KELECHEK

ДИСКРИМИНАЦИЯНЫ ӨҢҮНӨН ТААНЫ! (ФОТО)

ДИСКРИМИНАЦИЯНЫ ӨҢҮНӨН ТААНЫ! (ФОТО)

Коомдо көбүнчө басмырлоого душар болгон аярлуу топтор –  мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, жаш өспүрүм балдар жана аялдар. Айрыкча алар үй-бүлөдө ар кандай басынтууларга туш болушуп, мыйзамда каралган  укуктарын коргой алышпайт.

Анархан Жаңыбаева-журналист. - Мындан 21 жыл мурда Жалал-Абад шаарында жашаган Батма, Зухра Балтахунова деген эгиз майып кыздардын тагдырына кызыгып, бир күнү  базардан үйүнө кайткан мезгилде чогуу алар менен автобус менен жашаган үйүнө чейин баргамын. Эки эгиз кыздын атасы менен сүйлөшүп, алардын тагдырын облустук “Акыйкат жарчысы” гезитине жазгам. Бул эгиз кыздар анда 37 жаштан өтүп калган куракта эле. Алар күндө коомдук автобуска балдак менен араң чыгып, шаардын СМУ кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйдүн 4 кабатына өздөрү чыгышчу. Ошол учурда алардын майыптык коляскасы жок эле. 1996-жылы күзүндө мурдагы биринчи ханайым М.Акаева Жалал-Абадга келип, облустук гезиттен анын иш сапарын чагылдыруу үчүн бир күн чогуу жүрүп, кетээринде аэропорттон эки эгиз кыз жөнүндөгү гезитке чыккан макаланы М.Акаевага тапшырып, ушул майып эгиздерге коляска алуусуна жардам беришин суранган элем.

Ошентип, бир ай өткөндөн кийин, 3-декабрь – Эл аралык майыптар күнүнө карата биринчи жолу эгиз кыздарга коляска тапшырылган. Бул майып эгиз кыздар көптөгөн жылдардан бери күн сайын шаардын борбордук базарынын кире бериш оозуна келишип, элдин берген кайыр-садака акчасы менен үй-бүлөсүн багып келе жатышат. Азыркы учурда алардын жашы 60ка барып калса да, дале борбордук базардын кире беришинде эртеден кечке отурушат. Алар базарга келүүнү күнүмдүк жасаган иши катары да көрүшөт. Экөөнү эч ким деле мажбурлабайт болсо керек, бирок алар эл менен аралашып, базардын кире беришинде отурганды өздөрүнүн бизнеси катары эсептеп алышкан десек да болот.

Бардык эле майыптар бул эки эгиздердей болуп, күндө көчөгө чыкмак турсун, жаткан жеринен сыртка да чыга албай, ордунан тура албай төшөктө жаткандары канча экенин шагыраган сандар менен тактап чыгуу кыйындыкка турат. Майыптар үчүн мамлекет тарабынан пенсиялар чектелет, коммуналдык чыгымдарына жеңилдиктер каралган, курорттук-санаторияларга барып,  дарыланып келүүсү үчүн да атайын бекер жолдомолор берилет. Бирок, бул жеңилдиктердин баарын мүмкүнчүлүгү чектелген аяр жарандар пайдаланышабы? Же аларга бөлүнгөн эс алууга берилген жолдомолор менен башка бирөөлөр пайдаланып, бул өзүнчө бизнестин бир түрүнө айланып калганбы? Бул боюнча укук коргоо органдарынын берген маалыматтарын мисал катары келтирип кетсек болот.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан алынган маалымат. Ноокен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда, “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү” КР мыйзамын бузган факты аныкталган. Аталган башкармалыкка 2016-жылы 41 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран курорттук-санаторияга барып дарыланып келүү боюнча кайрылышкан. Анын ичинен 17си “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясына, 16сы Ош шаарындагы “Мамакеев” санаториясына барып дарыланып келишкен.

