KELECHEK

Сумсар айылындагы калдык сактоочу жайдан аккан суу түз эле дарыяга кошулуп жатат (ФОТО)

Сумсар айылындагы калдык сактоочу жайдан аккан суу түз эле дарыяга кошулуп жатат (ФОТО)

Чаткал районуна караштуу Сумсар айылындагы №1чи калдык сактоочу жайдан аккан суу түз эле дарыяга кошулуп, Жунус жана Шекафтар, Биринчи Май айылдарында жашаган тургундардын ичүүчү суусу булганып, адамдардын ден соолугуна коркунуч жаратууда.

Сумсар айылында үч калдык сактоочу жай жайгашып, көлөмү 4 млн. м3 24,0 га жалпы аянтты түзөт. Мына ушул калдык сакталган жайдын азыркы экологиялык абалы жана анда жашаган адамдардын ден соолугуна тийгизип жаткан терс таасири боюнча жасаган журналисттик иликтөөбүздү окурмандарга сунуш кылмакчыбыз.

Бир нече металл кендерин өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кен казып алуу комплекси Сумсарда 1951-жылдан тартып 1978-жылга чейин иштетилген. Ал эми 1952-1957-жылдар аралыгында №1,2чи калдык сактоочу жайлары жабылган, №3чү калдык сактоочу жайы рекультивацияланган эмес. Негизги курамын оор металлдардын туздарынын (коргошун, цинк, кадмий, сурьма) калдыктары түзөт. Учурдагы калдык сактоочу жайлардын абалы канааттандырарлык болгону менен жаан чачын мезгилде гидротехникалык курулмалар жууп, аңдар пайда болуп, технологиялык жолдору бузулууда.                                                                                                                                                                                                                                                                       

                                                                                                                                                                                                                                                            

Сумсар айыл аймагынын башчысы Айтыкул РЫСБЕКОВдун берген маалыматына караганда, Сумсар айылында жайгашкан 3 калдык сактоочу жай учурда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (КР ӨКМ) алдындагы калдык сактоочу жайлар менен иштей турган агенттиктин балансында турат.

- Азыркы убакта №2чи калдык сактоочу жай ӨКМ тарабынан рекультивация болгон. Ал эми №1чи калдык сактоочу жай рекультивация, консервация болбой ачык жатат. Ошол жерден чыккан суу сел, булактардын суусу менен агып келип чоң Сумсар сайына түшүүдө. Бул суудан Жунус, Шекафтар, Биринчи май, Өзбекстан, Комсомол, Совет-Абад, Кара-Үңкүр айылдарнын эли ичишет. Калдыкты сактоо жайында тоо кендерин казып алуудан калган курамында 7 оор металлдар: кадмий, цинк, олово, коргошун, марганец, мышьяктын жогору коцентрациясы  бар. Негизинен ушундай зыян сууну ичип жатабыз. Азыркы көйгөй ушул №1чи калдык сактоочу жайды ушул жерден алып, №3чү калдык сатоочу жайга консервация кылуу боюнча иштер жүрүп жатат. Негизинен Шекафтар, Биринчи Май айылдары Сумсар сайынан сууну ичип жатышат,- деди А.Рысбеков.

КР ӨКМнин алдындагы калдык сактоочу жайлар менен иштей турган агенттиктин Майлуу-Суу шаарындагы адиси Каныбек ТАШКЕНБАЕВдин маалыматы боюнча, 1998-жылы катуу сел болуп, №1 оор металл калдыктары сакталган жайды жаан жууп алып кеткен. Бул уран калдыгы эмес.

- Сумсардагы №1чи калдык сактоочу жайды сел алып кеткенден кийин ӨКМнин күчү менен эки жагынан бекемделип сакталып турат. Биринчи калдык сакталган жерди №3чү калдык сактоочу жайдын үстүнө ташып, рекультивация жасоо пландары бар. Мунун бардык долбоору даяр. Буга көп каражат кетет. Азыр демөөрчүлөр изделип жатат. Бир же эки жылдын ичинде №1чи калдык сакталган жерди адамдардын ден соолугуна зыян алып келбей тургандай кылып көчүрүп, алып коюш керек, - дейт К.Ташкенбаев.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн алынган маалыматтарга караганда, Сумсар айылындагы калдык сактоочу жайлар калкка, дарыяга жакын жайгашкандыктан, жаан-чачындын кесепетинен сульфид жана оор металдар бөлүнүп, эрип суюлуп, дарыяга кошулуп, сууну булгап, адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Сумсар, Шекафтардагы тоо кен жана калдык сактоочу жайлардын айлана чөйрөгө, адамдарга тийгизген таасиринен улам, Сумсар айыл аймагы боюнча жылына 25-35 адам ар кандай онкологиялык, кан басымдын жогурулашы, инсульт, богок, кант эмес диабети, тери ооруларынан кайтыш болууда.

Сумсар айылынын тургуну Хамра АСКАРОВАнын сөзүнө караганда, шамал болгондо №3 калдык сактоочу жайдан майда кумдар туманга окшоп чаң болуп учуп келет.

