KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында кургак учук маселелери боюнча диний ишмерлерди окутуу болуп өттү (ФОТО)

Жалал-Абад шаарында кургак учук маселелери боюнча диний ишмерлерди окутуу болуп өттү (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 11-июлунан 14-июлуна чейин Жалал-Абад шаарынын «Мөл-Мөл» мейманканасында Жалал-Абад облусунун казыятынын өкүлдөрү,  мечиттердин имамдары жана «Мутакаллим» уюмунун мүчөлөрү, Жалал-Абад шаарынын аялдар медресесинин окутуучулары үчүн кургак учук маселелери боюнча тренинг болуп өттү.

Окууну өткөрүнүн уюштуруучулары Улуттук фтизиятрия борбору USAIDдин «Кургак учукту жеңебиз» долбоорунун колдоосу алдында Кыргызстанда комплекстүү диний өкүлдөрдү тартуу менен кургак учук эпидемиясына каршы туруу маселесин чечүүнү максат кылып коюп жатышат, –дейт долбоордун адвокация, коммуникация жана социалдык мобилизация  боюнча адиси Дильшат Хаитов.

 – Учурда дин кайсы бир мамлекеттин болсо да ажырагыс бөлүгү болуп калганын жана коомдук, социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң таасирин берип жаткандыгын моюнга алышыбыз керек. Экономикалык кризистер, жумушсуздуктун  жогорку деңгээли, жакырчылык  адеп-ахлак жана ички дүйнө таанымын жоготууга жана аны кайрадан карап чыгууга алып келди. Белгилүү болгондой Бүткүл дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү күнү болгон  2017-жылдын 24-мартында, алгачкы болуп ден-соолук, анын ичинде кургак учук маселесине арналып Кыргызстандын 1770  мечиттеринде дүйнө мусулмандары үчүн ыйык болуп келген «Жума намаз» окулган. Башталган ишти улап кетүүнү көздөп, биз, жамааттын кургак учукту алдын алуу жана көзөмөлдөө жагдайында маалымдуулугун , ошондой эле журттун бул ооруга чалдыккан бейтаптар жана анын үй-бүлөө мүчөлөрүнө боло келген стигма жана басынтууларын, андан кандайча арылтуу керек экендиги туурасында маалымдуулугун жогурлаткыбыз келет.

Тренингдин программасына – кургак учук туурасында негизги түшүнүктөр,  эпидемиялогиялык абал, алдын алуу жана оорунун жугуу жолдору, ошондой эле кургак учукка каршы туруу мекемелерине барып жана ал жердеги бейтаптар менен жолугуулар  кирет. Тренингдин катышуучулары «Эгерде үй-бүлөөдөгү түгөйлөрдүн бири дартка чалдыккан болсо эмне кылуу керек, жана бул туурасында Ислам эмине дейт?», «Дартка чалдыккандар бала күтсө болбобу?», «Кургак учук менен ооругандарды салт кабыл алабы?», «Мечитке келгендер кургак учук менен ооругандарга кандай мамиле кылуулары керек жана ала мечитте келип намаз окуса болобу?», «Шарият боюнча андай ооруну оолактатууга жол берилеби?», «Дартка чалдыккан мусулман аялга үйлөнсө болобу же мусулман эркекке турмушка чыкса болобу?», «Ислам боюнча кандай жардам көрсөтүлгөн?» жана башкалар туурасындагы суроолорго жооп алышты.

Кыргызстанда, КР  Саламаттык сактоо министрлигинин иши жана анын жергиликтүү кошундар жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кургак учукту дарылоо жана аны аныктоодо ачыктыкты жакшыртуу, ошондой эле өзгөчө аярлуу топтордун арасында дарыланууга жактоочулуктун денгээлин көтөрүү, кургак учук менен ооругандарды колдоону жакшыртуу  үчүн саламаттык сактоо секторунан сырт жергиликтүү администрация жана мамлекеттик мекемелер менен кызматташуу иштери кургак учукту алдын алууда бирден бир маанилүү багыттардын бири болуп саналат.

Мааламат үчүн:

2017-жылдын 10-юлунда,  өтүп жаткан жылдын алты айынын ичиндеги саламаттык сактоо системасынын ишмердигин жыйынтыктоого арналган КР Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында республикада кургак учук оорусунун жалпы денгээлинин бир аз да болсо төмөндөгөндүгү белгиленди.  2016-жылдагы биринчи жарым жылдыгында пенитенцианар секторундагы бейтаптарды кошуу менен калктын 100 миң адамына – 43,8 болуп  2647 оорулуу катталган болсо, 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында калктын 100 миң адамына  – 41,3 болуп, алгач кургак учук менен ооруган 2540 катталган. Өлкөнүн региондорунда кургак учукту малекулярдык-генетикалык ыкмада аныктоону киргизүү уланып жатат.

Ошондой эле, баштапкы медициналык-санитардык жардам берүү жаатындагы жана кургак учукка каршы туруу мекемелеринин бардык дарыгерлерине кургак учуктун окуяларын каттоо сапатын жакшырышына алып келген такталган-отчет берүү иш кагаздарын киргизүү боюнча окуулар өткөрүлгөн.

Улуттук «Кургак учук – 5» программасы иштелип чыккан жана ал макулдашууга жиберилген.

КР Өкмөтүнүн  2017-ж. 17.01. №9 буюртмасы менен «Кыргыз Республикасында 2017-2026-жылдарга кургак учукка каршы туруудагы жардам берүү системасын оптимизациялоо жөнүндө» иш жүргүзүү Планы бекитилген.  

Кургак учукту заманбап тез жана сапаттуу аныктоо үчүн  СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун каражатына дагы 8 Xpert MTB/Rif платмормасы сатылып алында жана орнотулду. Эми республикада, ичинде кургак учуктун дарыга туруктуу түрүн жана аны  тез аныктоочу 24 платморма иштеп жатат.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борбору.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38