Тилекке каршы текшерүү учурунда, Ноокен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жооптуу адамдары өздөрүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, Ош шаарындагы “Мамакеев” санаториясына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жазуу жүзүндөгү макулдугу жок эле, алардын жакындарына жана туугандарына путевкаларды беришкендиги боюнча расмий документтерге бурмалаган маалыматтарды киргизишип, путевканын кайра кайтарылган талондоруна ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын аты-жөнүн жазып отчетко тиркеп коюшкан. “Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга курорттук-снаторияга путевка берүү жөнүндөгү” Жобонун талаптарына ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар путевка алыш үчүн, же башка адамга алып берсе, сата турган болсо, документи менен келип, өз колу менен арыз жазып бериши керек. Документи жок болсо, өз каалоосу менен арыз жазбаса, анда аларга путевка берүүгө тыюу салынат. Ошондой эле, беш жылда бир путевка берүү тартиби да бузулган.

Мындан сырткары, жогоруда аталган башкармалыктын жетекчилиги тарабынан өздөрүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бөлүмдүн адиси “М.А.” 2016-жылдын 29-июлунан баштап декабрь айына чейин Россия Федерациясында дарыланып жүргөн мезгилде, андан кийин 2017-жылдын 16-январынан 25-январга чейин “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясында дарыланып жүргөн мезгилде иштеген учурдагы табелге киргизип, “жогоруда көрсөтүлгөн мезгилде адис болуп иштеди” деп ведомостко жалган маалыматтарды жазып, анын банктагы эсебине 33267 сомду которуп, бюджеттин акчасын жок кылышып, мамлекетке зыян алып келишкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 2017-жылдын 12-апрелинде Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Ноокен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жооптуу жетекчилеринин үстүнөн КР КЖКнин 304-беренесинин 2-бөлүгү, 171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-бөлүмчөсү менен кылмыш иши козголуп, азыркы учурда жогорудагы кылмыш иши тергелип жатат.

Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кепилдиктерди дайындоо бөлүмүнүн башчысы Гулмира Раимкулова. - Шаарда 1147 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран (ДСМЧЖ) каттоодо турат. Анын ичинен 18 жашка чейинки балдар – 442, бала чагынан майып болгону – 494, жалпы оору боюнча – 211 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. 18 жашка чейин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга айына 3 миң сомдон жөлөк пул чектелген Ал эми бала чагынан майып болгон балдардын 1-тобуна 3 миң сом, экинчи топторго  2,5 миң сом, үчүнчү топтогуларга 2 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул чектелген. Жалпы оорулуулар боюнча, алардын эмгек стажы болгон үчүн биринчи топтогуларга 2 миң сом, экинчи топтогуларга 1,5 миң сом, үчүнчү топтогуларга 1 миң сом өлчөмүндө ай сайын жөлөк пул берилет.

Жалал-Абад шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн №17 балдар бакчасы бар. Шаарда жаш ымыркайлар үчүн “Малютка үйү” жок болгондуктан, ата-энеси баш тарткан тубаса майып төрөлгөн балдарды Ош шаарына жиберишет. Шаардагы негизги көйгөй – бул “Малютка үйүнүн” жоктугу.

Быйылкы жылы облустук төрөтканага  тубаса майып төрөлгөн 2 баланы энелери өздөрү баш тартып, таштап кетишти. Ал балдарды бизде караганга мүмкүнчүлүк жок болгондугуна байланыштуу, биз балдарды Ош шаарындагы малютка үйүнө тапшырабыз. Бир баланы апасынын арызынын негизинде шаардагы психонервологиялык диспансерге тапшырдык. Үйүндөгү жакындары барып кабар алып турушат. Быйылкы жылы жарым жыл ичинде бир ата-эне баласын үйүндө окутканга шартыбыз жок, күндүзү иштейбиз деп, Ноокен районундагы балдар үйүнө тапшырып кетишкен. Ар атпа сайын үйүнө алып келип турушат. Ошондой эле, шаардагы психонервологиялык диспансерде 97 бала тарбияланат.

