KELECHEK

Сузактын Барпы айыл аймагында жайгашкан №27 булакты басып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду (ФОТО)

Сузактын Барпы айыл аймагында жайгашкан №27 булакты басып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду (ФОТО)

Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагында жайгашкан №27 минерал суусу чыккан булакты Казыбек Ташиев баш болгон тургундар 12-июлда эртең менен барып басып алышкан. Бул боюнча КЖКнин 353-беренеси менен (“Өзүм билемдик”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

“Келечек” жабык акционердик коомуна караган ПЭТ “Бурулсун” ишканасынын коопсуздук боюнча жетекчиси Самаган Чомоновдун берген маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 12-июль күнү саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууган агасы Казыбек Ташиев Барпы айыл өкмөт башчысы Абдисатар Сыргабаев менен келишим түзүп, №27 минерал суусу чыккан булакты “өзүнө өткөрүп алдык” деп келишип, ал жерди өз алдынча басып алышкан.

“Мына 12-июлдан бери 280 адам иштеген “Бурулсун” ишканасынын иши токтоп турат. Барпы айыл өкмөтү каражат сарптап Жогорку сотко барып, бак турган жерди утуп алышыптыр. Негизи ал жерде 3 участок бар. Биринчиси 3,5 гектар жерге башында жумушчулар барып бак тигишкен. Азыр ал жер бак болуп калган. Ошол жерди айыл өкмөт утуп алыптыр. Ал эми экинчи жери 80 сотых жер, ал жерде №27 минерал суусу чыга турган скважина бар. Үчүнчүсү болсо, 1 сотых жерге кароол кана катары үй салынган. Минерал суусу чыккан жердин атайын кызыл китеби бар. Мамлекеттик каттоодон өтүп, ал жер “Келечек” ЖАКга карайт. Булар бак турган жерди булак турган жер деп алмаштырып алышыптыр. Мына 8 күндөн бери заводдо иш токтоп калды. Бул боюнча укук коргоо органдарына, жергиликтүү бийликке кайрылганбыз. Азырынча жооп жок”, - дейт С.Чомонов.

Биз аталган ишканага барган учурда жумушчулар өздөрүнүн нааразычылыктарын билдиришип, өз алдынча К.Ташиев тарабынан басып алуу фактысы боюнча укук коргоо органдары тез арада чара көрүшсө жакшы болот  эле деген ойлорун билдиришти. Алардын айтымында, ишкана жайкы сезон учурунда 2 ай гана жакшы иштеп калууга аракет жасашат. Мына ушундай кызуу иш жүрүп жаткан учурда №27 минерал суусу чыккан булакты басып алуу ишти үзгүлтүккө учуратууда.

Сузак райондук ИИБү тарабынан бул факты боюнча КЖКнын 353-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөөнүн купуялуулугу үчүн толук маалымат берилбей тургандыгын билдиришти. Ал эми Сузак районунун акими Абдимуктар Маматов бул факты боюнча эч кандай маалыматы жок экендигин айтса, Барпы айыл аймагынын башчысы Абдисатар Сыргабаев жыйналышта болгондуктан, жооп бере албай тургандыгын телефон аркылуу билдирди.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

“Жалалабатэлектро” ААКу 35 кВ  “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысын...

“Жалалабатэлектро” ААКу 35 кВ “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысын...

Токтогул районуна караштуу 22 чакырым “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысы жогорку...

Аймак 2018-10-11  02:18

Ала-Букада такталбаган чек арадагы жол сүйлөшүүдөн кийин оңдоло...

Ала-Букада такталбаган чек арадагы жол сүйлөшүүдөн кийин оңдоло...

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында Өзбекстан...

Аймак 2018-10-04  17:15

Кадамжайда кытай ишкерлерин контейнерге камап салгандар боюнча...

Кадамжайда кытай ишкерлерин контейнерге камап салгандар боюнча...

Кадамжай районунун Майдан айылында Шамбесай кенин иштеткен кытайлык ишкерлерди коркутуп,...

Аймак 2018-09-28  16:43

Ноокен районунун Кара-Сай жаңы конушу электр жарыгы менен камсыз...

Ноокен районунун Кара-Сай жаңы конушу электр жарыгы менен камсыз...

“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому 2018-2019-жылдын күз-кыш айларында болгон камылгаларын...

Аймак 2018-09-24  12:26

Таш-Көмүр шаарынын энергетиктери күз-кыш айларына карата...

Таш-Көмүр шаарынын энергетиктери күз-кыш айларына карата...

Таш-Көмүр шаарынын Достук көчөсүндө аба-ырайы кескин өзгөрүүгө учураганда авариялык өчүүлөр катталып...

Аймак 2018-09-24  12:33

Баткен: чек арадагы тирешүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Баткен: чек арадагы тирешүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Кыргыз-тажик чек арасында тургундардын тирешүүсү боюнча Баткен жана Исфара райондорунун акимдери...

Аймак 2018-09-14  10:17