KELECHEK
rek

ОШТОГУ БАБУР ТЕАТРЫ ЖАЛАЛ-АБАДГА КОНЦЕРТ КОЁТ

ОШТОГУ БАБУР ТЕАТРЫ ЖАЛАЛ-АБАДГА КОНЦЕРТ КОЁТ

Ош шаарындагы Бабур атындагы өзбек драмалык театрынын чыгармачыл жамааты Жалал-Абад шаарындагы Барпы драма театрында чоң концерт койгону даярданып жатат. Бул тууралуу Бабур драма театрынын Жалал-Абадга гастролун уюштуруучу Жалал-Абад облустук өзбек тилинде чыгуучу “Жалалабат тонги” гезитинин башкы редактору Абдумуктар Исраилов билдирди.

Анын айтымында, Бабур драма театрынын чыгармачыл жамааты 25-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын тургундары менен конокторуна чоң программадагы концерт койгону даярданып жатышат.

- Биз “Достук көпүрөсү” долбоорунун алкагында Оштогу Бабур драма театрынын чыгармачыл жамаатынын Жалал-Абадга келишин уюштуруп жатабыз. Алардын айтышынча, Кыргызстан эгемендик алгандан бери алар Жалал-Абадга гастролго келише элек экен. Бул, биринчиден, аймактар аралык маданий алакаларды күчөтсө, экинчиден өзбек-кыргыз достугун чыңдайт. Биздин бул долбоор быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылына арналмакчы, - дейт ал.

Алынган маалыматтарга караганда, быйылкы жылы июлда Бабур драма театрынын бир катар актёрлору жана Оштогу кыргыз драма театрынын бир актёру Лондондо спектакль коюп келишмекчи. Ал эми буга чейин Бабур драма театрынын жамааты Өзбекстанда “Айкөл Манас” спектаклин коюп, өзбек театр публикасынын арасында ийгилик жараткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29