KELECHEK
rek

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34 жаңы ишкана ишке кирди (ФОТО)

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34 жаңы ишкана ишке кирди (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович 2017-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы менен облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо максатында аткарылган иштери боюнча биздин бир нече суроолорубузга жооп берди.

- Кыянбек Урмаматович, алгач облустун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө  кыскача токтоло кетсеңиз. Үстүбүздөгү жылдын алты айында кандай жылыштар болду?

- Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо максатында, бир топ уюштуруу  иштери аткарылды. Анын  натыйжасында облуста 2017-жылдын 6 айында: өнөр жай продукциясынын көлөмүнү -139,8 пайызга, айыл-чарба өндүрүшүнүн көлөмү -104 пайызга, ички-тышкы инвестицияларды тартуу – 141 пайызга, салык чогултуу планы -102,2 пайызга, бажы төлөмдөрүн чогултуу -105 пайыз аткарылды. 

Облустун  аймагында үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата 34 жаңы ишкана ишке кирип, 109 жумуш орду түзүлдү.

- Облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн кандай багыттар боюнча иш алып барууну көздөп  жатасыздар?

- Өкмөттүн региондук өнүктүрүү саясатына ылайык, базалык түйүн катары облусубузда 5 шаар тандалып алынды. Алар: Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен жана Кочкор-Ата шаарлары. Бул тандалып алынган шаарларды ар тараптуу өнүктүрүү максатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат.

Ал эми айыл чарбасы багытында көп жылдарга кызмат кыла турган ири долбоорду ишке ашырдык. Ноокен районун Бүргөндү айыл аймагынын 5 чакырымдан ашкан «Келечек» каналы курулуп бүттү. Мунун натыйжасында 200 гектардан ашуун кошумча жаңы жер өздөштүрүлдү. Жалпы эсеби бир жарым миң гектарга жакын жерде сугат суу берүү жакшырды. Айрыкча дыйкандарыбыз бул долбоорубузду кубануу менен кабыл алышты.

- Саламаттыкты сактоо тармагында кандай иштер аткарылып жатат?

- Мен облуска жетекчи болуп келгенде биринчи эле ооруканалардын абалы менен жеринде таанышып чыктым. Чынын айтканда, бир топ проблемалар бар экен. Алгач эле кош бойлуу энелерге кам көрүү максатында облустагы төрөт үйлөрдү ремонттой баштадык. Облустук оорукананын төрөт үйүн ремонттоого, суу жана канализация түтүктөрүн алмаштырууга – 3,5 млн. сом, балдар бөлүмүнө – 4 млн. сом бөлүнүп берилди. Ал эми Ала-Бука райондук аймактык оорукананын төрөт жана балдар бөлүмдөрүнө Эл аралык уюмдар тарабынан 60 миң евро акча каражаты бөлүнүп берилди.

Ошондой эле, капиталдык ремонт иштери Чаткал, Базар-Коргон жана Токтогул райондорундагы төрөт бөлүмдөрүндө толугу менен жүргүзүлдү. Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн операциялык блогун ремонттоого 100 миң сом бөлдүк.

Мындан сырткары, Жалал-Абад шаарындагы түштүк аймактык  кардио-хирургия илимий борбордун имаратынын ангиография бөлүмүнүн ремонттоо иштерин бүтүрүү үчүн  марафон уюштуруп, Облустук мекеме-уюмдардын жардамы менен 3,5 млн. сом акча каражатын  чогулттук. Учурда ремонт иштери аяктоо алдында турат.

Учурдан пайдаланып, калктын саламаттыгын сактоо багытында жаралган жакшы саамалыкты баса белгилеп айткым келет. Облустун алыскы райондорундагы  калктын ден соолугун жеринде кароо максатында Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан облусубузга 12,5 млн. рублдик  каражатка “Мобилдик көчмө клиника” келди. Ал көчмө клиниканын ичинде боор оорусун аныктай турган 4 млн. 200 миң сомдук “Фиброскан” аппараты да бар. “Мобилдик көчмө клиника” менен медицина кызматкерлери Сузак, Ноокен, Базар-Коргон райондорунун жана Майлуу-Суу шаарынын калкын  медициналык кароодон өткөрүп келишти.

Япон өкмөтү тарабынан аялдардын  жана балдардын ооруларын аныктоочу жабдыктар алынып келинди. Атап айтканда, облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборуна 85 мин долларлык УЗИ аппараты, лабараториялык жабдыктары менен бирге тапшырылды. Ошондой эле, Ноокен аймактык ооруканасына 70 миң долларлык, облустук оорукананын балдар бөлүмүнө 37 миң долларлык медициналык жабдыктар берилди. Бул техникалык жардамдар калкка медициналык сапаттуу жардам көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.

