KELECHEK
rek

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын укугу бузулбайт”

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын укугу бузулбайт”

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу Нурумбетова Гүлзат Балтахуновна үй-бүлөнү пландаштырууда калк арасында аткарып жаткан иштери боюнча биздин бир нече суроолорубузга жооп берди.

- Гүлзат Балтахуновна, үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча сиздердин борбор кандай иштерди аткарып жатат?

- Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борбору үй-булөнү пландаштырууда 1998-жылдан бери иштеп келебиз. Биздин борбор ачылганда эле негизги багыты – үй-бүлөнү жөнгө салуу, пландаштыруу болгон. Үй-бүлөнү пландаштыруу дегенде башында көпчүлүк учурда калк арасында туура эмес түшүнүшүп, төрөттү чектөө, балдардын санын азайтуу деп түшүнүп келишкен. Ошол себептен, дарыгерлер үчүн көптөгөн семианарларды өткөрүп, элге туура жеткирүүгө аракеттер болду. Үй-бүлөнү пландаштыруу – денисак энеден, денисак бала төрөлөт. Күтүлгөн убакытта, күтүлгөн баланын дүйнөгө келиши. Ошондой эле, үй-бөлөнү пландаштыруу – бул керек эмес учурда аборт жасатпай, бойдон алдыртпай, төрөп таштап кетпей, ушул проблемалардан алыс болуу үчүн туура кош бойлуулукту жөнгө салуу болуп саналат. Үй-бүлөнү пландаштыруу мамлекеттик деңгээлдеги өтө чоң проблема болуп эсептелет. Саламаттыкты сактоо тармагында эң негизги проблемалардын бири десек да болот. Себеби дегенде, ар бир үй-бүлөдө эненин ден соолугу чың болсо, ал энеден ден соолугу чың бала төрөлөт. Ал эми баланын ден соолугу чың болсо, биздин келечектин денисак болот.

Биздин борборду 18 жылдан бери ар түрдүү эл аралык уюмдар гуманитардык жардам катары бойго болтурбоочу каражаттар  менен жабдып келишет. Биз  облустук борбор катары облустун калкына гуманитардык жардамды таратуу, дарыгерлерди контрацепция ыкамалары боюнча (бойго болтурбоочу каражаттар),  туура таратуу, колдонуу боюнча окутуп келгенбиз. Ошол бойго болтурбоочу каражаттардын ичинен аябай ассортименттери көп. Мисалы:  гармоналдык таблеткалар, презервативдер, спиралдар, хирургиялык жолдор менен сактанууга болот.

Үй-бөлөнү пландаштыруу  бир эле  медицина тармагынын, же акушер-гинекологдордун проблемасы эмес, бул жалпы элдин проблемасы. Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын укугу бузулбайт, керектүү деңгээлде көңүл бурулат. Ошол баланы сүйүп, сүймөнчүктөп багышат. Ал балага керектүү деңгээлде тамак-аш, кийим-кечек, жата турган жери, окуганга зарыл шарттар менен камсыз болот. Ошондуктан, бул жалпы мамлекеттин проблемасы. Үй-бүлөнү жакшы пландаштырса, коомдун жана  улуттун келечегинин  денисак болот деп эсептейм.

- Балдардын төрөлүшүнүн аралыгы канча жаштан болушу керек?

- Балдардын төрөлшүнүн аралыгы да үй-бүлөнү пландаштырууда өтө маанилүү. Бизде көп балалуу үй-бүлөлөр өтө көп, 2 же 3 баланы төрөгөнгө чек коюлган эмес. Жаш жубайлар канча балалуу болгусу келсе, ошол балдардын төрөлүшүнүн интервалы (аралыгы) туура сакталса, баланын да ден соолугу чың болот. Мисалы, жылда төрөгөн аялдар бар. Жылдын башында төрөсө, кайра эле ошол жылдын этегинде төрөгөндөр да болот. Көп төрөгөн аялдар биринчиден түйүлдүккө болгон өзүнүн организминдеги бүт күчүн, зарыл керектүү затын берип, кийинки төрөй турган баласына, кош бойлуулукка организм даяр болбой калат. Даярданбай туруп эле, биринин артынан бирин төрөгөн аялда аз кандуулук пайда болот. Мындай аялдарда аз кандуулуктун негизинде чачы түшүп, тиштери күүлүп, баласы да аз кандуу болуп, ар түрдүү оорулар менен төрөлөт. Көптү төрөгөн, төрөттүн ортосун жакшы сактабаган аялдарда аз кандуулук пайда болуп, энелердин өмүрү да кооптуу болуп эсептелет.

