KELECHEK
rek

Жалал-Абадда шайлоо убагындагы коопсуздук жана тартип маселеси талкууланды

Жалал-Абадда шайлоо убагындагы коопсуздук жана тартип маселеси талкууланды

Жалал-Абад шаарынын мэриясында укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмеси өткөрүлүп, анда президенттик шайлоо убагында шаар аймагында мыйзамдуулукту, коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу чаралары талкууланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, жергиликтүү бийлик тарабынан шаардагы бардык мекеме-ишканалардан президенттик шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү убагында өздөрүнө тагылган милдеттерди, башкача айтканда, шайлоо участокторунун жана комиссияларынын ишин материалдык-техникалык жактан жогорку деңгээлде камсыз кылуу жагы талап кылынды.

Кеңешмеде Борбордук шайлоо комиссиясынын шаардагы өкүлү Дамир Жүндүбаев президенттик шайлоо мыйзамдарына ылайык, кайсы даярдык иш-чаралары болорун маалымдаса, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана прокуратуранын өкүлдөрү мыйзамдуулукту сактоо боюнча талап күчөй турганын, мыйзамсыз аракеттерге каршы кескин чаралар көрүлөрүн билдиришти. Мисалы, өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо убагында мыйзам бузган фактылар боюнча бир нече кылмыш иштери козголуп, сотко өткөрүлгөнү тууралуу айтылды.

Ошондой эле, кеңешмеде шаар боюнча коррупцияга каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселе каралып, шаардын прокуратурасы жер мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча калктан, субъектерден арыздар түшүп, алар текшерилип жатканын маалымдады. Муниципалдык мүлктү башкаруу комитети, шаардык мамлекеттик салык кызматы, билим берүү башкармалыгы өз тармактарында коррупциянын алдын алуу боюнча жасап жатышкан иштер тууралуу баян курушту.  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24