Калктын саламаттыгын сактоо багытында облусубузда дагы бир ири долбоор жүрүп жатат. Германия мамлекетинин колдоосу менен Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына сметалык баасы 3,7 млн. еврого эсептелген эки кабаттуу имарат курула баштады. Ал жерге ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмү жайгашып, калкыбызга сапаттуу кызмат көрсөтөт деген ишенимдемин.

- Жакында жумуш сапары менен Кытай Эл Республикасына барып келдиңиз. Кытай тарап менен Жалал-Абад облусунун экономикасын көтөрүү боюнча кандай келишимдер түзүлдү?

- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу менен Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялык облусунун ортосунда соода-экономика, тарыхый-маданий, медициналык  жана башка кызматташтыкты арттыруу максатында облусубуздан атайын делегацияны жетектеп барып келдим. Аталган иш-сапар кытай тараптын чакыруусунун негизинде уюштурулду. Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялык облусунун расмий жана бизнес өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү меморандумдарга кол коюлду:

- Жалал-Абад облусу менен Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялык облусунун ортосунда кызматташуу тууралуу меморандуму;

- Жалал-Абад облусунун ооруканасы менен Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялык облусунун ооруканасынын кызматташуу меморандуму;

- Жалал-Абад медициналык колледжи менен Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялык облусунун медициналык колледжинин ортосундагы кызматташуу меморандуму.

Түзүлгөн келишимдер эки өлкөнүн кызматташуусун андан ары өнүктүрүүгө өз салымын кошот деген тилегим бар.

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абад шаары менен Тогуз-Торо районуна болгон расмий иш сапары менен кыдыруусунда атайын акчалай колдоо көрсөтүп кетти. Ошол колдоо туурасында дагы айта кетсеңиз?

- Премьер-министрдин Жалал-Абад шаарына болгон иш-сапарында жалпы шаар боюнча алдын ала даярдалган долбоолордун жыйынтыгы боюнча 180 млн. сомго жакын жумуштардын аткарылышына көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

Учурда Жалал-Абад шаарындагы Октябрьское, Шерматов, Барпы сейил, Кыргыз Республикасы, Токтогул, Строительный көчөлөрүн асфальттоо иштери боюнча тендер жарыяланган. Бул көчөлөрдү асфальттоого республикалык бюджеттен  85 млн. акча каражаты бөлүнгөн. Тендер бүтөөрү менен иш башталат.

Ал эми №6 мектептин  курулуш иштерине 2017-жылга 11 млн. сом каражат каралып курулуш иштери жүрүүдө.

Ошондой эле, учурда Төш-Кутчу – Тайгараев айылдарын бириктирүүчү 3 км жолду асфальттоо иштери  аяктоо алдында турат. Бул долбоорго 14 миллионго жакын акча бөлүнгөн.

Майлуу-Суу шаарындагы «Майлуу-Суу-Сары-Бээ» айлампа автожолун курууга – 10 млн. сом, Кеңеш айыл аймагындагы Кара-Үңгүр дарыясындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү «Көкчөгөз» көпүрөсүн курууга - 25 млн. сом жана Могол айыл аймагындагы «Чкалов» көпүрөсүн курууга – 32 млн. сомго жакын акча каражаты каралган. 

Премьер-министрибиз Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин Тогуз-Торо районуна болгон расмий иш-сапарынын алкагында бир топ маселелерди жеринде көрүп чыгып, жардам берилээрин билдирди.

Атап айтсак, Көк-Ирим айылдык аймагында сугат аянттарын көбөйтүү үчүн “Ак-Талаа” каналынын башкы соружениесин ремонттоо иштерине 3 млн сом, ал эми Казарман айылындагы райондук жалпы дарыгерлер борборунун имаратын чатырлоо жана капиталдык ремонттон өткөрүүгө 9,5 млн сом акча каражатын бөлүп бере турган болду.

Ошондой эле, Тогуз-Торо айылдык аймагынын Дөдөмөл айылындагы Азаматов Калдыбай атындагы жаңы курулуп жаткан жалпы билим берүүчү орто мектеп менен Арал айылындагы Рүстөмбеков атындагы орто мектептин курулушун өз мөөнөтүндө бүткөрүү үчүн 2017-жылдын титулунан сырткары кошумча 12 млн. сом акча каражатын бөлүп бермек болду.

