KELECHEK
rek

CNN: Магнитский иликтеген акчалар Сириядан чыкты

CNN: Магнитский иликтеген акчалар Сириядан чыкты

CNN телеканалынын журналисттери Сергей Магнитскийдин ишине байланыштуу документтер алардын колуна тийгенин жарыялашууда. Магнитский кылмыштуу каржылык схеманын бетин ачкандан кийин 2009-жылы Москвадагы түрмөдө өлгөн.

CNN Орусиядан башкарылган жана орус бийликтери менен байланышы бар инвестициялык топ кеминде 900 миң долларды Сириядагы химиялык курал жасоочу программаны каржылаган фирмага которгон деп бекемдөөдө.

2007-2008-жылдардагы келишим жана банк документтери боюнча, бул инвесттоп Balec Trading Ventures деп аталган фирмага "жогорку технологиядагы эмерек" сатып алуу үчүн 3 млн доллардан ашуун акча төлөп берүүгө макулдугун берген. Банк документтери 900 миң доллардан кем эмес акча которулганын бекемдейт.

Ал эми орусиялык кылмыштуу топ менен байланышы бар компания Quartell Trading деп аталат. АКШнын юстиция министрлиги бул компания орусиялык салык төлөөчүлөрдөн уурдалган миллиондогон долларлар которулуп турчу көптөгөн ортомчу компаниялардын бири деп бекемдөөдө. Ага ылайык, бул каражаттар он жыл мурда "адалданган". Бул акчалар менен "Магнитскийдин иши" деп аталган коррупциялык иштин байланышы бар деп айтылууда.

Balec Ventures компаниясынын ээси Исса иль-Зейди аттуу орус жараны. АКШнын Каржы министрлиги ага каршы санкция киргизген. СNN бул компания нервди шал кылуучу куралдарды иштеп чыкканын бекемдөөдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...