KELECHEK

Уран калдыктарынын арасында жашаган шекафтарлыктар шахтанын ичинен чыккан сууну ичишет(ФОТО)

Уран калдыктарынын арасында жашаган шекафтарлыктар шахтанын ичинен чыккан сууну ичишет(ФОТО)

Жалал-Абад облусунун борборунан 260 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Чаткал районуна караштуу Шекафтар айылынын тургундары уран калдыктарынын арасында жашашып, ичүүчү таза суунун жоктугунан шахтадан агып чыккан булактын суусунан ичүүгө арагасыз болуп келишет.

Алыскы тоо койнунда жайгашкан Сумсар айыл аймагына караштуу Шекафтар айылына барып, ал жердин учурдагы экологиялык абалы, андагы уран калдыктарынын жашоочулардын ден соолугуна тийгизген терс таасири боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп келдик. Анда эмесе, ошол иликтөөбүздү окурмандарга сунуш кылмакчыбыз.

Союз учурунда эле Шекафтар айылынын аймагында көлөмү 700 миң м2 түзгөн 8 начар радиоактивдүү кен калдыктары жайгашкан. Биз сөз кылып жаткан калдыктар сакталган дөбөчөлөр 1946-1967-жылдары ушул жерде уранды иштеткен шахтадан чыккан. Кен калдыктарынын  ичинен алтоо айылда, калган экөө айылдын сыртында 5-6 км алыстыкта жайгашкан. Бул жерде Гамма-нурлануу калдыктары орточо 18-120 мкР/с түзөт. Ал эми №2,3,4,5,6,7 калдыктар үйлөргө, мектепке жакын жайгашкан. Калдыктар рекультивация болбогондуктан, жабылбагандыктан, үстүндө эч нерсе өспөйт, шамалдык эрозиядан, жамгырдын кесепетинен уулуу заттардын калдыктары айылга жайылууга шарт түзүлүп жатат.

Биз №2чи калдык сакталган жайга барган мезгилде ал жердин үстүндө балдар ойноп, койлор жайылып оттоп жүргөнүнө күбө болдук. Ал кичине наристе балдар уран калдыктары көмүлгөн жердин үстүндө ойногонго болбой тургандыгын, ден соолуктарына зыян экендигин кайдан билишмек эле?.. Ата-энелери балдарына калдык көмүлгөн жердин үстүндө ойногонго болбойт! –деп эскертип айтышпаса да керек. Чоңдор көрүшсө да көрмөксөн болуп, балдарынын ден соолугуна кайдыгер карап жатышкандыктарына бир чети зээниң кейип кетет экен.

Мындан сырткары, бул калдык сакталып турган жерге жакын жерде №2 Ленин атындагы жатак мектебинин башталгыч класстары билим алып келишет. Аталган мектептин 3 “А”-классынын мугалими Инаят Парпиеванын айтымына караганда, уран калдыгы көмүлгөн жер менен мектепти бир гана дубал бөлүп турат. Күн ысыганда, жамгыр жаагандан кийин окуучулар ныксырап, чарчап, баштары ооруп калат.

- Айрыкча жамгыр жаагандан кийин окуучуларда ныксыроо, чарчоо, баш оорулар көп болот. Бир окуучу келсе, бир окуучу кетип, бизде контингент сакталбайт. Сентябрь айында жаңы келген окуучулардын сөзсүз башы ооруйт, ныксырайт, жайында сабакта уктап калышат. Мугалимдер арасыда пенсия жашына келип калгандар айрыкча чарчашат. Бизге ушундай экологиялык оор шартта иштеп, жашап жаткандыктан, зыяндуулугу үчүн кошумча акча төлөп беришсе жакшы болмок. Көп жолу эле бул боюнча кайрылдык. Бийик тоолуу шартта жашагандыгыбыз үчүн гана 30 пайыздан маянабызга кошуп беришет. Суубуз да тунук эмес, улам тунутуп турабыз. Ичкенде суунун даамы бир башкача болот, айла жок ичебиз, - дейт И.Партиева.

Ал эми Шекафтар айылынын тургуну Жолдошалы Наркуловдун айтымында, жамгыр жаагандан кийин, күндүн ысыгында калдык сактаган жайдан жагымсыз жыт чыгып, адамды ныксыратып, алсыздандырып, ар кандай аллергиялык ооруларды пайда кылат.