“Саймалуу-Таш” жаратылыш паркынын аймагынан “Кылдоо” участкасын алтын кенин изилдөө жана иштетүү үчүн “Макмалалтындын” филиалына бөлүп берүүгө жардам берээрин билдирди.

- Жаз айларындагы жер көчкүдөн жабыр тартышкан Сузак, Базар-Коргон райондорунун жана Майлуу-Суу шаарынын тургундарына турак-жайларын салуу үчүн жер аянттарын ажыратып берүү иштери кандай чечилип жатат?

- Жаз айларындагы жер көчкүдөн жабыр тартышкан Сузак, Базар-Коргон райондорунун жана Майлуу-Суу шаарынын тургундарына турак-жайларын салуу үчүн облус боюнча жалпы  1132  үй-бүлөгө жер тилкесине муктаж болсо, учурда 882 үй-бүлөгө берилип жатат.

Алар: Базар-Коргон районунун Могол, Арстанбап, Талды-Булак, Кызыл-Үнкүр жана Кеңеш айыл өкмөттөрүнөн кооптуу  жерде жашаган 430  үй-бүлөгө  жер көчкү коркунучу жаралып, 51 үй бүлө убактылуу көчүрүлдү. Аларга  Ноокен районунун Арал айыл аймагына караштуу   Живпром  участкасынан турак жай курууга  биринчи кезекте көчүрүлүүчү 180 үй-бүлөгө 18  га жер тилкелери ажыратылып берилүүдө.

- Сузак айыл аймагына караштуу Кыр-Жол айылынан  жер көчкү коркунучунан 81 үй-бүлөнү көчүрүү үчүн Каркыра-Мисте участкасынан  20 га жер аянты даярдалууда;

- Кызыл-Туу айыл аймагы боюнча Көк-Булак айылынан 360 үй-бүлөгө 40 га жер аянты даярдалууда;

- Ырыс айыл аймагы 63 үй бүлөгө Жашасын айылынан 10га  жер аянты трансформацияга даярдалууда;

- Көк-Арт айыл аймагы боюнча  Жалгыз-Жаңгак айылынын кооптуу жерлеринен көчүрүлгөн  21 жаранга кайракы жерден 10 га, калктуу конуштагы башка жерлерден  6 га  жер участкалары бөлүнүп берилет.

- Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн  Сары-Булак айылындагы жер көчкүдөн жабаркагандарга Кашка-Терек айылынын Аэропорт участкасынан  63 үй  бүлөгө 11 га жер аянты даярдалып, 20 үй бүлөгө жер берилип, 8 жаран фундаменттерин куюп бүтүштү.

- Майлуу-Суу шаарынын жер көчкүдөн көчүрүлүп, турак жай курууга муктаж 100 жаранына   Көк-Таш айылынан жер тилкелери бөлүнүп бериле баштады. Ал эми 6 жаранга Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынан жер тилкелери каралууда.

- Быйылкы жылдын жаз айларындагы жер көчкүсүнөн жабыркаган Майлуу-Суу шаарындагы «Майлуу-Суу-Сары-Бээ» автожолун, сел ташкындарынан жабыркаган Базар-Коргон районундагы Кара-Үңгүр дарыясындагы Көкчөгөз, Чкалов көпүрөлөрүн куруу, калыбына келтирүү иштери кандай жүрүп жатат?

-  Табигый кырсыктардан жабыркаган автожолду жана көпүрөлөрдү куруу үчүн Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигине жалпы суммасы 66 млн. 600 миң сом каражат бөлүп берилген.

Анын ичинен:

- Майлуу-Суу шаарындагы «Майлуу-Суу-Сары-Бээ» айлампа автожолун курууга - 10 млн. сом. бөлүндү. Учурда «Бишкек-Ош» автожолу башкы дирекциясынын №38-жол тейлөө мекемеси Майлуу-Суу дарыясынын оң жээги аркылуу жалпы узундугу бир чакырымга жакын айлампа жолду куруп жатат.

- Кеңеш айыл аймагындагы Кара-Үңгүр дарыясындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү «Көкчөгөз» көпүрөсүн курууга -25 млн. сом.

- Могол айыл аймагындагы «Чкалов» көпүрөсүн курууга -31 млн. 600 миң сом каралган.

Бүгүнкү күндө КР Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан аталган көпүрөлөрдүн долбоорлоо иштери аяктоодо. Долбоор бүтөрү менен  «Бишкек-Ош» автожолу башкы дирекциясынын «ЖАСУ» ишканасы тарабынан курулуш иштери жүрө баштайт.

- Кызыктуу маегиңиз үчүн чоң рахмат. Кыянбек Урмаматович, түйшүктүү ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, “KOGART.KG”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38