KELECHEK
rek

Базар-Коргондун Коргон-Жар айылында көлөмдүү жер көчкү жылууда

Базар-Коргондун Коргон-Жар айылында көлөмдүү жер көчкү жылууда

Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл аймагына караштуу Коргон-Жар айылында көлөмдүү жер көчкү күн сайын жылып жатат. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде кечки саат 20-30 менен 21-00дө көлөмү 760 миң куб метр жер көчкү жүрүп, Кара-Үңкүр дарыясын бөгөп калган. Анда бир кудай сактап, дарыянын катуу жүргөн нугу жер көчкүнү жарып агып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам жүргүзүлгөн иш чарасынын аркасында Базар-Коргон районунун ылдыйкы зонасындагы айыл-кыштактардан 4 миңге жакын тургундары түн ичинде коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөн. Азыркы мезгилде КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын адистери аныктагандай Коргон-Жар айылында көлөмү 4 млн. куб метрди түзгөн чоң жер көчкү күн санап 30-50 метрге акырындап жылууда. Эгерде көлөмдүү бул жер көчкү жүрсө Кара-Үңкүр дарыясынын нугу толугу менен тосулуп калуу коркунучу жаралат.

- Коргон-Жар айылынан 1988-жылы 52 үй-бүлө коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Аларга турак-жайларын салуу үчүн жер участоктору жана мамлекеттик ссудалар кезинде толук берилген. Бирок, ошого карабастан 32 үй-бүлө мал-жандыктарын карашып, кооптуу аймактан көчпөй жашап келишүүдө. Азыркы мезгилде аларды шашылыш түрдө көчүрүп жатабыз,- дейт КР ӨКМнин Базар-Коргон районундагы бөлүмүнүн башчысы, улук лейтенант Жеңишбек Матназаров.

Кыргыз Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Айбек Бегимкулов, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Абдышарип Бекилов, Талды-Булак айыл аймагынын башчысы Кадырбек Акматкулов Коргон-Жар жана Көк-Алма айылдарынын эли менен жеринде жолугушуп, табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча элге атайын кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

- Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 60 жолу жер көчкүлөр жүрдү. Дагы 400гө жакыны салаңдап көчкөнү турат. Адистер тарабынан кооптуу аймак деп аныкталган жерлерде жашоого такыр болбойт. Өзүнүздөрдүн жана балдарыңыздардын амандыгын ойлоңуздар,- деди эл менен болгон жолугушууда Адышарип Бекилов.

-- Биздин башкы максат кооптуу аймактарда жашап жатышкан калкты коопсуз жайларга көчүрүү болуп саналат. Азыркы учурда биз биринчи кезекте жер көчкүлөр турак-жайларына олуттуу коркунуч жараткан Коргон-Жар, Жарадар, Кызыл-Суу жана Улачы айылдарынын жашоочуларына турак-жай салуулары үчүн атайын жер участогун трансформациялоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошондуктан ал маселе толук чечилгенге чейин кооптуу аймактардагы үй-бүлөлөр тууган-уруктарыныкына убактылуу жашап туруулары керек,- деди Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов.

- Табигый кырсыктардын алдын алуу максатында адистер күндүр-түндүр тынбай иштеп жатышат. Өзгөн районунун Ничке-Сай айылындагы жер көчкү бир үй-бүлөдөн алты адамдын өмүрүн бөөдө алып кетти. Мамлекетибиздин башкы байлыгы – бул элибиз болуп саналат. Азыркы мезгилде жашоого болбойт деп эскертүү берилген аймактардан тез арада көчүп чыгууңуздар керек. Бул Сиздердин, үй-бүлөңүздөрдүн коопсуздугу үчүн зарыл,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Өз кезегинде Көк-Алма айылынын тургундары Бекибай Алибаев жана Акимжан Шерматов атайын элден кабар алганы келишкен жетекчилерге ыраазычылыктарын билдиришип, айтылып жаткан маселенин туура экендигин белгилешти. Сактанганды кудайым сактаптыр дегендей өздөрүнүн коопсуздугун биринчи кезекте элдин өздөрү ойлонуусу керектигин ортого ачык салышты. Коргон-Жар айылынын жашоочусу Каныбек Базаркулов учурда 6 үй-бүлө чатырга абдан муктаждыгын белгилеп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан чатыр бөлүп берүү өтүнүчүн айтты. 

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41