“Биз төрөлгөндөн бери билебиз. Союз мезгилинде согушта туткунга түшкөн немецтерди алып келип, алар шахтадан уранды иштетишкен экен. Имараттарды салышкан. Калдыктардын адамдарга, малга зыяны көп. Жамгыр жаап, күн ысыганда урандын жыты көтөрүлөт. Адамды шалдыратып, алдан тайдыртып, бардык жерибиз ооруй баштайт. Бул жерде жашагандардын көздөрү кычышып, аллергия болушат. Ичкен суубузга да зыян. Бизге келген коноктор эки күн тургандан кийин, бул жер зыяндуу экен деп кетип калышат. Таза суунун жоктугунан, уран калдыгы көмүлгөн жердин алдындагы шахтадан чыккан булактын суусунан ичебиз. Зыяндуулугу өтө чоң. Чай кылып ичкенде суунун бети каймактап калат. Таза сууну чыгарып берсе жакшы болот эле”, - деди Ж.Наркулов.

Жогоруда аталган айылдын дагы бир тургуну Гүлүпа Мамбеткулованын сөзүнө караганда, май айынын аяк ченинде аллергия оорусу кармап, октябрь айынын акырында гана үйүнө кайтып келет. Ал эми 70 жаштагы Кадича Касымбекова калдык сактаган жайга жакын жерде жашаганддыктан, анын небереси 8 жашка толуп калды, бирок баспай калгандыктан  мектепке барбайт.

“Күн ысыганда баарыбыз аллергия болуп ооруйбуз. Неберем эмнеден болгонун билбейм, буту баспай калды. Бишкекке алып барып, дарылатып турушат. Таза суубуз жок. Шахтадан чыккан булактын суусун ичебиз. Оорукчан адамдар бул жерде көп жашай албайт. Биз көнүп калган үчүн гана жашап жүрөбүз. Чаңдан аллергия болгондуктан, чаңга чыкпайбыз. Чаң башталганда, башка жактарга кетебиз. Крандан суу чыкпай калганына көп жыл болду. Сайдын суусун ичели десек, ылайка болуп жатат”, - дейт Кадича эне.

Айдаралы Тойматов аксакалдын уулу 30 жашында рак оорусунан каза болгон. “Балам эмнеден улам рак болуп ооруп калганын билбейм. Аялым, неберелерим баары аллергия менен ооруп, жайында аргасыздан башка жакка барып жашап келишет”, - деди А.Тойматов аксакал.

Жогоруда биз менен маек курган Шекафтар айылынын тургундары №3чү калдык сакталган шахтанын ичинен чыккан Тулпар-Булактан сууну чакалап ташып ичишээрин айтышты. Биз ал булакты көргөнү барганда, айрымдары булактан сууну чака менен сүзүп алып, үйлөрүнө ташып жатканына күбө болдук. Тулпар-Булак суусунун үстү ачык болуп, тегереги тазаланбагандыктан,  суунун үстүн балыр басып калган. Ошого карабастан, ал жердин жашоочулары сууну күнүмдүк жашоолоруна пайдаланып келишет.

Чаткал райондук оорунун алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Асанбай Тойчубековдун берген маалыматына караганда, Тулпар-Булактын суусунун курамында оор металдардын бар жоктугу текшерүүгө алынбаган, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна зыяны барбы, же жокпу деп текшерилбеген.

“Шекафтарда канча булак бар экенин билбейбиз. Таза суу ичкиле деп элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Булактардын суусун радиациялык лабороториядан текшерген эмеспиз. Бизге сууну текшерүүчү атайын жабдуулар КР Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген эмес. Кадамжайда гана текшерүүгө болот. Биз негизинен жылына бир жолу суу түтүктөрүнөн (водопроводдон), сайдын суусунан анализдерди алып, текшерип турабыз. Айыл өкмөт биз менен келишим түзүп, текшерип бергиле деп кайрылса, ошондо бул булактардын сууларын текшерип беребиз”, - дейт А.Тойчубеков.

Сумсар айыл аймагынын жооптуу катчысы Алижан Джерембаевдин берген маалыматына караганда, Шекафтар айылындагы 8 калдык сактоочу жайлар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (КР ӨКМнин) алдындагы калдык сактоочу жайлар менен иштей турган агенттиктин балансында турат. Бул мезгилге чейин эч кандай иштер аткарылган эмес.

