балдар - өспүрүмдөр арасында...

АНАЛИТИКА 2018-06-28  04:30

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүшү боюнча Өкмөттөр аралык эксперттер тобунун климатологдору  глобалдуу...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  07:19

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Дүйнөлүк статистикада, өнүккөн мамлекеттерде донорлук акысыз жүргүзүлөт. Өзүнүн көнүлү менен акысыз...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  20:21

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мындан 5,5 жыл мурун, же 2012-жылдын 28-ноябрында мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри, азыркы...

АНАЛИТИКА 2018-03-30  10:33

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Кечээ, 8-февралда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти 

АНАЛИТИКА 2018-02-09  16:44

ВИЧ илдетин жугузуп алуу маалыматтын жоктугунан болуп жатат

ВИЧ илдетин жугузуп алуу маалыматтын жоктугунан болуп жатат

Азыркы учурда Кыргызстанда  ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандардын ...

АНАЛИТИКА 2017-11-23  22:21