Жалал-Абад шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана багар-көрөрү жок жалгыз бой кары-картаңдар басмырлоого учурабаш үчүн ар кандай профилактикалык иштер алып барылып жатат - дейт шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кадр иштери боюнча башкы адиси Назира Жакыпова. Анын айтымында, башкармалыкта атайын соцадистер иштеп, алар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомго аралашуусу үчүн бир топ тренингдерди өткөрүшүп, балдарды атайын эс алуу жайларына мэриянын көмөгү менен алып барып жатышат.

- Шаарда 161 багар-көрөрү жок, жардамга муктаж болгон кары-картаңдар бар. Алардын өздөрүнүн үйлөрү бар, эшикке чыга алышпайт, өз алдынча бир жумуш жасай албайт. Жалгыз кары-картаңдардын күндөлүк турмушуна жардам берип, кирин жууп, тамак-ашын даярдоого жардам берген атайын социалдык кызматкерлер иштейт. Шаардагы бардык домкомдор жана кварталдык комитеттердин башчылары менен тыгыз иштешип, кайсы жерде жалгыз бой карылар болсо, аларды тактап, даректерине барып жардам берип турабыз. Соцкызматкерлер аз болгондуктан, жумасына үч жолу барып, тамак-ашын жасап, үйүн жыйнап, кир-коогун жууп, жуундуруп, дары-дармегин алып берип келишет. Керек болсо, алардын көңүлдөрүн көтөрүү үчүн бир күндү белгилеп алышып, театрга да алып барышат. Бизге ал соцкызматкерлер шейшемби, жума күндөрү келип, аткарган иштери боюнча отчет берип турушат. Жалгыз бой карылар ар кандай басмырлоолорго кабылуусуна биз жол бербейбиз, - деди Н.Жакыпова.

Айрым майыптарды акча табуу үчүн базардын кире беришине керели-кечке коляскада олтургузуп коюшат

Социалдык кызматкерлер аракет кылып иштеп жатканы менен айрым мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды анын жакындары эле кошумча каражат табуу үчүн базарга кире бериш жерине коляска менен алып барып коюшуп, керелден кечке ары-бери өткөн тургундарга ыңгайсыздык жараткан учурларды коомдон жашыра албайбыз. Бул боюнча Жалал-Абад шаарындагы “Даанакер” майыптар коомунун жетекчиси Айжамал Тарыкчиева өз оюн билдирди.

- Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын кире беришине жолдун ортосуна коляскада отурган бир майыпты отургузуп коюшат. Ал ары-бери өткөндөрдү түртүп, ар кандай туура эмес кыймыл аракеттерди жасайт. Аны күндө эртең менен кимдир бирөөлөр алып келип таштап кетишет экен. Ал жердеги сатуучулар да ким таштап кеткенин билишпейт. Күндө ар башка адамдар алып келип, таштап кетишет. Бул майыпты акча табуу үчүн кимдир бирөөлөр пайдаланып жатышат да. Анын укугу бузулуп жатканына мамлекеттик жана укук коргоо органдары деле анчалык маани беришпей келе жатышат. Мен кызыгып, сурасам, эч кимиси жарытылуу жоопторду беришпеди. Бул жерден киреше түшүп жатат. Ал майыпты ошол жерге коюп койгодун өзү басмырлоо (дискриминация) болуп саналат, Ал 2 жылдан бери базардын кире беришинде күндүн ысыгында, суугунда отурат. Бул өзү кордук болуп жатат. Тамак ичип жатабы, жокпу ал үй-бүлөсүн багып жатат. Күнүнө жок дегенде 1000 сомдон киреше таап турат,- дейт А.Тарыкчиева.

Жалал-Абад шаарындагы “Даанакер” коомунун төрайымы А. Тарыкчиева.