“Жаз, күз мезгилинде калдык сактаган  жайдан чаң учуп, айылды каптайт. Ден соолугубузга абдан зыяны бар. Азыр рак оорулары көбөйүп кетти. Тиштери түшүп, чачтары агарып кетип жатат”, - дейт Х.Аскарова.

Ал эми Жунус айылынын тургуну Марапат КУЛУЕВАнын айтымында, таза суу жок болгондуктан улам, №1чи калдык сактоочу жайдан агып тушүп, Сумсар дарыясына кошулган жерден сууну алып, тундуруп ичишет.

- Таза суу жок болгондуктан, Сумсар сайынан аккан сууну тундуруп ичебиз. Мурда бул жерде рудник болгон. Разведка деген жерден сарыгып аккан суу сайга келип кошулат. Зыяндуу жактары бар экендигин айтып, ЮНИСЕФ уюмдарынан келип окутуп кетишет. Шамал болгондо чаңып кетет. Жолубуз да жакшы эмес, оңдоп бере турган эч ким деле жок. Радиация аз келгенсип, жолубузду да караган адам жок. Таза суу алып келебиз деп көп эле аракет жасашты. Биздин айылда кан басымы жогору болуп ооругандардын саны көп. Ар дайым эртең менен дары ичип турабыз. Кан басымыбыз көтөрүлүп турат. Менин кан басымым 150-180ди көрсөтөт, - деди баатыр эне Марапат Кулуева.    

Чаткал райондук ооруну алдын алуу жана мамлекеттик санитардык  эпидемиологиялык көзөмөлдөо борборунун санитардык дарыгери Асанбай ТОЙЧУБЕКОВдун маалыматына караганда, сууну текшере турган атайын лаборотория жок.

- Суунун курамын текшере турган лаборотория салганга акча каражаты керек экен. Биз айыл өкмөттөргө предписание берип турабыз. Калдык сактоочу жайларды тосуп, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп тургула деп эскертебиз, - дейт А.Тойчубеков.

Калдыктарды сактоочу жайлардын айлана чөйрөгө тийгизген таасири

Сумсар суусуна туруп калган жана жамгыр суулары менен калдыктарды сактоочу жайлардан уулуу материалдардын жуулуп чыгышына алып келүүдө. Сульфиддер жана башка туздардын ажыроосунун жана оор металлдардын эрип кетүү фоормасына келишинин натыйжасында, жергиликтүү калктын үй тиричилигинде жана ичүүчү суу катары колдонулган суулар булганып жатат. Калдыктарды сактоо жайларынын бетинен оор металлдар шамал эрозиясынын кесепетинен учуп, жакын жерде жашаган айдоо аянттарына өтүп кетүүдө. Тоолуу рельефтин өзгөчөлүктөрү оор металлдарды кыйла жерге, анын ичинде Фергана өрөөнүнө тарашына мүмкүнчүлүк түзүп жатат.

Оштогу Орхус борборунун филиалынын Шекафтар коомдук экологиялык маалымат борборунун  адиси Бакытбек БОТОБЕКОВдун берген маалыматына караганда, Сумсар айылында жайгашкан №1чи калдык сактоочу жайдан чыккан булактын агын суулары сайдагы эл иче турган сууга кошулуп жатат. “Ушул боюнча жогорку жактагыларга да кайрылабыз”, - дейт Б.Ботобеков.

Шамал болгондо бозоруп айылды туман каптап кете тургандыгын Сумсар айылынын тургуну Садабү ЖАБАЕВА да баса белгилеп кетти.

“Калдык сактаган жайдын зыяндуу жактары көп. Жүрөк, баш ооругандар көбөйүп жатат. Мал айдаганы чыкканда баса албай, дем алуу кыйын болуп кетет. Бизде бир эле булак бар, ошол жерден баарыбыз ташыйбыз. Чайды кайнатканда чайнектин ичи тез-тез эле как болуп кете берет. Ушул катарда жашагандардын баарынын иче турган таза  суусу жок”, - дейт Садабү Жабаева.

Калдыктарды сактоо жайларынын адамдардын ден соолугуна тийгизген таасири

Оор металлдардын адам баласынын ден соолугуна узак мөөнөт ичинде таасир этиши иммундук системанын начарлашына жана төмөндөшүнө алып келет. Ушундан улам адам баласынын организми сасык тумоо, ашказан оорусу, тиштердин бузулушу, зоб жана башка ооруларга чалдыгышы мүмкүн. Мында Сумсар суусун ичкен жаш балдардын ден соолугу кыйла кооптонууну жаратат. Ошондой эле, малдарды кооптуу жайыттарда жаюу маселеси да кыйла маанилүү болуп саналат. Анткени, жайыт аркылуу малдын организмине өткөн оор металлдар адамга өтүү коркунучу бар.

