KELECHEK
rek

Министрлик Балыкчы төрөтканасындагы чыр боюнча иликтөөсүн аяктады

Министрлик Балыкчы төрөтканасындагы чыр боюнча иликтөөсүн аяктады

Саламаттыкты сактоо министрлиги Балыкчы шаарында эгиз баланын бири төрөт учурунда жоголгон болушу мүмкүн деген арыз боюнча иликтөөсүн аяктады. Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, атайын түзүлгөн комиссия окуя болгон жерге барып, андагы бардык медициналык документтер менен таанышып чыккан.

Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө арыз менен кайрылган жаран төрөтканага каттоого турганда медициналык китепчесине эгиз бала күтүп жаткандыгы жазылганы аныкталган. Бирок төрөтканага жаткырылгандагы жазууларда эгиз балдар тууралуу эч маалымат болгон эмес. Кийинчерээк ал жазуулар алмашып, УЗИнин протоколдору да ар башка болуп чыккан.

Медиктер адистерге УЗИ туура эмес маалымат берген болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарышпайт. Айтымдарында, эски аппараттар сапаттуу визуализацияга жөндөмдүү эмес.

«Төрөт маалында 3 килограмм 250 граммдык бир эле кыз төрөлгөн. УЗИнин кош бойлуулуктун ар кайсыл мезгилиндеги сүрөттөрү жок экендигине жана ал боюнча стационардагы жазуулардын эки ачакей болгондугуна байланыштуу, аялдын эгиздерди же бир эле баланы көтөрүп жүргөндүгүн так аныктоо мүмкүн болгон жок", - деп айтылат комиссиянын корутундусунда.

Балыкчыдагы бул окуя тууралуу июлдун башында белгилүү болгон. Шаар тургуну Данияр Чыбыев жубайы Махабат Намазбекова июндун башында көз жарганын, ага чейин сегиз жолу УЗИ аппараты эгиз бала деп көрсөткөнү менен доктурлар бир эле бала төрөлдү деп айтканын билдирген.

Бирок дарыгерлер эгиз бала болбогонун, төрөт маалында аял эсин жоготпогунун жана бардыгын көрүп турганын айтышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38