- Мындан бир топ жыл мурда Ноокен районунан бир үй-бүлө коомго жардам сурап кайрылган. Жардамга муктаж ал үй-бүлөнүн бир кыз, бир уулу төрөлгөндөн сүйлөй албай, дудук экен. Энеси акча таап келиш үчүн Орусияда иштейт, атасы балдар менен чогуу жашайт. Алар үйлөрүн оңдотуп, жаңы там сала баштайт. Анан ал курулушта иштеп жүргөн 3 уста 13 жаштагы кыздын дудук экенинен пайдаланышып, зордуктап коюшкан. Коомчулукка билинип калгандан кийин,  ата-энеси кызын кайда алып барарын билбей, бизден жардам сурап кайрылышкан. Кызды карасаң мөлтүрөгөн сулуу, бирок сүйлөй албайт. Апасы Орусияда иштеп акча салып, жаңы үй салуу үчүн келген усталар жайдын ысык маалында кыздын атасына арак берип койсо, ал мас болуп калганда, жүгөрү өскөн огордго алып киришип, 3 уста тең кезмектешип зордуктап жүрө беришет. Аны бир күнү иниси билип калып, кошуналарын барып чакырып келип, ошондон улам ачыкка чыгып калат. Апасы Орусиядан келип, анан ал балдарды милицияга беришет. Колунда жок үй-бүлө болгондуктан, энеси жеңил оокатка кызыгып, эки баласын арак ичкен күйөсүнө таштап койгон. Мен ал кыздын укугун коргоо үчүн “Справедливость” уюмуна кайрылып, алардын жардамы менен кызды зордуктаган балдар камалышты. Кыз менен инисин Кара-Суу районундагы дүлөй, дудук балдар интернатына жайгаштырдык. Кийин, бул иш эмне менен бүттү экен? деп кызыксам, камактагы балдар эч кандай жаза албай чыгып кетишиптир, кыздын апасы Орусияга иштегени кетсе, атасы болсо дале арак ичип жүрөт дешти айылдаштары.

Көпчүлук учурда майыптар ата-энеси бар кезинде басмырлоого учурабай, жакшы камкордукта жашайт. Анан ата-энесинин көзү өтүп кеткенден кийин эле жеңелердин кордугуна дуушар болушат. Бизге майып балдары бар ата-энелер көп кайрылышат. Ушулар өз алдынча турмуш куруп, балалуу болуп калышса деп. Анан караштырып келсең эле, кыздардын жашы өтүп кеткен болот. Аларга ылайык адам таап бере албайсын. Ата-энелери да көзү тирүүсүндө майып балдары өз алдынча бирөөнүн көзүн карабай, турмуш куруп калса деген ниеттери бар. Кээ бир араба тарткан балдар бар, үйлөнөйүн десе үйү жок. Анан алар ошол майыптыгына алган пособия жана араба тарткан акчасы менен жашашат. Көпчүлүк учурда майыптарды ишке кабыл алышпайт, өз алдынча соода кылгандар, ишин жүргүзүп, турмушун оңдоп алышууда. Мага каттоого тургандардын көпчүлүк бөлүгүнө жардам бердим. Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстан боюнча  мындан үч жыл мурда 135 миң майып болсо, азыркы учурда 175 миң майып бар. Үч жыл аралыгында эле майыптардын саны 30 пайызга өстү. Булардын тагдыры көбүнчө аянычтуу абалда десек болот. Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү майыптар “Боорукедик” борборунан бир маал келип ысык тамак ичишет. Менимче алар бир күндө бир эле жолу тамактанышса керек деп ойлойм. Мындан сырткары, шаарда майып балдарга инклузивдүү билим берүү жокко эсе. Социалдык педагогдор майып балдарга кантип сабак берүүнү билишпейт. Анын өзүнүн программасы түзүлүшү керек.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Алима Аманова.

