KELECHEK
rek

Майлуу-Суудагы эски көпүрө элдин үшүн алууда (ФОТО)

Майлуу-Суудагы эски көпүрө элдин үшүн  алууда (ФОТО)

Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш шаардык аймактык башкармалыгына караштуу Майлуу-Суу дарыясына курулган көпүрө көп жылдардан бери иштеп келгендиктен, азыркы мезгилде аябай эскилиги жетип, анын негизги таянычтарын дарыянын суусу алып, андан автотранспорт каражаттары өтпөй, эл гана жөө-жалаңдап өтүп калды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Кейиштүү абалдагы көпүрөнүн азыркы абалы менен жеринде ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, “Кыргызнефтегаз” ААКсынын генералдык директору Абдирашит Бостонов жана Майлуу-Суу шаарынын мэри  Нурадил Маматов таанышты. Азыркы тапта Майлуу-Суу дарыясындагы суунун көлөмүнүн көбөйүүсү көпүрө аркылуу автотранспорт каражаттарынын өтүүсүнө олуттуу коркунуч туудуруп калды. ӨКМнин адистери көпүрөнү азыркы абалында колдонуу өтө  кооптуу жана колдонууга жатпайт деген бүтүмүн чыгарышкан.

Майлуу-Суу шаарындагы Көк-Таш шаардык аймактык башкармалыгына караган Нефтепром жана Заречная көчөлөрүндө азыркы мезгилде 200дөн ашуун кожолук эл жашап жатышат. Шаар тургундары облустук жана жергиликтүү бийлик башчыларынан көпүрөнү кайрадан сапаттуу куруу өтүнүчтөрү менен кайрылышты. Бул көпүрөнү тээ союздун мезгилинде “Кыргызнефтегаз” ААКсы тарабынан курулган. Анткени бул чөлкөмдөн нефтини чалгындоо жана бургулоо иштери жүргүзүлүп келинген.

 - Көпүрө колдонууга коркунучтуу болуп калгандыгын өз көзүбүз менен көрдүк. Эми бул маселени көпүрө куруу боюнча тиешелүү  адистер толук изилдеп чыгышсын. Бул абалда көпүрөнү кайрадан ремонттоо дегеле мүмкүн эмес. Менин оюмча аны толугу менен бузуп, ордуна кайрадан жаңы көпүрө куруу зарыл деп эсептеймин. Ошондуктан тармактын адистери өздөрүнүн бүтүмүн чыгарып беришсин, ошого жараша иш туталы, - деди Кыргызнефтегаз” ААКсынын генералдык директору Абдирашит Бостонов.

Азыркы мезгилде Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш аймактык шаардык башкармалыгында 5000ден ашуун калк жашайт.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41