KELECHEK
rek

Жалал-Абадда ар бир ҮДТда кош бойлуулар үчүн энелер мектеби иштеп жатат (ФОТО)

Жалал-Абадда ар бир ҮДТда кош бойлуулар үчүн энелер мектеби иштеп жатат (ФОТО)

Жалал-Абад облусунда ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кош бойлуулар үчүн энелер мектеби уюштурулуп, ал жерде кош бойлуу аялдарга атайын сабактар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Хадича Пратова билдирди.

Анын айтымына караганда, ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда энелер бөлмөлөрү иштеп, анда келген аялдарга үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча да сабактар өткөрүлүп турат. Боюнда бар аялдарды көзөмөлгө алган учурда иштебеген аялдарга бекер камсыздандыруу күбөлүгү алынып берилип жаатат. Ал эми 2017-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен 241 аялга бекер камсыздандыруу күбөлүгү алынып берилген.

- Негизинен боюнда бар аялдарды кеч көзөмөлгө алгандыгынын себеби, медициа кызматкерлери өз участкаларында боюнда болгон аялдарды өз убагында таба албай жатышат. Россияда, Казакстанда жана башка шаарларда миграцияда жүрүп, кеч келишүүдө. Бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кош бойлууларды төрөткө чейинки даярдоо мектеби ачылган. Бардыгы болуп энелердин мектебинен 958 кош бойлуу аял өттү. Кош бойлуу аялдардын арасында кездешкен патологиялар 5 айдын ичинде 780ге жетти. Анын ичинен аз кандуулук 666, кан тамырларынын варикозу - 5, кан басымынын жогорулашы – 2, бөйрөктүн кабылдоосу – 5. Бул аялдарды диспансердик каттоого алып, ден соолуктарын калыбына келтирүү иштерин жүргүздүк. Ошол оорулуу деп табылган 780 аялдын ден соолугун калыбына келтирүүгө көмөктөшүп, 80 пайызын контрацепция (боюна болтурбоочу каражаттар) менен камсыздадык. Себеби, бул аялдар быйыл төрөсө, кийинки төрөткө 3 жылдан кем эмес убакыт болуш керек, - деди Х.Пратова.

Х.Пратованын айтымында, Жалал-Абад шаары боюнча 2016-жылдын 5 айында төрөттүн саны 1179 болсо, быйылкы жылдын 5 айында төрөттүн саны 196га азайган. Өлүк төрөлгөндөрдүн саны 2016-жылы 14 болгон, бул 3кө азайган.  Көзөмөлгө алынган кош бойлуу аялдарды 100 пайыз клиникалык протоколдун негизинде лабороториялык изилдөөлөрдөн өткөн. Кош бойлууларга 100 пайыз фолиевая кислота, кан аздуулукту алдын алуу үчүн кан дарысы, богок оорусун алдын алуучу иод препараттарын алышты. Тиш дарыгеринин көзөмөлүнөн 891 кош бойлуу өттү. Анын ичинен дарылоого муктаж кош болйлуулардын саны 253 болсо, 194 аял дарыланып бүттү.

“Ал эми Жалал-Абад шаарында аялдардын саны 37043 болсо, анын ичинен төрөт жашындагы аялдар 26245ти түзөт. Үстүбүздөгү жылдын 5 айында алдын ала кароодон өткөрүүгө 12404 аял пландаштырылса, 9967 аял, же 80 пайызы алдын ала кароодон өткөн. Кароодон өткөн аялдардын 357нен оорулар табылган. Анын ичинен 269 аял дарыланып, 129у диспансердик каттоого алынып, көзөмөлгө коюлду”, - дейт Х.Пратова.

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун акушер-гинекологу Арзыкан Чойбекованын берген маалыматына караганда, Жалал-Абад шаарында көзөмөлдө турган кош бойлуулардын саны 1688ди түзөт. Шаар боюнча 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бар.

- Кош бойлуулардын бардыгы үй-бүлөлүк дарыгерлердин аймактары боюнча ошол жерде каттоодо турушат. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда көзөмөлгө алынышат, ошол жерде төрөгөнгө чейин дарыгерлер тарабынан байкоодо болушат. Бизде шаарда 5 айдын ичинде 983 төрөт болду. Ошонун ичинен 2017-жылдын 5 айында ай-күнүнө жетпей эрте төрөгөндөрдүн саны 22, төрөт үйүндө 8 бала өлдү, 11 бала жансыз төрөлдү. Мунун ар кандай себептери бар. Кош бойлуулар арасында ар кандай жугуштуу оорулар да кездешип жатат. Миграция көп таасир кылууда. Бизде төрөт жаштагы аялдардын саны 20700. Биз аларды планга коёбуз. Жылда төрөбөй, өзүнүн ден соолугун караш керек. Планга койгондон кийин, төрөт жжашындагы аялдарды контрацепция каражаттары менен камсыз кылабыз. Жылда төрөгөн аялдар быйыл 5 айда 89 болду. Бул аялдарга бойго бүтүрбөөчү каражаттар жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча атайын кеңештер берилди. Бул аяладарда үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча жакшы түшүнүктөрү жок. Аялдарга айтат элек, кош бойлуу болгонго чейин ар бири өзүнүн ден соолугун карап, ар бир төрөлө турган балдардын ортосу 3 жаштан болгон аралыкты сактаса, аялдардын да, төрөлгөн баланын да ден соолугу чың болот эле, - дейт А.Чойбекова.

Акушер-гинеколог А.Чойбекованын айтымына караганда, ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда энелердин мектеби бар. Ошол жерде кош бойлуу аялдар окутулат. Төрөгөнгө чейин өзүн кантип алып жүрүшү керек, төрөт учуруна кантип даярануусу керек, балдарды төрөгөндөн кийин кантип сактануу жолдору,  балдарды кантип эмизүү боюнча энелер мектеби азыркы учурда иштеп жатат. Кош бойлуу аялдардын баары энелер мектебинен өтүшөт.

“Төрөт жашындагы аялдар келсе, алар менен аңгемелешүүлөр өткөрүлүп, үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча кеңештер берилет”, - деди А.Чойбекова.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, “KOGART.KG”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38