- Жалал-Абад шаарынын мэриясынын билдирүүсү боюнча 80 пайыз имараттарда пандустар орнотулган. Бирок бул цифра отчеттордон гана алынганын, алар кандайча, кайсы жерге оорнотулганы көзөмөлгө алынбаганы дайын болду. Банктардын филиалдарында пандустар орнотулбаган, соода түйүндөрүндө жана башка имараттарда орнотулган пандустар ДСМЧЖдын кирүүсүнө мүмкүнчүлүк бербейт. Формалдуу түрдө отчет үчүн орнотулган соода түйүндөрүндө жана башка имараттарда орнотулган пандустар жүк ташуу үчүн гана колдонулат. КР Конституциясынын 53-беренесинде жана Бириккен улуттар уюмунун экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө Эл Аралык Пактысынын (19.12.1966-жыл, Кыргыз Республикасы 12.01.1994-жылы кошулган) 9-беренесинде көрсөтүлгөн адам укуктарын камсыздоо, КР “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү” Мыйзамынын (30.12.2009-ж.) аткарылышын камсыздоо жөнүндө КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атына көңүл буруу актысы видео тасма менен жиберилген.

 Сузак районундагы “Асыл-Ай” мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар коомунун жетекчиси Жумакан Жаркулова.

 - Биздин коом тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өмүр кайтарылып берилбей тургандыгын сездире билип, өзүндө болгон талант менен позитивдүү жашоого үндөп келебиз. Азыркы учурда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандын алган пенсиясы менен бир үй-бүлөнү багып калган учурлар болуп жатат. Ошол майып баланын акчасы менен катардагы билим алган баланын кийим-кечеси алынып, окууга болгон кем-карчы бүткөрүлөт. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген балага кийим эмес, керек болсо шаарды көрбөй, үйүнөн бир карыш сыртка чыкпай жашап келишүүдө. Оокат бышырып берип, курсагын тойгузуп койсо эле, биз майып баланы багып жатабыз деп ойлошот да. Бирок, бир жагынан карасаң мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга оорурак болуп калат. Эки жагынан тең өтө оор болгондуктан, баа берүүнү биле албай каласын да. Ошол майып балдарды өмүр боюу карап, кабагым-кашым дебей баласы менен алпурушуп жатып, пенсия жашына келгенде ошол эне пенсияга чыга албай калып жатат. Бул биринчи көйгөй десек, экинчи көйгөй соцпедагогдор үйүнө барып билим берет деген жери бар. Бир айылда 3-4 мүмкүнчүлүгү чектелген бала болсо, ага бир мугалим кантип барып жетишет? Райондо Бурулай деген кызды эч бир соцпедагог барып окуткан эмес. Башында 1-2 жолу барып, анан таштап коюшкан экен. Ошол  кызды коомго тартууда аябай түйшүктөндүк. Кайра-кайра Бурулайга барып жатып, азыр кадимкидей биз менен аралашып, сүйлөп калды. Анын негизги бир себеби,  Багыш айыл өкмөтүндө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн “Өнөргө үйрөтүү” борборун ачканбыз. Ошол жерде колунан келген нерсени үйрөнүшүп, азыр Бурулай телефонду колдонгонду үйрөнүп калды.

Жашында окубай калган майып балдар чоңойгондо окубай калдык деп өкүнүп жатышкандыктан, бир райондогу 13 айыл өкмөт, бир шаарды кыдыруу менен кайсы жерде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар болсо, аларга колдон келген жардамдарды берип, коомго тартуу аракетин көрүп жатабыз. Үй-бүлөдө жакшы көңүл бөлүнгөн бала башка адамдар барганда эркин сүйлөй алат. Көңүл бөлүнбөгөн бала сырттан келген адамдын көзүнчө эки жакты кылчактап карай берет. Биз ошого анализ жүргүзөбүз. Мына төрт жыл аралыгында райондогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бири-бирин таанып, бири-бирине көңүл буруп калышты. Качан иш-чара өткөрөсүңөр? – деп бизден сурап турушат. Майыпты карап жаткан адам сөзсүз түрдө эмгек акы алыш керек деп эсептейбиз.