Мусулманчылкта деле баланы 2-2,5 жашка чейин эмизүү керек деп айтылат. Ошол 1,5 жашка чейин бала өзү тамак жей ала турган болуп калат. Энени кыйнабай, өзү горшокко бара турган болуп калганда, кийинки наристе төрөлө турган болсо, энеге да жакшы болот. Ошол себептен, эки баланын ортосундагы эң жакшы интервал 2,5-3  жыл болуп саналат. Бул аралыкта баланы толук кандуу эмизип, багып, ошол баланын жакшынакай кылып чоңойтконго жана эне да кийинки төрөткө даяр болот.

Үй-бүлөнү пландаштырууда 18 жашка чейинки курактагылардын төрөттөрү болбогону жакшы. Себеби дегенде 18 жашка чейинки курактагы кош бойлуу болгон энелерде организми физиологиялык жактан жетиле элек болот. Өспүрүм энелерде боюнан түшүп калуу, аз кандуулук, төрөт учурунда ар кандай жабыркоолорго дуушар болгон учурлар көп кездешет. Жаш энелер да төрөт учурунда травма алып, төрөткө даяр болбогондуктан,  ар кандай ооруларга чалдыккан учурлар болот. Ошол себептен, 18 жашка чейин медициналык жактан да эне даяр эмес, социалдык жактан да эне камсыз болбой, никеге турбай граждандык никеде жашагандыктан, өзүнүн үйү жок, эгер ажырашкан болсо, эч нерседен жок калып калышууда. Бул дагы үй-бүлөнү пландаштырууда ата-энелердин шашылып, өспүрүм курактагы кызын турмушка бергендиктен улам келип чыгат. Анан 18 жашка чейинки энелерде да ар кандай жыныстык ооруларга туруштук берүү начар болот.

- Энелер канча жашка чейин төрөсө болот?

- Энелердин төрөтү 35 жашка чейин болгону жакшы. Адам өзү улам улгайган сайын энелердин урук бездери да жылдан-жылга картайа баштайт. Ошол 35 жашка чейинки балдар өтө денисак, ден соолугу чың, толук кандуу болуп төрөлөт да. Эми 35 жаштан кийин аялды төрөбөйсүн деп анын укугун бузганга эч кимдин акысы жок. Аялдардын 40-50 жаштан кийин деле, же 18 жашка чейин төрөйм десе, анын акысы бар. Ага эч ким жолтоо болгонго укугу жок. Бирок, медициналык жактан кооптуулугун түшүндүрүп айта турган болсок, өзүнүн өмүрүн коркунучка дуушар кылбашы керек. Эми жок эмес, 35-40-50 жаштан кийин деле жакшынакай балдарды төрөгөндөр. Аялдар 35 жаштан кийин төрөй турган болсо, балдардын даун оорусуна, тукум куучулук ооруларга чалдыгып калуусу көбүрөөк болот. Ошол себептен, 35 жаштан кийин төрөй турган болсо, ал аялдарды боюнда бар мезгилде акушердик клиниктен бардык оорулардын вирустарына текшерип чыгабыз. Өнүккөн Европа мамлекеттеринде төрөт түшүп кеткен. Аларда 30-35 жаштан кийин турмушка чыгып, 40тан кийин төрөгөндөр деле бар. Медициналык көзөмөл менен, ден соолугу жакшы болсо төрөсө болот. Бирок, эми үй-бүлөнү пландаштырууда ар нерсенин өз убагында болгону жакшы. Биринччи баланы төрөгөн менен 5-6чы баласын төрөгөн аялдарда чарчоо, кечинде баланы кароодо кыйынчылыктар болот. Муну мага келген ар бир аял айтып бере алат. Ошол себептен, бул үй-бүлөнү пландаштырууга кирбейт.

- Үй-бүлөдөгү гармонияны сактап калууда эркектердин ролу кандай?

- Үй-бүлөдөгү гармонияны сактап калууда эркектердин да ролу болушу керек. Мурда аял канчаны төрөйт, сактанабы, спирал койдурабы, бул аялдын проблемасы деп, эркектер көп көңүл бурчу эмес. Акыркы жылдарда аялдары менен эркектер кошо келип, сүйлөшүп, кеңешип маселени чогуу чечишкен учурлар болот. Үй-бүлөнү пландаштырууда күйөсү менен жубайлар ортосунда кандай сактанууга болот жана канча балалуу бололу?- деп экөө бирге чечишкенде үй-бүлөдө гармония орнойт. Жыныстык жактан деле алганда, эркек менен аялдын ортосунда мамиле жакшы жана бекем болот деп айта алабыз. Эгерде энеси эч кандай оору менен оорубай, эрекектер да энесине жакшы көңүл буруп, жакшы мамиле кыла турган болсо, күйөсүнүн колдоосу менен жакшынакай сактанып жүргөн аял эркекти да канааттандыра алат. Үй-бүлөнү пландаштыруу бул жубайлардын ортосундагы мамилени бекемдеп, келечекеги туягынын эсен-аман төрөлүшүнө да жакшы шарт түзөт.

