KELECHEK
rek

Кызыл-Жар-12 уран калдыгы сакталган жер эч бир министрликке карабайт (ФОТО)

Кызыл-Жар-12 уран калдыгы сакталган жер  эч бир министрликке карабайт (ФОТО)

Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар шаарча аймактык башкармалыгындагы кен калдыгы шаарчадан бир чакырымдай алыс жайгашканы менен анда жашаган адамдардын ден соолугуна  өзүнүн терс таасирин тийгизип келет.

Эч бир министрликтин карамагына кирбеген жалпы аяты 4 гектарды түзгөн кен калдыктары сакталган жердин азыркы учурдагы экологиялык абалы жана адамдардын ден соолугуна тийгизген терс таасири боюнча жүргүзгөн журналисттик иликтөөбүздү окурмандарга сунуштайбыз.

Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Өмүржан БАБАТАЕВдин берген маалыматына караганда, Кызыл-Жар шаарчасынын тургундарынын ден соолугуна кам көрүү максатында дарыгерлер ар дайым көзөмөлгө алып, текшерүүлөрдү жүргүзүп турушат. Шаарчада таза суу маселеси чечилип, аларга Аксы районунун Аксай участкасынан 45 чакырым аралыктан өз аалдынча түтүкчө менен булактын суусу келет.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Дастан ТААЛОВдун берген маалыматына караганда, Кызыл-Жар шаарчасынын аймагында эки кен калдыгы бар. Бул кен калдыктары шаарчанын батыш тарабында 1км аралыкта жайгашкан. Аталган объектилерде 1949-жылы чалгындоо иштери башталып, 1967-жылдарга чейин уран өндүрүлгөн. Калдыктардын жалпы көлөмү  37 миң м3 түзөт. Негизги булгандыруучу заттар уран катарынын радионуклиддери болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 09.09.2007-жылдагы №15-50/268-тапшырмасын аткаруу үчүн ведомстволор аралык комиссиясы, КР ӨКМнин 31.05.2007-жылдагы №348чи буйругунун негизинде Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар кичи шаарчасында жайгашкан уран калдыктарына жана шахтаны изилдөө жүргүзүшкөн.

“Радиациялык өлчөмдөр локалдык бөлүктөн башка жери көрсөтүлгөн өлчөмдөн ашпайт. Ошого карабастан, мурунку уран кени чыккан шахтага тийиштүү жерлерде жердин жылышы байкалат жана мал жандыктардын ал жакта жылып жүрүшүнөн өсүмдүк өсүүчү жер катмары тебеленип бузулган. Өсүмдүк бадалдар жана дарактар өтө аз өлчөмдө. Ошол себептен, жай мезгилинде жашоочуларга бул участкадан учкан чаң бөлүкчөлөрү шаарчаны каптап, жашоочулар үчүн чоң көйгөй жаратат” – деп изилдөө өзүнүн жыйынтыгын чыгарган. 

Жогоруда көрсөтүлгөн уран калдыгы көмүлгөн жай Аксы районунун аймагынан орун алып,  Аксы токой чарбасына тиешелүү болуп келген. Кызыл-Жар шаарча аймактык башкармалыгы калдык сактаган жерге жакын жайгашкандыктан улам, мал жандыктары, адамдары ал жердин үстүн басып жүрүшкөн. Шаарчанын жашоочуларынын арасында күндөн күнгө ар кандай оорулар менен ооругандардын саны көбөйүп кетип, тынчсызданууну пайда кылган. Элдик жыйын өткөрүлүп, анын чечиминин негизинде кен калдыгы сакталган жайдын айланасын тосуп, эскертүү белгилерин коюу үчүн каражат бөлүп берүүсүн суранып 2011-жылы 13-апрелде ПРООНдун бүткүл дүйнөлүк банкына кат жолдошкон.