Мамлекет ушул маселени эле чечип берсе, калганын ар бир жаран өзү аракет кылыш керек. Мисалы, Багыш айыл аймагындагы Октябрь айылында бир үй-бүлөдө төрт майып жашаган Жеңишбек Хидировдун үй-бүлөсү бар. Жеңишбек 37 жашта эки буту иштебей калган, ал эми 60 жаштан ашкан апасы Сурмакан Хатамова белинен чыккан шишиктен улам ордунан туруп баса албайт. Жеңишбектин бир тууганы Айгерим жана жалгыз кызы дагы майып, анын 2 уулу бар. Бул үй-бүлөдөгү бардык мүшкүл Жеңишбектин аялы Ширин Адановага жүктөлгөн. Учурда бул үй-бүлөгө Бишкектеги Азамат Байматов жетектеген “Кайрымдуу бол” кайрымдуулук фонду жана чет өлкөдө иштеп жатышкан мигрант жердештерибиз Жеңишбек Хидировдун үй-бүлөсүнө 5 бөлмөлүү турак жайды куруп жатышат.

Бул жаңы үй 2 айдын аралыгында бүткөрүлүп берилет. Биздин  коомдо эки буту баспаган бала такси айдап үй-бүлөсүн багып жатат. Коомдун мүчөлөрү азыр аракет кылып, өздөрү жашоосун өзгөртүүгө аракет жасап жатышат.

Мындан эки жыл мурун Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагын кыдырып, элдин жашоосу менен таанышып жүргөндө бир окуяга туш болуп калдык. Бир 60ка жакындап калган майыптуулугу бар эркек кишини  бир тууганы заңгыраган үйүнөн жатканга жай  берип койбостон, кой камаган сарайдын бир бурчуна керебет коюп жашатып койгон экен. Кыштын күнү кычыраган суукта спиралы бар ток печканы коюп койгон. Керебетинде жыртылган төшөк, өзү чапанын сыртынан оодарып байлап алган. Ичинде эч бир кийими жок. Ошондо биз минтип кор кылгандан көрө, карылар үйүнө тапшыргыла десек, бизди көрүп эле иниси качып кетип калды. Ал кишинин пенсиясын иниси алат да. Айыл өкмөт башчысына карылар үйүнө тапшыргыла деп айтсак, намыс кылат экен дешти. Мал сарайга жашатып койгондон намыс кылбаган, карылар үйүнө тапшырып койгондон намыс кылабы? – деп биз аларга катуу эле айттык. Кийин, кабар алайын десек, ал киши өтүп кетиптир.

Мыдай фактыларды айта берсек кагаз түтпөй кетет. Бирок, майыптардын укугу бузулган фактылар дайым эле корголо бербей тургандыгы айныгыс чындык.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, "KOGART.KG"

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

Базар-Коргон районундагы “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругундагы токойду коргоо жана...

АНАЛИТИКА 2018-07-17  00:50

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлуна чейин Кочкор-Ата шаардык мэриясы 12-18 жаштагы балдар - өспүрүмдөр арасында...

АНАЛИТИКА 2018-06-28  04:30

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүшү боюнча Өкмөттөр аралык эксперттер тобунун климатологдору  глобалдуу...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  07:19

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Дүйнөлүк статистикада, өнүккөн мамлекеттерде донорлук акысыз жүргүзүлөт. Өзүнүн көнүлү менен акысыз...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  20:21

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мындан 5,5 жыл мурун, же 2012-жылдын 28-ноябрында мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри, азыркы...

АНАЛИТИКА 2018-03-30  10:33

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Кечээ, 8-февралда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти 

АНАЛИТИКА 2018-02-09  16:44

ВИЧ илдетин жугузуп алуу маалыматтын жоктугунан болуп жатат

ВИЧ илдетин жугузуп алуу маалыматтын жоктугунан болуп жатат

Азыркы учурда Кыргызстанда  ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандардын ...

АНАЛИТИКА 2017-11-23  22:21