- Эмне себептен, акыркы учурда аборттун саны кескин өсүп жатат?

- Кээ бир үй-бүлөлөрдө жаш келиндерди кайын энелери жашыңда биринин артынан бирин төрөп ал дешет. Илгери энелерибиз 10-15тен төрөшчү. Ал мезгилде экология таза болуп, жеген-ичкен тамактарында химикаттар жокко эсе болчу. Алар сактануунун жолун билишпегендиктен улам, биринин артынан бирин төрөп жатып, 10го чейин балдарды төрөшкөн. Ал кезде көңүл ток, заман тынч болгондуктан, жакшынакай балдар төрөлө берген. Ал эми азыр болсо, чет мамлекеттердегидей 4-5тен гана бала төрөп, сактануунун көптөгөн түрлөрүнө карабай, аборттун саны өсүп, үй-бүлөнү пландаштыруунун билбеген жубайлар көп болуп жатат. Бул да болсо, өзүнүн ден соолугуна кайдигер мамиле жасагандан улам десек болот.

Аборт – бул үй-бүлөнү пландаштырууга кирбейт. Аборт кылуу менен нормалдуу өсүп жаткан кош бойлуулукту токтотуп салып жатабыз. Аборт деген – аялдардын организмине сөзсүз терс таасирин тийгизет. Фарум аборт - таблеткалар менен бойдогу баланы түшүрүп жиберет. Нормалдуу өсүп жаткан түйүлдүктү аборт жолу менен үзгүлтүккө учуратып, кош бойлуулукту токтотуп салуу, организмге чоң стресс берет. Себеби, дегенде кош бойлуулук башталгандан аялдын организми ошого ылайыкташып, өзгөрө баштайт. Аборт жасаткандан кийин, бул өзгөрүүлөр өзүнөн-өзү чоң тоскоолдукка кабылат. Азыркы учурда аялдарда миома, кисталар, гармоналдык өзгөрүүлөр көп.

Ошондой эле, аялдардын төрөттөгү өлүмү бул чоң проблема бойдон калууда. Себеби, буга миграциянын таасири тийип жатат. Боюнда бар аялдар миграциядан улам, бир жерге каттоого турбай, ар кайсы жерде болгондуктан, аларды көзөмөлгө алуу да кыйындыкты жаратууда. Кош болйуу учурунда убагында каттоого турбагандык, аз кандуулук, жыныстык жол менен жугуучу оорулардын көп кездешүүсү да үй-бүлөнү пландаштыруу сыяктуу аялдар арасындагы актуалдуу проблемалырдын бир болуп эсептелет.

Дагы бир эскертип кете турган нерсе, үй-бүлөнү пландаштырууда үйлөнүп жаткан жаштар алгач өздөрүн медициналык текшерүүдөн өткөрүп, анан үй-бүлө курушса, ар кандай жыныстык оорулардын алдын алууга болот. Мурда бииздин борбордо жаш жубайларды үй-бүлө куруудан мурун атайын межициналык текшерүүдөн өткөрчү элек. Кийин муну адам укугун бузат деп, жоюп салышты. Ошол себептен, ар кандай жыныстык жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн үй-бүлө курардан мурун жаштар текшерүүдөн өтүшсө жакшы болмок. Үй-бүлөнү пландаштыруу биринчи кезекте жубайлардын ден соолугунун сак болуп, денисак балдардын дүйнөгө келишине жакшы шарт түзүп берүү болуп саналат. Төрөгөндөн  кийин да баланы эмизүү менен кийинки төрөткө сактанууга болот. Себеби, баланы эмизип жатканда, аялдын боюна бүтпөйт. Бул үй-бүлөнү пландаштыруунун эң жакшы жолу. Туура үй-булө пландаштырылса, алардын үй-бүлөлүк кирешесине да жакшы шарт түзүлөт.

- Гүлзат Балтахуновна, кызыктуу маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Маектешкен Анархан ЖАҢЫБАЕВА, “KOGART.KG”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34...

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34...

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек...

ИНТЕРВЬЮ 2017-07-29  02:13