KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАДДА “КАРКЫРАНЫН КАНАТЫ” САХНАГА ЧЫКТЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА “КАРКЫРАНЫН КАНАТЫ” САХНАГА ЧЫКТЫ

Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын чыгармачыл тобу жапон драматургу Дзюндзи Киноситанын “Каркыранын канаты” аттуу спектаклин даярдап, сахнага алып чыкты. Бул тууралуу аталган театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Айгерим Дүйшө кызы билдирди.

Анын айтымында, быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылына карата театрдын чыгармачыл жамааты жаштарга таалим-тарбия берүүчү жаңы спектаклдерди алып чыгууну максат кылган. “Каркыранын канаты” ошол багыттагы биринчи кадам болуп эсептелет.

-Бул спектаклди эки ай ичинде даярдап, алып чыктык. Буюрса, мунун арты менен көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз деген үмүт бар. Быйылкы жылдын ичинде беш жаңы спкектаклди алып чыгабыз деп пландаштырганбыз. Буюрса, анын биринчиси ишке ашты. Азыркы учурда биздин чыгармачыл топ экинчи спектаклди сахнага алып чыгууга даярдыктарды башташты,-дейт ал.

Алынган маалыматка караганда, спектаклдин премьерасынан кийин театрдын алдыңкы үч кызматкери КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин, бирөөсү министрликтин Ардак грамотасы жана беш кызматкер республикалык театр ишмерлер союзунун республикалык сыйлыгына ээ болушту.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29