- Үч жыл мурун Германиядан атайын адистер келишип, окуучулардан, жашоочулардан, бул жердеги ичүүчү суулардан бардык анализдерди алып, зыяндуулугу канчалык деңгээлде экендигин изилдеп кетишкен. Алардын берген жыйынтыгына караганда, өтө эле зыяндуулугу жок, коркунучтуу деңгээлге жетпейт экен. Ошентсе да, уран калдыгы көмүлгөндөн кийин, бул жерде  жашаган адамдар арасында кан басымынын көтөрүлүшү, богок, аз кандуулук ар кандай оорулар көбөйүп жатат. Шахтадан чыккан булактан сууну ичишет. Бул боюнча 2016-жылы сентябрь айында Германияга барып, бир жума семинарга катышып келгемин. Ошол жерде айтылган маалыматтарга караганда, Германиялык ВИТЕК деген компания изилдөөлөрдү жүргүзүп, канча акча кетет, кандай көмүлө тургандыгын эсептеп беришкен. Жалпысынан 2 млн. 300 миңдей евро карала турган болгон. Быйыл март айында Бишкекте өткөн жыйынтыктоочу семинарга чакырышты. Акча маселеси чечилди, ӨКМ тарабынан сынакка коюлуп, 2018-жылы иштер башталат. Биз көрүп турган калдык сактоочу жайлардын баарын, айылдын сыртына тоо тараптагы №4чү калдык сактоочу жайга алып барып көмүшүп, консервация кылышат. Ошондой долбоор түзүлгөн.

Калдык сакталган жайдын үстүн жер кылып беребиз дешкен. Германияда да ушундай отвалдарды чыгарып, жерге айландырып, азыр элдер жашап жатышыптыр. Курорттук жай кылып коюшуптур. Тажрыйба алмашуу максатында биз көрүп келдик. Бул жерди да ошондой эле кылып көмүшүп, анын ордун жер кылып беребиз дешти. Былтыр эки жолу немецтер коомдук угуу өткөрүп кетишти. Калдыктарды чыгарууга эл макулдугун берди. Дүйнөлүк Банк акча маселесин чечсе эле, иштер башталат. Бул жерде 200-300 метр тереңдиктеги шахталар бар. 2014-2015-жылы ошол шахталар ачылып калганда ӨКМ тарабынан үстү жабылган. Ал эми 2012-жылы айланасы тикен зым менен тосулуп, тиешелүү эскертмелер коюлган. Кароолчусу болбогондуктан, эл тарабынан тикен зымдары бузулуп, эскертмелер жок болуп кеткен,- дейт А. Джерембаев.

Ал эми ӨКМнин алдындагы калдык сактоочу жайлар менен иштей турган агенттиктин адиси Каныбек Ташкенбаевдин берген маалыматына караганда, калдыктар Союз убагынан айылдын ортолорунда калып кеткен. Үйлөргө, сарайларга жакын жайгашкан. Эл түшүнбөстөн калдыктардын үстүнө короо салып алышкан.

“Эми өзүбүз келип көрдүк. Чындыгында айылдын ичинде турган нерсе болбойт деп баарыбыз туура түшүнүп жатабыз. Өзүңөр көргөндөй, бул калдыктар айылдын сыртына №4чү калдык сактоочу жайына көмүлөт. Бул долбоор үчүн акча бөлүнгөн. Кудай буйруса бул долбоорго кол коюлуп, эки жылда ишке ашат. Эки жылдын ичинде калдыктарды айылдан көчүрүп, сыртка алып чыгып кетебиз”, - дейт К.Ташкенбаев.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондору боюнча улук мамлекеттик инспектору Жуман Чыныевдин маалыматына караганда, Шекафтарда жайгашкан уран калдыктар боюнча бир жылда бир жолу ӨКМнин алдындагы калдык сактоочу агенттикке кат жиберип турушат.

- Пландын негизинде биз бир жылда бир жолу текшерип, анын негизинде эскертүүлөрдү беребиз жана анын аткарылышын көзөмөлгө алабыз. Кетирилген кемчиликтерди четтетүү боюнча бир айлык мөөнөт берилет жана  2 миң сомдук айып пул сала алабыз. Биз берген эскертүүлөрдүн негизинде калдык сакталган жайлардын айланасы тосмолонгон. Бул жерде Өкмөттүк деңгээлде чечиле турган маселе болгондуктан улам, Эл аралык МАГАТЭ Конвенциясынын негизинде көйгөй чечилүү алдында турат, - деди Ж.Чыныев.