Сумсар жалпы дарыгерлер борборунун директору Есенкуль ТАДЖИБАЕВАнын берген маалыматына караганда, Сумсардагы калдык көмүлгөн жерден агып чыккан суу сайга кошулуп, ал Шекафтарга, Биринчи Майга барат, андан ары Өзбекстанга өтүп кетет.

- Сумсар, Шекафтар айылдары өзү оор зоналар. Сумсарда мурда сымап, коргошун, марганец чыкчу. Эки калдык сактоочу жай бар. Алар жабылган, бирок жамгыр жаай берип, ал жерде жол ачылып, агып чыккан суу Сумсар сайына кошулуп жатат. Мунун зыяндуулугу элдин ден соолугуна таасир этүүдө. Аз кандуулук көбөйүп кеткен, башка жакка салыштырмалуу 70-80 пайызга өстү. Рак оорулары жылдан жылга көбөйүүдө. Мурда 9-10 адам каттоодо турса, азыр 20дан ашты. Алар майып болуп, аркы дүйнөгө кетип жатышат. Бөйрөк оорулары көбөйүп жатат. Бул коргошундан улам болот. Тубаса майып балдар көп төрөлүп жатат. Акыркы мезгилде аялдардын боюнан түшүп калуусу,  биринчи боюнан түшкөндөр, ичинен балдары өлүп калгандар көп болууда. Эмнеден улам биринчи төрөттөн боюнан тушкөндөр көп болуп жатканы белгисиз болуп жатат.

Былтыр Чехиядан профессорлор келип шахтада көп жыл иштегендерди, жаш балдарды, боюнда бар аялдарды, каалоочуларды, жер кыртышынын анализдерин алып, текшерип чыгышты. Алардын жыйынтыгы боюнча бизде нормадан ашпайт, бирок белгиленген норманын чегинде деп айтышты, - дейт Е.Таджибаева.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын түштүк филиалынын медициналык көйгөйлөр боюнча Институтунун директору Рахманбек ТОЙЧУЕВдин маалыматына караганда, Сумсардагы шамал болгондо калдык сакталган жерлердеги кумдардын учушунан улам адамдардын дем алуу органдарын жабыркатып, аллергия ооруларын пайда кылат.

“Аллергия көбөйүп бара жаткан оорулардын бири болуп калды. Кант ооруларын, кан ооруларын көбөйтөт. Эми мунун чечүү жолдору кандай? Көмүлгөн калдыктардын баарын алып, коопсуз жайга көмүш керек. Анан элдин маалыматтык билимин жогорулатуу зарыл”, - деди профессор Р.Тойчуев.

Сумсар орто мектебинин химия-биология мугалими Гулмира МАДАЛИЕВАнын пикиринде, калдык сактаган жайлардагы проблемаларды Кыргызстан өзү жалгыз чече албайт. Ал үчүн эл аралык уюмдардын жардамы керек.

“Бул жерде 50-жылдары рудник ачылып, коргошун алынган. Кандайдыр чаралар көрүлүп жаткандыр. Жер эрозияга учурап, калдыктар ачылып калууда. Адамдар билет кооптуу экенин. Ооругандары ооруп жатат, анан кайда көчүп кетишмек эле. Бул маселени Эл аралык деңгээлде чечпесе, Кыргызстан өзүнүн күчү менен чечкенге каражаты жетпейт го деп ойлойм”, - деген өзгөчө пикирин айылдык мугалим Г.Мадалиева билдирди.

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад облусу.

(“Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмунуна ИП “Жаныбаева А.М.” жоокерчиликтүү болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт”).

https://www.youtube.com/watch?v=jmMo1mVJfW0&feature=youtu.be

jmMo1mVJfW0

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ата-энелердин эмдөөгө каршы чыгуусу – балдардын укугун бузууга жатат!...

Ата-энелердин эмдөөгө каршы чыгуусу – балдардын укугун бузууга жатат!...

Жалал-Абад облусунда 2018-жылдын 9 айында эмдөөдөн баш тарткандардын саны 809ду түзгөн. Алардын 90 пайызы...

АНАЛИТИКА 2018-11-21  09:43

Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?

Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?

Акыркы мезгилдерде Жалал-Абад шаарындагы автотыгындардын санын кыскартуу үчүн борбордук көчөлөрдү...

АНАЛИТИКА 2018-09-07  15:15

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

Базар-Коргон районундагы “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругундагы токойду коргоо жана...

АНАЛИТИКА 2018-07-17  00:50

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлуна чейин Кочкор-Ата шаардык мэриясы 12-18 жаштагы балдар - өспүрүмдөр арасында...

АНАЛИТИКА 2018-06-28  04:30

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүшү боюнча Өкмөттөр аралык эксперттер тобунун климатологдору  глобалдуу...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  07:19

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Дүйнөлүк статистикада, өнүккөн мамлекеттерде донорлук акысыз жүргүзүлөт. Өзүнүн көнүлү менен акысыз...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  20:21

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мындан 5,5 жыл мурун, же 2012-жылдын 28-ноябрында мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри, азыркы...

АНАЛИТИКА 2018-03-30  10:33