KELECHEK

Майлуу-Сууда көмүлгөн уран калдыктары экологияга жана адамдардын ден соолугуна кандай терс таасирин тийгизүүдө? (ФОТО)

Майлуу-Сууда көмүлгөн уран калдыктары экологияга жана адамдардын ден соолугуна кандай терс таасирин тийгизүүдө? (ФОТО)

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын аймагында 23 калдык сактоочу жайы (жалпы көлөмү 2 млн. куб метрге) жана 13 тоо кен калдыгы (жалпы көлөмү 1 млн. м3) уран өндүрүштөрүнүн калдыктары жайгашкан. Орто-Азия чөлкөмүнө коркунуч жараткан мына ушул калдык көмүлгөн жерлердин экологияга жана жергиликтүү калктын ден соолугуна тийгизип жаткан терс таасири боюнча журналисттик иликтөө жасап, аны окурмандарга сунуштоону туура көрдүк.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (КР ӨКМнин) алдындагы калдык сактоочу жайлар менен иштей турган агенттиктин Майлуу-Суу шаарындагы адиси Каныбек Ташкенбаевдин берген маалыматына караганда, Майлуу-Суу шаарында 1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводу уранды иштетип келишкен. Жыйырма жыл ал заводдун иштеткен уран калдыктары Майлуу-Суу дарыясынын оң жана сол жээгине көмүлгөн. Союз урагандан кийин, калдыктар көмүлгөн жерлер кароосуз калгандыктан, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1999-жылдын 23-мартындагы Токтомунун негизинде уран калдыктары көмүлгөн жерлер жана тоо тектери КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген.

- Ал эми 2002-жылы Абдырахман Койчиев деген профессор 43 мамлекеттен келген өкүлдөргө ушул проблеманы көтөрүп чыгып, “Уран калдыктары -  Кыргызстандын, Жалал-Абад облусунун, же Майлуу-Суу шаарынын проблемасы эмес, бул илгертен калган Союздун мурасы” – деп айткан. Себеби, Союз боюнча уранды иштете турган завод ушул жерге курулган. Майлуу-Сууда уран бар экендиги 1800-жылы эле белгилүү болгон. Бул жерде 1000 тонна пародадан миллиграмм гана уран чыгат экен. Биздин ураныбыз жетишсиз болуп, Польшадан, Чехословакиядан, Германиядан, Венгриядан, Япониядан уран контейнерлер менен алынып келинип, ушул жерде иштетилген. Анын калдыктары Майлуу-Суу дарыясынын оң жана сол жээгине көмүлгөн. Ушул нерсени далилдегенден кийин, Майлуу-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жерлердин оорчундуу проблемаларын  чечүү үчүн Дүйнөлүк Банк акча бөлүп берген.

Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен «Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу» долбоору 2004-жылы ишке киргизилген. Аталган долбоор 2012-жылы жыйынтыкталып, жалпы суммасы 10,96 млн. АКШ доллары болгон каражат жумшалган. Уран калдыктары жергиликтүү калктын ден соолугуна зыян келтирбеш үчүн, №3 отвал №6 отвалга көчүрүлүп көмүлгөн. Эгерде уран калдыктары сайга түшө турган болсо, бул бир гана Кыргызстанга эмес, Орто-  Азияга экологиялык катастрофаны алып келиши мүмкүн, - дейт калдык сактоочу жайлар менен иштей турган адис К.Ташкенбаев.

Ал эми Майлуу-Суу шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун техник-дезометристи Талант Орозалиевдин айтымында, калдык сактоочу жайлардын гамма нурдануусунун орточо деңгээли колдонулган приборлордун көрсөткүчү боюнча 12-23 микрорентген саатты (мкР/с) түзөт.

“Биз азыр №6 калдык сактоочу жайды атайын прибор менен текшерген мезгилде радиациялык фон 15-18 мкР/с көрсөтүп, фону нормада экендиги аныкталды. Радиациялык фон 60ка чейин нормада болот, андан ашып кетсе, бул коркунучтуу. Ал эми №5 калдык сактоочу жайдын үстүндө 30дан 150-200 мкР/с болуп, үстү ачылып калган жерлер бар экен. Биз айына эки жолу ӨКМнин өкүлдөрү менен чогуу чыгып, радиациялык фондорун текшерип турабыз. Калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын аянттарындагы радиациялык нурлануу деңгээли ДРВП-03 прибору менен өлчөнүп, орто эсеп менен 12 мкР/ сааттан-60 микро/ саатка чейин  түздү. Калдык сактоочу жайлардын айланасында тиешелүү тосмолор жана атайын белгилер орнотулган эмес. Ошол себептен, мал жандыктар кирип кеткен учурлар көп кездешет”, - дейт Т.Орозалиев.

Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматовдун берген маалыматына караганда, ӨКМнин калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиги тарабынан белгилеген тартипте 2016-жылдын иш-планынын негизинде Майлуу-Суу шаарына жалпысынан 6 млн. 687400 сом каралып, учурда № 5,7,20,21чи калдык сактоочу жайларда жана №8чи кен калдыгында авариялык калыбына келтирүү жумуштары аткарылды.  

                                                                                                                                                                    "Мындан сырткары, № 5,7чи калдык сактоочу жайларда суу өткөзүүчү, сел топтоочу жайлар тазаланып, бузулган темир бетон каналдар жана технологиялык жол калыбына келтирилип, калдык сактоочу жайлардын анамалдуу тилкелери жабылган. Ал эми №№ 20,21чи калдык сактоочу жайлардын анамалдуу тилкелери жабылды. Бир нече калдык сактоочу жайларына коопсуздук эскертме белгилери орнотулду. Бирок, канчалык көп суммадагы акча бөлүнгөнү менен бардык калдык сактоочу жайлардын айланасы тосулбай келе жатат. Эл менен үч жолу жолгушууда калдык сактоочу жайларга мал кирбей, адам баспай турган болушу үчүн айланасын тосуу талабы коюлууда. Биз да бул маселени чечүү үчүн ӨКМнин алдындагы калдык сактоочу жайлар менен иштей турган агенттикке кат менен кайрылып, талап кылып жатабыз. Бирок, толук кандуу жооп ала алган жокпуз,- дейт шаар мэри Н.Маматов.

Шаар мэри Н.Маматовдун сөзүнө караганда, жергиликтүү бийлик тарабынан көчкүлөрдүн алдын алуу, жерди эрозиядан сактоо максатында жыл сайын токой чарбасына көчөттөрдү алып эктирүү маселесин чечип жатышыптыр. “Кой-Таш айылындагы кооптуу болгон жерде  5 үй-бүлөнү башка жакка көчүрүү маселеси эң көйгөйлүү болуп турат. Башка жерден жер участогун бөлүп берип, сунуштадык. Бир үй-бүлөгө батир сунуштап ал жердден көчүрүп жатабыз.”,- дейт Н.Маматов.

Калдык сактоочу жайлар менен иштей турган адис К.Ташкенбаевдин маалыматына караганда, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктардын айланасында атайын тосмолор жана радиациялык коопсуздук белгилери  убагында болгон. Союз тарагандан кийин алар кароосуз калып, тейленбей, көзөмөлдөнбөй, жараксыз абалга келип, кээ бирлери уурдалып, көпчүлүгү жок болгон.

- Объектилерди кайтарууну кошпогондо, ӨКМнин карамагындагы калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктардын айланасын тосуу жумуштарына орточо эсеп менен 21 млн. сомдон ашык акча каражаты сарпталары такталган. Агенттик тарабынан калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарды рекультивациялоо, реаблитациялоо жумуштарын аткаруу, аталган объектилерди коопсуз абалга келтирүү үчүн чет өлкөлүк инвесторлорду, донорлорду тартуу максатында Европа биримдиги, ЕвразЭС жана МАГАТЭ менен кызматташуу иш-чараларын жүргүзүп келет. Быйылкы жылы Европа Биримдигинин өкүлдөрү келип, өздөрү изилдеп кетишет. Миң-Куштагы калдык сактоочу жайларда быйыл иш башталат. Ал жакта иш бүткөндөн кийин, бизге келишет. Суунун абалын санэпидстанциянын адистери ай сайын текшерип турушат. Ачылган очагдар убагында кум, шагыл менен көмүлөт, - деди К.Ташкенбаев.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондору боюнча аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Абдималик Элемановдун берген маалыматына караганда, көп жылдардан бери келе жаткан көйгөйлүү маселени чечүү, объектилерди кайтаруу боюнча КР Ички иштер министрлигине кайрылуулар болуп, тилекке каршы каржы маселесине байланыштуу оң жооп алынган эмес.

“Жергиликтүү жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүнө карабастан, аталган объектилерде түстүү металдарды издөө, малдарын жаюу жана башка ушул сыяктуу мыйзам, эреже жана ченем бузуулар орун алып келет”, - дейт А.Элеманов.

