KELECHEK
rek

Элеттик ардагер акын Салкын Нуркулованын 5-китеби чыкты

Элеттик ардагер акын Салкын Нуркулованын 5-китеби чыкты

Жетимиш жашты багынткан көп кырдуу элеттик таланттуу акын жана жазуучу Салкын Нуркулова айтылуу табияты кайталангыс кооз келген Арстанбапка улагалаш жайгашкан Жапаш айылында туулуп өскөн. Отуз жылдан ашуун мектепте иштеп, келечек жаш муундарга башталгыч класстын мугалими катары таалим-тарбия берди. Элеттик талант Салкын Нуркулова 70 жаш курагында ырлар, тамсилдер, драма жана дастандарды камтыган 5 китептин автору болуп калды.

Сейил Аталиева жетектеген Жалал-Абад облустук китепканасынын кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Ооган-Талаа айылынын жашоочусу Салкын Нуркулованын чыгармачылык кечеси өткөрүлдү. Кечеге облустун аймагында жашап иштеген акын-жазуучулар жана поэзияны аздектеп сүйгөн окурмандар катышты. Облустук китепкананын окурмандарды тейлөө бөлүмүнүн башчысы Айзада Кабирова кеченин катышуучуларына Салкын Нуркулованын чыгармачылыгы туурасында кеңири баяндама жасады. Ал эми мектеп окуучулары болсо Салкын Нуркулованын ырларынан көркөм окууларды аткарышты.

Базар-Коргон районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Акимбек Нуралиев райондун жетекчилеринин куттуктоосун жеткирип, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасын тапшырды.

- Салкын Нуркулова уникалдуу өзгөчө талант. Отуз жылдан ашуун мектепте башталгыч класстардын мугалими катары татыктуу эмгек өтөп, эмгек ардагери татыктуу наамына арзыган. Боордош казак элинин “Кызжибек” дастанын араб тилинен кыргызчага жогорку чеберчиликте которууга жетишкен. Салкын эже чыгармачыл инсандардын башын бириктирген “Эргүү” чыгармачылык коомдук бирикмесинин мүчөсү,- дейт Жалал-Абад облустук жазуучулар союзунун төрагасы, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана журналист Самидин Стамбеков.

Кеченин соңунда акын жана жазуучу Салкын Нуркулова талантын урматтап келгендерге терең ыраазычылыгын билдирди. Элеттик талант ээси Салкын Нуркулова Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, облустук “Эргүү” коомдук чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү. Жетимишти таянган элеттик акын жана жазуучу азыр дагы чыгармачылыктын үстүндө изденүү менен талбай эмгектенип келүүдө.

     Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29