“Шекафтар коомдук экологиялык маалымат борбору” 2016-жылы май айында ачылып, Оштогу ОРХУС борборунун филиалы болуп саналат. Аталган борбордун жетекчиси Бакытбек Ботобековдун сөзүнө караганда, экологиялык борбордо калдык сакталган жайлар боюнча маалымдама китепчелер элге бекер таркатылып, уран калдыктары боюнча Бишкектен, Оштон эксперттер келип, семинар-тренингдерди өткөрүп турушат.

Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер Академиясынын түштүк бөлүмүнүн медициналык көйгөйлөр институтунун директору, профессор Рахманбек Тойчуевдин берген маалыматына караганда, Шекафтарда калдыктар айылда жайгашкандыктан, кээ бир таштарында радиациясы 145 микрорентген саатты көрсөтөт. “Сумсардын суусун ичкен чоң адамдардын бөйрөктөрү жабыркаган. Кан басым оорусу башка жакка караганда 5-6 эсе көп. Дарыядан суу ичкен балдар көрүнгөн богок менен көп оорушат. Балдардын тиштерин курт жеп, ангина менен көп жабыркашат. Кыздардын этек киринин келиши бузулган. Бул генефондко терс таасирин берет. Мээсине зака кеткен балдар көп төрөлөт”, - дейт профессор Р Тойчуев.

Адам өмүрүнө өтө зарыл болгон таза суу маселеси Шекафтарда качан  чечилет? - деген суроо менен Сумсар айыл аймагынын башчысы Айтыкул Рысбаевге кайрылдык.

- Союз убагынан эле Шекафтар, Сумсар айылдары таза суу менен 30 пайыз гана камсыздалган. Азыр бизде биринчи маселе - таза суу болуп жатат. Өнүктүрүү фондуна 15 млн. сомго таза суу чыгаруу боюнча долбоор жазылып, аяктап калды.Эксперттик комиссиядан өтөт. Ынтымак, Тулпар-Булак көчөлөрүнө 2,5 чакырымга суу түтүктөрү толук тартылган. Май айында суу бериле баштайт. Европа Биримдигинен Шекафтар айылынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 800 метр полиэтилен түтүктөрдү орнотуу маселеси чечилип жатат. Бул маселе чечилсе, эч ким Тулпар-Булактан чыккан сууну ичпей калат, ал жабылат. Кудай буйруса бул иштер аткарылып, элибиздин таза суу маселесин чечебиз деген ишеничте иш  алып барып жатабыз, - дейт А.Рысбаев.

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад облусу.

(“Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмунуна ИП “Жаныбаева А.М.” жоокерчиликтүү болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт”).

www.youtube.com/watch?v=sPKKpUiZoi8&feature=youtu.be

sPKKpUiZoi8

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ата-энелердин эмдөөгө каршы чыгуусу – балдардын укугун бузууга жатат!...

Ата-энелердин эмдөөгө каршы чыгуусу – балдардын укугун бузууга жатат!...

Жалал-Абад облусунда 2018-жылдын 9 айында эмдөөдөн баш тарткандардын саны 809ду түзгөн. Алардын 90 пайызы...

АНАЛИТИКА 2018-11-21  09:43

Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?

Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?

Акыркы мезгилдерде Жалал-Абад шаарындагы автотыгындардын санын кыскартуу үчүн борбордук көчөлөрдү...

АНАЛИТИКА 2018-09-07  15:15

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

Базар-Коргон районундагы “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругундагы токойду коргоо жана...

АНАЛИТИКА 2018-07-17  00:50

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлуна чейин Кочкор-Ата шаардык мэриясы 12-18 жаштагы балдар - өспүрүмдөр арасында...

АНАЛИТИКА 2018-06-28  04:30

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүшү боюнча Өкмөттөр аралык эксперттер тобунун климатологдору  глобалдуу...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  07:19

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Дүйнөлүк статистикада, өнүккөн мамлекеттерде донорлук акысыз жүргүзүлөт. Өзүнүн көнүлү менен акысыз...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  20:21

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мындан 5,5 жыл мурун, же 2012-жылдын 28-ноябрында мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри, азыркы...

АНАЛИТИКА 2018-03-30  10:33