Майлуу-Суу дарыясынын жээгиндеги №18чи уран калдыктары көмүлгөн жерде кооптуу абал жаз айында пайда болот. Жазда жамгырдын жаашынан улам, суунун деңгээлинин көтөрүлүшү уран калдыгы көмүлгөн жерге кооптуу абал жаратат. Себеби, суунун көлөмүнүн көбөйүшү дарыянын жээгин жеп баштайт. Ошол себептен, өткөн жылы жээктери габиондук сеткалар менен бекемделген. Майлуу-Суу дарыясынын сол жээгинде тектоник көчкүсү болсо, оң жээгинде изолит көчкүсү бар. Азыркы учурда Кой-Таш көчкүсү аябай коркунучтуу абалда турат. “Март айында комиссия келип, калдыктарды сактоочу жайларды карап чыгып, аткарыла турган иштерди такташат. Жылда министерство тарабынан акча бөлүнүп турат. 2015-жылы 9 млн. сом бөлүнсө, ал эми 2016-жылы 6 млн. сом бөлүнүп, дарыянын жээгинде жайгашкан калдык сактаган жайларды бекемдөө иштери аткарылган”, - деди К.Ташкенбаев.

Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын башчысы Айдарбек Мамасалиевдин айтымында, уран калдыктары көмүлгөн жерлердеги тоолордо жер кыртышы эрозияга кабылып, жер көчкү боло турган жерлер көбөйдү. Жер кыртышын эрозиядан сактап калуу максатында Эл аралык уюмдарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргелешкен долбоорлорду жазууну көздөп жатышат. Шаардык мэрия тарабынан көчкүлөрдү болтурбоо, жерди эрозиядан сактап калуу боюнча токой чарба менен биргеликте көчөттөрдү эгүү сунушу берилип жатат.

Профессор Р.Тойчуев: “Майлуу-Сууда кош бойлуу аялдардын боюнан түшүүсү башка аймактарга салыштырмалуу эки эсе  жогору”

Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ айылынын тургуну Абдималик Тунтеевдин айтымында, уран калдыктары көмүлгөн жерлердин мында жашаган тургундардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат. “Балдардын келчегин ойлосом, бул жерден көчүп кетким келет. Акыркы мезгилдерде биздин айылда малдар кош туяктуу болуп туулса, ымыркайлар тубаса майып болуп төрөлгөндөр көбөйдү. Ар кандай оорулар көбөйүп жатат”, - дейт А.Тунтеев.

Сары-Бээ айылынын тургуну, №6чы уран калдыгы көмүлгөн жерден 100 метрге жетпеген жерде жашаган 33 жаштагы Лазер Кожомкуловдун айтымында, ал төрөлгөндөн бери ушул жерде жашап келет. Ушул жашка келгенге чейин катуу дартка чалдыккан эмес. “Төрөлгөндөн ушул жерде жашайм. Үч балам бар. Эл сыяктуу сасык тумоо менен ооруйбуз. Бизге келген адамдар калдык көмүлгөн жерди билип калса, башым ооруду деп калышат. Билбей келген коноктор болсо, жайлоодой болгон жерде жашайт экенсин деп суктанып кетишет. Ал эми биз бул жерге көнүп калганбыз”, - деди ал күлүп.

Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ айылынын тургуну, Северный-южный Кара-Жыгач ФАПнын жетекчиси Гүлжан Оморалиеванын берген маалыматы боюнча, уран калдыктары көмүлгөн жердин борборунда жашагандыктан, онкологиялык оорулар, кош бойлуу аялдар арасында боюнан түшүп калуу көбөйүүдө. Балдардын аң-сезими жакшы өспөй,  тубаса майып балдар төрөлүүдө.

- Жаз келип, карлар эрип, жамгыр жааганда агынды суулар тоолордон түшүп ичүүчү суу булганып калат. Мына ушул мезгилде ооругандардын саны көбөйүп кетет. Мен ошол калдык көмүлгөн жерден күндө жумушка жөө барып келем. Ушундай калдык көмүлгөн жерде жашап жаткандан кийин, биздин айлык маянабызга кичине кошумча акча кошуп койсо, тамак-ашыбызды күчтөндүрүп жегенге жакшы болмок. Экологиялык жактан оор шартта жашап жатканыбызга карабай, бизге эч кандай жеңилдиктер каралган эмес. Эл сыяктуу эле биз деле аз маяна алып жатабыз. Ушул жагын өкмөт башчылары караштырып, биздин шартты эске алып, айлыгыбызга кичине кошумча акча кошуп коюшса жакшы болмок, - дейт Г.Оморалиева.

