KELECHEK
rek

Базар-Коргон районунун Чарбак айылында жер көчкү жүрдү

Базар-Коргон районунун  Чарбак айылында жер көчкү жүрдү

4-апрелде Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Чарбак айылынын Улачы участкасында эртең мененки саат 9-00дөр чамасында  көлөмү 50 миң метр кубду түзгөн жаңы жер көчкү жүрдү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Табигый кырсык адам өмүрүнө зыян алып келгени жок. Жаңы түшкөн жер көчкү Улачы участкасында жашаган, 1981-жылы туулган Нооман Чолоевдин жашап жаткан үйүнө жетип токтогон. Аталган үй-бүлөнүн беш адамдан турган мүчөлөрү  коопсуз жайга, туугандарыныкына көчүрүлүп чыгарылды. Жаңы жүргөн жер көчкү Курманбек Акматалиевдин 8 адамдан турган эки турак-жайына жана Өмүрали Асрановдун 7 кишиден турган үйүнө дагы олуттуу коркунуч жараткандыктан аталган 2 үй-бүлөнүн тургундары дагы коопсуз жайларга көчүрүлүп жатат.

Могол айыл аймагына караштуу Улачы участкасындагы жер көчкүнүн жүрүшү күтүлгөн эмес болчу. Акыркы күндөрү жааган катуу жамгырдан улам бул жерде жер көчкүнүн жүрүшүнө алып келип олтурат. Базар-Коргон районунун Жарадар айылында 16 үй-бүлө жер көчкү жүрүүсү күтүлгөн коркунучтуу аймакта жашап жатышса, азыр 3 үй-бүлө коопсуз жайларга чыгарылып, калгандары дагы коопсуз жайларга көчүрүлүп жатат.

Мындан сырткары, 4-апрелде Базар-Коргон районундагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар кооптуу аймактарда жашап жатышкан эл менен КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусндагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Айбек Бегимкулов жеринде калк менен жолугушуп, элге коопсуз аймактарга тез арада көчүп чыгуулары зарылдыгын белгилешип, калкка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Базар-Коргон району боюнча КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын адистери тарабынан изилденип аныкталган 67 кооптуу жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактар аныкталган.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41