KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: ШААР ТАРЫХЫНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ “ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШ ЖАСАДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД: ШААР ТАРЫХЫНДА  БИРИНЧИ ЖОЛУ “ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШ ЖАСАДЫ

Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 72 жылдыгынын урматына шаар тарыхында биринчи жолу “Өлбөс полк” жүрүш жасады. Ага шаардагы мекеме-ишканалардын, коомчулуктун өкүлдөрү жана согуштун катышуучуларынын урпактары катышышты.

Эртең менен шаар тургундары, мекеме-ишканалардын жамааттары, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урпактары Ленин жана Кыргыз Республикасы көчөлөрүнүн кесилишинде жыйналышып, колдоруна согушта катышкан каарман аталардын потреттерин, Кыргыз Республикасынын тууларын көтөрүп, “Жеңиш” паркына карай жүрүш жасашты. Бул Улуу Жеңишке арналган салтанаттуу-реквием жүрүштүн башында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн облусундагы өкүлчүлүгүнүн жана шаардын жетекчилери, Ооганстандагы жана Баткен аймагындагы согуштардын катышуучулары болушту. Мындай жүрүш Жалал-Абад шаарынын тарыхында биринчи жолу өтүп жатышы менен бараандуу болду.

Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмүнүн, облустук филармониянын өнөрпоздору "Жеңиш" эс алуу багында өткөн майрамдык салтанаттын катышуучуларына чоң программадагы концерт коюшту. Ушундай эле чоң программадагы концерт борбордук “Курманбек” стадионунда улантылды. “Жеңиш” жана Токтогул эс алуу бактарында спорттук оюндар уюштурулду.

Эскерте кетсек, өз мезгилинде Мекенди коргоого Жалал-Абад шаарынан 10 миңден ашуун киши фронтко жөнөп кеткен, алардын 5024ү кайтып келишсе, 4976сы катпай калган. Азыркы тапта шаарда 11 согуш ардагери бар. Андан тышкары, концлагерлерде туткун болушкан 2, оорукта каармандык көрсөтүп, Жеңишке салым кошушкан 8 ардагерлер катарда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...

ТАРЫХ 2016-05-09  00:45

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...

ТАРЫХ 2016-05-13  11:43

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...

ТАРЫХ 2016-07-15  13:50

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:13