KELECHEK
rek

Жалал-Абадда автоматташтырылган система аркылуу иштөө боюнча тренингдер өтөт

Жалал-Абадда автоматташтырылган система аркылуу иштөө боюнча тренингдер өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 24-майынан 10-июнуна чейин Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облусунун аймагында үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду кабыл алуу, каттоо жана тандоо боюнча автоматташтырылган система менен иштөө боюнча тренингдер өтөт. Бул боюнча долбоордун коомдук байланыш боюнча адиси Нургүл Жаманкулова билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, тренингдерге элеттик жана шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шаардык кеңештердин, райондук администрациялардын жана райондук финансы бөлүмдөрүнүн үч жүзгө жакын өкүлү катышат. Окуу иш-чаралары Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору  (мындан ары – долбоор) тарабынан өткөрүлүп жатат.

КР Финансы министрлиги 2016-жылдын 1-кварталында “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар” беренеси боюнча долбоорлорду кабыл алуу, каттоо, тандоо боюнча автоматташтырылган системаны иштеп чыккан. Система республика боюнча пилоттук режимде ишке берилди. Пландалган тренингдер жогоруда аталган үч облустун ЖӨБ органдарынын жана маморгандарынын өкүлдөрүнө үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын шаардык жана айылдык аймактарынын инфраструктурасын жакшыртууга өтүнмөлөр, анын ичинде өтүнмөлөрдү берүүнүн автоматташтырылган жол-жобосу менен тааныштырып, билим берип, көндүмдөргө үйрөтүү максатын көздөйт. 

КР Финансы министрлигинин дем берүүчү гранттар бөлүмүнүн башкы адиси Болот Касымовдун айтымында, окуунун жүрүшүндө катышуучуларга Өкмөттүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы тартиби тууралуу маалымат берилет.

“Буга кошумча биз долбоорлорду каржылоонун тартибин жана жол-жоболорун карап чыгып, долбоордун тибине жараша документтердин тизмегин талкуулайбыз. Ишке ашыруу процессинде долбоорлорго мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы маселесин да өзүнчө карайбыз”, - деди Болот Касымов.

Тренингдерди өткөрүү графиги жана географиясы боюнча Жалал-Абад облусунда 2016-жылдын 2-3-июнь күндөрү, Жалал-Абад шаарынын «Мөл-Мөл» мейманканасында, Ала-Бука айылынын «Балтагулов» кафесинде өтөт.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13