KELECHEK

Хадижа Исмаилова түрмөдөн бошотулду

Хадижа Исмаилова түрмөдөн бошотулду

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Азербайжан редакциясынын журналисти Хадижа Исмаилова түрмөдөн бошотулду. Анын алдында 25-майда өлкөнүн Жогорку Соту апелляциялык арызын карагандан кийин 7,5 жыл эркинен ажыратуу жазасын өзгөртүп, 3,5 жылга шарттуу түрдө кесүү чечимин чыгарган.

Исмаилова өзү сот залында болгон жок, бирок көп узабай эркиндикке чыкты.

Укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар журналистке азаттыктын берилишин кубаттады. ЕККУнун өкүлү Дунья Миятович Исмаилованын бошотулушун өтө жагымдуу кадам катары баалады. Европарламенттин башчысы мындай көрүнүш башка окуяларда да кайталанат деп үмүттөндү.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун башкы редактору Ненад Пейич: “Бул – Хадижа жана бүтүндөй журналисттер, сөз эркиндиги үчүн маанилүү күн. Хадижанын өзү, жакындары үчүн абдан кубанып, анын ишке кайтышын чыдамсыздык менен күтүп турган чак”, - деди.

Хадижа Исмаилова эркиндикке чыккандан кийин мындан ары дагы адилеттүүлүк үчүн күрөштү уланта тургандыгын жарыялады.

Журналист өткөн күздө көз боёмочулук жана салык төлөөдөн качуу деген беренелер боюнча жети жарым жылга кесилген. Батыш жана бир катар укук коргоочу уюмдар Исмаилова президент Илхам Алиевдин жакындары аралашкан коррупциялык иштердин бетин ачкан иликтөөлөрү үчүн куугунтукталып жатат деп, коё берилишин талап кылышкан

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Нур-Султан: көп балалуу энелер кайрадан нааразылык акциясын...

Нур-Султан: көп балалуу энелер кайрадан нааразылык акциясын...

19-сентябрда Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда ондогон көп...

УКУК 2019-09-20  14:47

«Жарандык демилгелер коалициясы» Казакстанда 50дөй активист...

«Жарандык демилгелер коалициясы» Казакстанда 50дөй активист...

Казакстандагы «Жарандык демилгелер коалициясы» жума башынан бери өлкөдө 50дөй активист...

УКУК 2019-09-20  16:14

Өзбекстандын мурдагы прокурору үй камагынан абакка которулду

Өзбекстандын мурдагы прокурору үй камагынан абакка которулду

Үй камагындагы Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Отабек Муродов 18-сентябрда атайын кызматтын...

УКУК 2019-09-20  16:45

Иман Каримова өзбек өкмөтүнүн коррупциялык иштерин ашкерелей...

Иман Каримова өзбек өкмөтүнүн коррупциялык иштерин ашкерелей...

16-сентябрда Гүлнара Каримованын кызы Иман...

УКУК 2019-09-19  18:56

CPJ украин журналисти Георгий Гонгадзени өлтүргөн генералдын жазасын...

CPJ украин журналисти Георгий Гонгадзени өлтүргөн генералдын жазасын...

Эл аралык журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists, CPJ) украин бийлигин журналист Георгий...

УКУК 2019-09-17  17:01

Түркмөнстандын кызматтан алынган соода министри коррупция айыбы...

Түркмөнстандын кызматтан алынган соода министри коррупция айыбы...

Түркмөнстандын жакында эле кызматтан алынган мурдагы соода жана...

УКУК 2019-09-17  17:05

Өкмөт Иракта жүргөн 70ке жакын кыргызстандык баланы алып келет

Өкмөт Иракта жүргөн 70ке жакын кыргызстандык баланы алып келет

Өкмөт Иракта жүргөн 70ке жакын кыргызстандык баланы өлкөгө алып келгени жатат. Бул маалыматты Тышкы...

УКУК 2019-09-11  10:24