KELECHEK
rek

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” Эл аралык фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан “Этномаданият” Эл аралык  фестивалында элге байыркы Оштун элеси тартууланат

Ош шаарында  Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык "Этномаданият" фестивалы өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, фестиваль төмөнкү алты багытта өткөрүлөт. Этномузыка багытында — фольклордук топтордун чыгармачылыгы, этномода багытында — байыркы улуттук кийимдерди жаңыча шөкөттөгөн дизайнерлердин эмгектери, кол өнөрчүлүк, каада-салт, живопись, улуттук тамак-аш, антиквариат менен букинистикалык адабияттар багыттары.

Кеңири масштабдагы "Этномаданият" фестивалынын алкагында боло турган бул алты багыт шаардын алты жеринде тартууланат.

Алымбек датка эс алуу борборунда "Каада салт" бөлүмү — тушоо кесүү, бешикке бөлөө, кыз узатуу, үйлөнүү үлпөтү, аскерге узатуу, өрүлүктөө, көч келди, сөйкө салуу, кыз узатуу, келин алуу, куда тосуу жөрөлгөлөрү көргөзөт. 

"Кол өнөрчүлүк" бөлүмү боюнча Театр аянтында жыгач, темир усталар, зергерлер, уздар, чеберлер, чопочулар, калпак, элечек, кийим тигүүчүлөр, белек-бечкек буюмдарын жасоочулардын катышуусунда өтөт.

Байыркы Оштун элеси — короз уруштуруу, бөдөнө уруштуруу, өтүкчүлөр дүкөнү.

Айыл чарба институтунан стадионго чейинки Ленин көчөсүндө атайын декорацияланган "Байыркы көчөдө", "Байыркылар жашоосу" багытында көргөзмөлөр коюлуп, коноктор байыркы жашоодогу буюмдар, эски короо жай шаймандары, үй эмеректери, чайхана, короз уруштуруу, бөдөнө уруштуруу, өтүкчүлөр дүкөнү, навайкана, самсакана, устакана жана башкалар менен тааныша алышат. 

Ош шаарындагы "Изюм" кафесинин алдында улуттук тамак-аш фестивалы каалоочуларды тосуп алат. 

 "Антиквариат, букинистикалык китептер" бөлүгү Жайкы театрда (Токтогул паркынын ичинде жайгашкан жайкы театр) өткөрүлүп, ал жерде түстүү металлдан жасалган зергер буюмдары, чарбалык буюмдар, байыркы идиш-аяктар, коллекцияланган буюмдар: почта маркалары, монеталар, китептер, букинистикалык газета-журналдардын көргөзмөсү башталат. 

Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрдан борбордук аянтка чейин байыркы чыгыш көчөсү көркөм шөкөттөлүп жасалып, көчө музыканттары, маскарапоздор өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Баткендин атактуу килемдери менен Чоӊ-Алайдын таарлары этно шаардын көркүн ачмакчы. Ал эми музыка сүйүүчүлөргө гала-концерт тартууланып, этно мода көрсөтүүчү дизайнерлердин моделдерин көрсөтүү менен айкалышат. 

"Этномаданият" фестивалы 3-июнда Ош шаарынын борбордук аянтында гала концерт  тартууланып, салтанаттуу түрдө жыйынтыкталат.

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан аталган Эл аралык фестиваль коңшу мамлекеттерден жана өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген конокторду кабыл алат. Ошондой эле, өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, элчиликтер, Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлдөр жана коомдук уюмдар чакырылган.

“Эл аралык "Этномаданият" фестивалы конокторду Ош шаарында кыргыз айылына чакырып, ал элди байыркы, кызыктуу дүйнөгө келгендей таасир калтырат”, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29