KELECHEK
rek

Үч-Коргон айыл аймагындагы селден улам бузула баштаган көпүрө толук оңдолот

Үч-Коргон айыл аймагындагы селден улам бузула баштаган көпүрө толук оңдолот

Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагындагы Кербен – Үч-Коргон ГЭС автожолунун 67 км. көпүрө катуу жааган жамгырдан кийинки селден улам авариялык абалга кептелип калган. Учурда жолчулар көпүрөнүн суу жеп кеткен жерлерине чоң таштарды ташташып, убактылуу ремонттоо жумуштарын жасашты. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Быйылкы жылы көпүрө толугу менен реконструкцияланып, капиталдык негизде кайра жаңыдан курулат.

- Аксы районуна караштуу Үч-Терек айыл аймагына караган  ички Кербен – Үч-Коргон ГЭС жолунун 67 км. көпүрө быйылкы жылы толугу менен кайрадан реконструкцияланып, жаңыдан курулат. Бул максатта КРнын транспорт жана жол министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен 2 млн. 200 миң сом каражат каралды,- деди Жалал-Абад – Балыкчы автожол башкармалыгынын башчысы Камил Абдыкалыков.

Авариялык абалга тушуккан көпүрөнүн азыркы кездеги абалы менен ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов жана Жалал-Абад – Балыкчы автожол башкармалыгынын башчысы Камил Абдыкалыков жеринде барып көрүштү. Азыркы мезгилде жолчулар тарабынан сел алып, жууп кеткен көпүрөнүн негизги таянычтарына чоң таштар ташталып, кайрадан бышыкталып бекемделди.  Убактылуу ремонттолгон көпүрөдөн жүргүнчүлөр менен автотранспорт каражаттары тынымсыз каттап, өтүп жатышат. Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында 22 миңден ашуун калк жашайт.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41