KELECHEK
rek

Жалал-Абаддагы Барпы театрында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди (ФОТО)

Жалал-Абаддагы Барпы театрында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди (ФОТО)

Кечээ, 29-июнда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанатуу маанайда белгиленди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу жыйынга облустун бардык район-шаарларынан медицина тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери, медициналык атайын орто окуу жайларынын жана медицина коллеждеринин студенттери катышты. Салтанаттуу жыйынды Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Маматжан Миянов ачып, медицина кызматкерлерин куттуктоо үчүн алгачкы сөздү ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабековго берди.

      

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана өзүмдүн атымдан Сиздерди медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктаймын. “Элдин ден соолугу – мамлекеттин башкы байлыгы” дегендей, саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин коомдогу ардактуу жана жооптуу иштери ар тараптан алкоого татырлык. Ак халатчан дарыгерлер менен медайымдар адам өмүрүнө өмүр, жашоосуна жашоо улаган дүйнөдөгү эң асыл жана гумандуу, ошондой эле ардактуу кесип ээлери. Ак халатчан дарыгерлердин эмгеги – майрам жана дем алыш күндөрүн билбеген, бардык күчтү, чексиз айкөлдүктү, сезимталдыкты, боорукердикти, өтө чыдамкайлыкты жана эрдикти талап кылган кайратман эмгек. Адам баласы кайсыл бир дартка, же ооруга чалдыгып, жаныбыз кыйналганда биринчи кезекте дарыгерлерге кайрылабыз. Биздин сакайууга болгон үмүтүбүз толугу менен аларга байланыштуу болуп калат.  Мындайда Гиппократтын антына бек турушкан ак халатчан дарыгерлерибиз биринчилерден болушуп бейтаптарга жардам колдорун сунушат.

Жарандарыбыздын саламаттыгын сактоо, калкыбыздын ден соолугун коргоодо медициналык  профилактык иштерди жүргүзүү натыйжалуу экендигин терең сезе билишибиз абзел. Дарыгерлердин так диагнозу коюлмайын ден соолукту аптекадан сатып алууга болбой тургандыгын элибиз дагы жакшы билип калышты. Мамлекетибиз тарабынан калктын бардык катмарларын жашаган жерине жана материалдык мүмкүнчүлүгүнө карабастан медициналык сапаттуу жардамдан пайдалануусун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди жасоодо. Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасында ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн курулушу жана Түштүк аймактык  жүрөк, кан-тамыр кардиохирургия илимий борборунун ремонттоо иштери ыкчамдатылган негизде  жүргүзүлүп жатат.  Россия Федерациясы тарабынан мобилдүү көчмө клиниканын келиши, областтык төрөт бөлүмүнүн кеңейиши  калкыбыздын ден соолугун коргоодогу саамалыктуу иштерден болуп калды десек жаңылбайбыз. Ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагынын мекемелери заманбап медициналык жабдыктар менен камсыз болушууда.

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын. Элибиздин ден соолугун коргоодогу жооптуу жана ардактуу кесибиңиздерде ар дайым ийгиликтер коштосун. Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана бакубат турмуш каалаймын. Ар дайым элибиздин алкоосунда болуңуздар.  Кесиптик майрамыңыздар куттуу болсун!,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков.

Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу жыйында саламаттыкты сактоо тармагына сиңирген өзгөчө татыктуу эмгектери үчүн бир катар дарыгерлер жана медайымдар КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак грамоталары” жана “Алкыш” баракчалары менен сыйланышты.

Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган жыйында дарыгерлер менен медайымдарды Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматиллаева, саламаттыкты сактоо тармагынын кадырман ардагери Кадырбек Эргешов жана Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Маматжан Миянов куттукташты.

Майрамдык салтанаттуу иш чара саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери тарабынан даярдалган концерт менен коштолду.

 

     Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38

Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда

Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда

«Балдарбы же мунайбы?” коалициясы Казакстан бийлиги менен Chevron, Eni, BG Group, «Лукойл» жана...

ДЕН СООЛУК 2016-06-02  13:44