KELECHEK
rek

Жалал-Абад облусунун аймагында бүтүрүү кечелерине карата коомдук коопсуздук көзөмөлдөнүп жатат

Жалал-Абад облусунун аймагында бүтүрүү кечелерине карата коомдук коопсуздук көзөмөлдөнүп жатат

Жалал-Абад облус аймагында 468 орто мектепте “Акыркы коңгуроо” аземи өтүп, баарына Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен бирге түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдиди.

Алынган маалыматка караганда, ошондой эле Жалал-Абад милициясы мектеп окуучулары үчүн “Ар бир кесип ардактуу” аталыштагы кесипке багыт берүүчү ар кандай иш-чараларды жана спорттук мелдештерди да өткөзүүдө.

Жалал-Абад ОИИБнын орун басары Ибрагим Шатманалиев 27-майда Жалал-Абад шаарындагы №5 Б.Осмонов атындагы орто мектебинде болуп, милиция менен тыгыз кызматташып коомдук тартипти камсыздоодо жана үлгүлүү жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн мугалимдерге жана окуучуларга Жалал-Абад ОИИБнын ардак баракчаларын тартуулашты.

- Жылда биз “Мекеним менин Кыргызстан” долбоору алкагында окуучулар жана жаш өспүрүмдөр арасында профилактикалык багыттагы жаштарды достукка, ынтымакка, улуттар аралык биримдикке чакырган, мекенчилдик сезимдерге тарбиялаган көп иш-чараларды уюштуруп келүүдөбүз. Бүгүн дагы биз баардык жерде ошондой иш-чаралардын активдүү катышуучуларын мектепти эң жакшы ийгиликтер менен аяктап жатышкан окуучуларды башкармалыктын грамоталары менен сыйлап ыраазычылыктарыбызды айтабыз. Ушундай окуучулар мына ушул №5 Б.Осмонов мектебинин окуучулары арасында да бар. Биз аларга да чоң ыраазычылыктарды айтуу менен жалпы бүтүрүүчүлөргө келечек жашоолорундагы мыкты ийгиликтерге жетишүүгө тилектешбиз, - деп билдирди И.Шатманалиев.

Айта кетүүчү жагдай, учурда жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана жол кайгуул кызматы менен атайын рейддер да өткөзүлүүдө жана бир ай бою уланат.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18