Кызыл-Жар шаарча аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси Канат ЭСЕНОВдун берген маалыматына караганда, бул жер союз учурунда жашыруун болуп, “Кызыл-Жар-12” деген ат берилген. Казылып алынган руданын тоо тектерин (породасын) Майлуу-Суу шаарына ташып кетип, ошол жакта уранды иштетишкен. Убагында бул шаарчада тубаса майып балдар көп төрөлүп, каны аздар көбөйүп кеткен.

“Кен калдык сакталган жайды “Чинтамани” коомдук уюмунун долбоору менен  2013-жылы 1 гектар жери (шахтанын оозу) коргондолуп, 400 түп орус дарагы отургузулган. Бак дарактарга суу куюлуп тургандыгына карабай, радиациянын таасири болдубу дарактар андан ары өсүп кеткен жок. 2014-жылы ӨКМги, Аксы токой чарбасы менен биргеликте 1,5 гектарга жакын жери зым торчо менен коргондолуп, шарттуу белгилер орнотулган. Эми мал кирбей калды. Калдык сактаган жайды ӨКМне өткөрүп алгыла деп бир нече жолу кат жазып кайрылганбыз. Бирок бизге алардан эч кандай жооп келген жок. Мындан ары да ӨКМне өткөрүп берүү боюнча кайрылууларды жиберебиз”, - дейт К.Эсенов.

Бул кен калдыгы турган жер Аксы районунун токой чарбасынын аймагында жайгашып,  Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар шаарча аймактык башкармалыгы менен чектеш жерде жайгашкандыктан, ушул кезге чейин кен калдыгы кайсы органга таандык экендиги белгисиз бойдон калган.  Аксы райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисине кайрылып, кен калдыгы боюнча сурасак, ал бул боюнча маалыматы жок экендигин, райондо каттоодо турбагандыгын билдирди.

Аксы токой чарбасынын аймагында жайгашкан кен калдыгы турган 4 гектар жерди Кызыл-Жар шаарчасынын тургундарынын “айланасын тосуп алалы” - деген  суроо талабы менен уруксат беришкенин Иринжит токой бөлүмүнүн башчысы Баялы БЕКМУРАТОВ билдирди. 

- 2014-жылы Кызыл-Жар шаарчасынын тургундары Аксы токой чарбасынын жетекчиси П.Жабайкуловго кайрылышып, ушул кен калдыгы сакталган 4 гектар жерди  темир торчо менен тосконго уруксат берген. Бул жер илгертен бери эле Аксы токой чарбасынын картасынын ичинде болгон. Кен калдыгы сакталган жерге эгилген көчөттөр Аксы токой чарбасы тарабынан камсыздандырылган. Токойдун жакшы касиети бар, радиацияны көтөрбөй, басым жасап турат. Тиккенден кийин, негедир көчөттөр көктөбөдү. Суу ташып да куюп аракет кылышты. Жердин кыртышы бузулган үчүнбү, эмнегедир көчөттөр көктөгөн жок. Биз да бул жерди көзөмөлдөп турабыз, - дейт Б.Бекмуратов.

Кызыл-Жар шаарча аймактык башкармалыгынын 2014-жылдын 18-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине кайрылуусу боюнча комиссия тобу түзүлүп, кен калдыктарды текшерүүдөн кийинки алардын Актысынын жыйынтыгынын негизинде, 2014-жылдын 1-октябрында КР ӨКМнин № 913 “Кызыл-Жар шаарчасынын аймагындагы уран калдыктарындагы кечиктирилгис тез арада аткарылуучу авариялык кайра калыбына келтирүү жумуштарын аткаруу” жөнүндө буйругу чыккан. Ушул буйруктун негизинде 2014-жылдын октябрь-ноябрь айларында аталган объектилерде калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп, айланасы тикенек зым менен тосулган. Аталган объект боюнча 2014-жылдын 3-декабрында комиссия тобу тарабынан  жумуштарды кабыл алуу актысы түзүлүп, мындан ары кен калдыктарды коргоо жана көзөмөлдөө Кызыл-Жар шаарча аймактык башкармалыгына милдеттендирилген.

“Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын инспекторлору тарабынан 2015-жылдын 17-22-ноябрында Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, Кызыл-Жар шаарча аймагындагы кен калдыктарынын учурдагы абалы канааттандырарлык деп табылган”, - дейт ӨКМнин Таш-Көмүр шаардык бөлүмдүн башчысынын милдетин аткаруучу Д. Таалов.

Ал эми сөз болуп жаткан маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул регионалдык жана Аксы, Ала-Бука, Чаткал регионалдык башкармалыктарына кайрылганыбызда, алар бири-бирине түртө салып, эч кимиси жоопкерчиликти алууну каалашкан жок. Ошол себептен, акыркы 3 жыл аралыгында кен калдыгы сакталган жер текшерүүгө алынбагандыгы бизге белгилүү болуп калды.

Кен калдык сакталган жерде жашагандар адамдар аллергиядан көп кыйналышат

Кызыл-Жар шаарчасынын тургуну Анара МАМЫРОВАНЫН сөзүнө караганда, кен калдыгы сакталып турган жерде жакын жашагандыктан, баш оору, аллергия, кан басымынын жогорулашы көп кездешет. Күн ысыганда, шамал болгондо калдык сактаган жерден кум учуп шаарчага чейин келет.

- Уран калдыктары көмүлгөн жердин шаарчада жашагандардын ден соолугуна терс таасири бар. Көпчүлүгү аллергия, кан басымынын жогорулашы менен оорушат. Аз кандуулук, астма менен ооругандар жаш балдар арасында да көп кездешет. Жайытты жакшы коргондоп койду. Бирок, ошентсе да шамал болгондо, күн ысыганда таштан радиация чыгып,  аллергия менен ооруп турабыз, - дейт А.Мамырова.

Ошондой эле, дагы бир шаарчанын тургуну Өктөм ПУЛАТОВАнын айтымында, 40 жылдан бери жашайт.

“Калдык жабылса да, майып төрөлгөн балдар кездешет. Менин өзүмдүн балам 2 топтогу тубаса майып. Отузга чыгып калды, кекечтенип сүйлөйт. Мал айдап ошол калдык сакталган жерден өтөбүз. Давление менен ооругандар көп. Суубуз таза Аксудан келет”, - дейт Ө.Пулатова.

Таш-Көмүр шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Рахима УРУСОВА:

- Рахима Күчүковна, Кызыл-Жар шаарчасында жашаган тургундар көбүнчө кайсы оорулар менен сиздерге жардам сурап кайрылышат?

- Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар шаарчасынын тургундарын №6чы аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору тейлешет. Шаарчада 2982 адам жашайт. Негизинен ал жерде жүрөк кан тамыр оорулары менен ооругандар көп кездешет. Аз кандуулук, кан басымынын жогору болгондор, залалдуу шишик оорулары  басымдуулук кылат. Биз тараптан колдон келишинче жардамдар берилет. Бирок, бир да адам аллергия менен жабыркап, дарыгерлерден жардам сурап кайрылбаптыр. Тез жардамга да бул боюнча чакыруу болбоптур. Себеби, аллергия бул тез өтүп кетүүчү оору болгондуктан улам, бизге кайрылышпаса керек.

Учурда Кызыл-Жар шаарча аймактык башкармалыгынын жашоочуларына кен калдыгы көмүлгөн жайда жарандардын жүрүүсүнө жана мал багууга болбой тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарандардын коопсуздугу үчүн бардык шарттар карала тургандыгын жана кен калдыкты ӨКМнин карамагына өткөрүп берүү боюнча иштер жүрө тургандыгын Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин атакаруучу Ө.Бабатаев билдирди.

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад облусу.

(“Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмунуна ИП “Жаныбаева А.М.” жоокерчиликтүү болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт”).

www.youtube.com/watch?v=DAEUfv0RrLY&feature=youtu.be

DAEUfv0RrLY

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24