KELECHEK
rek

"Ата Мекен": Текебаевдин документтери БШКга тапшырылды

"Ата Мекен" партиясынын лидери президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катышат. 18-июнда Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү шайлоого тиешелүү документтерин Боршайкомго тапшырды. Бул тууралуу анын ишенимдүү өкүлү, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Канатбек Азиз "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Биз, Өмүрбек Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү президенттикке талапкерлерден алдын ала алынуучу документтерди Боршайкомго тапшырдык. Мурда "Ата Мекен" партиясы Текебаевди президенттикке талапкер кылып көрсөткөн. Ошентсе да, Өмүрбек Чиркешовичтин жеке чечими менен ал Баш мыйзамдагы укугун пайдаланып, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен шайлоого катышмакчы.

Канатбек Азиздин айтуусунда, БШК Өмүрбек Текебаевдин документтерин алганы тууралуу кагаз жүзүндө бекемдешкен.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда чет мамлекеттен кайтып келе жатканда кармалып, камакка алынган. Ага "Мегаком" ишканасына байланыштуу коррупцияга аралашкан деген айып тагылган. 26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалуу.

Текебаевдин үстүнөн соттук териштирүү Биринчи Май райондук сотунда жүрүүдө.

Кыргызстанда президентик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Буга байланыштуу БШК 15-июндан тарта президенттикке ат салышууну каалаган жеке адамдарга жана саясий партиялар талапкерлерин сунуштоого расмий уруксат берген. Бул жараян 1-августка чейин улантылат. 10-сентябрга чейин талапкерлердин так тизмеси аныкталат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24