KELECHEK

Күбөлүксүз никеге тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору өткөн жок

Күбөлүксүз никеге тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору өткөн жок

Жогорку Кеңеш расмий күбөлүк ала элек жарандарга нике кыйгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесин четке какты. Мындай чечим парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды. Мыйзам долбооруна 44 депутат "макул", 61 депутат "каршы" деп добуш берди.

Документ жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоого, билим алууга, саламаттыктарына кам көрүүгө жана түгөйүн өз каалоосу менен эркин тандоого багытталган. Мажбурлап нике кыйдырууга тыюу салган.

Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодекстерине сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирүү киргизилген. Ошондой эле нике күбөлүгү жок түгөйгө нике кыйган молдолорду жоопкерчиликке тартуу жагы каралган.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда аялдардын 15 пайызы 18 жашка, ал эми бир пайызы 15 жашка толо электе күйөөгө чыгат. Кыргызстан Евразия чөлкөмүндө турган 35 мамлекеттин арасында 15-19 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөдө 5-орунда.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Нур-Султан: көп балалуу энелер кайрадан нааразылык акциясын...

Нур-Султан: көп балалуу энелер кайрадан нааразылык акциясын...

19-сентябрда Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда ондогон көп...

УКУК 2019-09-20  14:47

«Жарандык демилгелер коалициясы» Казакстанда 50дөй активист...

«Жарандык демилгелер коалициясы» Казакстанда 50дөй активист...

Казакстандагы «Жарандык демилгелер коалициясы» жума башынан бери өлкөдө 50дөй активист...

УКУК 2019-09-20  16:14

Өзбекстандын мурдагы прокурору үй камагынан абакка которулду

Өзбекстандын мурдагы прокурору үй камагынан абакка которулду

Үй камагындагы Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Отабек Муродов 18-сентябрда атайын кызматтын...

УКУК 2019-09-20  16:45

Иман Каримова өзбек өкмөтүнүн коррупциялык иштерин ашкерелей...

Иман Каримова өзбек өкмөтүнүн коррупциялык иштерин ашкерелей...

16-сентябрда Гүлнара Каримованын кызы Иман...

УКУК 2019-09-19  18:56

CPJ украин журналисти Георгий Гонгадзени өлтүргөн генералдын жазасын...

CPJ украин журналисти Георгий Гонгадзени өлтүргөн генералдын жазасын...

Эл аралык журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists, CPJ) украин бийлигин журналист Георгий...

УКУК 2019-09-17  17:01

Түркмөнстандын кызматтан алынган соода министри коррупция айыбы...

Түркмөнстандын кызматтан алынган соода министри коррупция айыбы...

Түркмөнстандын жакында эле кызматтан алынган мурдагы соода жана...

УКУК 2019-09-17  17:05

Өкмөт Иракта жүргөн 70ке жакын кыргызстандык баланы алып келет

Өкмөт Иракта жүргөн 70ке жакын кыргызстандык баланы алып келет

Өкмөт Иракта жүргөн 70ке жакын кыргызстандык баланы өлкөгө алып келгени жатат. Бул маалыматты Тышкы...

УКУК 2019-09-11  10:24