Маданият--Кыпчак-Талаа--Майлуу-Суу жолуна 2 жаңы көпүрө курулат
Быйылкы жылы Маданият—Кыпчак-Талаа—Майлуу-Суу жолуна жаңы 2 көпүрө курулат. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Бул максатта КРнын транспорт жана жол министрлигинен 6 млн. 362 миң сом каражат каралды. Аталган 2 көпүрөнү куруунун заказчиги Жалал-Абаддагы ДЭП-22 автожолдорду тейлөө ишканасынын башкармалыгы болсо, курулуш иштерин тендерден жеңип алган Ош шаарындагы “Элита аймак курулуш” ЖЧКсынын куруучулары бүткөрүшөт.
- Маданият—Кыпчак-Талаа—Майлуу-Суу жолуна быйылкы жылы 2 көпүрө курулуп бүткөрүлөт. Ачык тендерди жеңип алган “Элита аймак курулуш” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) куруучулары 3 айдын ичинде көпүрөнү куруп бүткөрүүнү өз моюндарына алышкан. Азыркы тапта көпүрөнүн курулуш иштери кызуу жүргүзүлүп жатат,- деди Жалал-Абаддагы ДЭП-22 автожолдорду тейлөө ишканасынын жетекчиси Рашид Курбанов.
Көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматов жеринде барып таанышты. Быйылкы жылга карата аталган жолдун 3 км аралыгына жаңы асфальт төшөө жумуштары дагы мерчемделген. Жолдун сапаттуу болуусу Майлуу-Суу шаарындагы электр лампаларын чыгаруучу завод тарабынан чыгарылган продукциялардын ташылуусундагы коромжунун көлөмүн кескин кыскартаары анык.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41