Майлуу-Суу шаарындагы экологиялык начар абалга байланыштуу кош бойлуу аялдардын бойдон түшүүсү башка аймактарга салыштырмалуу эки эсе көп экендигин медицина илимдеринин кандидаты, профессор, КР УИА ТБнүн Медициналык проблемалар институтунун директору Рахманбек Тойчуев билдирди. Анын берген маалыматы боюнча, Майлуу-Суу шаарында жашаган тургундарга 90-жылдардан 2016-жылга чейинки аралыкта изилдөөлөр жүргүзүлүп келет. Ошол изилдөөлөргө караганда, 22 миңден ашык калкы бар Майлуу-Сууда 26 жылда тубаса майып төрөлгөндөр 5 пайызды түзсө, ал эми Ош шаарында 1 пайызды түзгөн.  Тубаса оорулуу балдардын 48 пайызы же болбосо дээрлик жарымы жүрөк оорусу менен жабыркаса, андан кийин «Даундун оорусу» 5,3 пайыздан - 9,2 пайыз же акыл эси кем балдар. Андан кийинки оорунда катаракта жана микросефалия оорулары кездешет.

- Ал эми кош бойлуу аялдардын ден соолугуна жүргүзгөн изилдөөлөргө таянып, кош бойлуу аялдардын боюнан түшүүсү башка аймактарга салыштырмалуу эки эсе көп. Балдардын өлүк туулган учурлары да башка аймактарга салыштырмалуу көп кездешет. Кээ бир тубаса айыккыс дартка чалдыккан наристелер туулгандан эле өлүп калат, бул да болсо табигаттын закон ченемдүүлүгү. Биздин институт 1995-жылы ачылгандан баштап, адистер изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Төрөгөн аялдардын тонун (плацента) изилдеген учурда анын курамында бир катар уулуу заттарды табышкан. Айта турган болсок, 3,26 миллиграмга (мг/кг) чейин уран, торий 2,-32 мг/кг сыяктуу оор металлдар табылган. Ымыркай өлүк туулган кезде плацентада уулуу заттар жана оор металдар мындан да көп табылган. Медицинада кош бойлуу аялдын тонунда уулуу заттардын болуусу таптакыр мүмүкүн эмес.

Ич келте оорусу менен ооругандар 1997-2005-жылдары жыл мезгилине жараша жазында, күзүндө көп ооруса, 2006-жылдан баштап жыл бою ич келте оорусу кездешип жатат. Дүйнө жүзүндө мындай жыл бою ооруган фактылар жок. Майлуу-Суу дарыясынын суусунан улам шишик оорулар, ичеги-карындын рак оорулары, жаш балдардын  жүрөк кан-тамыр оорулары 48 пайызды түзөт, 24 пайызга жакыны баш мээсинин шишик оорусу, өлүк төрөлгөн балдар 1,5 пайызга жетет. Жаш наристелер арасында жүргүзгөн изилдөөлөрүнө таянсак, тубаса оорулуу туулган балдар жалпы төрөлгөн наристелердин 5 пайыздан 6 пайызды түзөт. Институттун адисттеринин изилдөөлөрүнө караганда, Майлуу-Суу шаарынын борборунда өпкөнүн рагы менен ооругандар көп. Адистер 150 баланын чачынан уранды текшерген, баарынын чачынан уран менен торий чыккан, –дейт профессор Рахманбек Тойчуев.

Бирок кайсы органдар канчалык деңгээлде жабыркап жана эмне үчүн гармоналдык өзгөрүүлөр жүрүп жаткандыгы жөнүндө так маалыматтар жок экендигин профессор баса белгилейт. Профессор Р.Тойчуевдин айтымында,  ошондуктан бул багытта дагы бир топ изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл.

- Жогору жактарга жазган каттарыбыздын көбү эле жоопсуз калууда, бул маселеге азыр көңүл кош мамиле жасасак, келечекте ал жерде жашаган калктын ден соолугу эмне болот? Азыр бир аз каражат кетирип ал жердеги зоб менен жабыркагандарга керектүү дарыларды бекер таркатып, профилактикалык иштерди аткарып, койсок, келечекте ошол аймактарда ден соолугу жабыркаган калкты дарылоого кетире турган миллиондогон акчаларды үнөмдөп калмакпыз. Мындан сырткары, шаардын калкын тазаа суу менен камсыздоо зарыл. Суунун башында жайгашкан Северный Кайрагачтагы уран калдыгы көмүлгөн жерди башка коопсуз жайга көчүрүү керек. Себеби, ал жер суунун башы болуп, отвалдан аккан суу туура эле Майлуу-Суу дарыясына куюлат”,  – дейт профессор Р.Тойчуев.

Майлуу-Суу шаардык мэриясынын атайын кайрылуусунун негизинде, көмүлгөн уран калдыктарынын зыяндуулугу канчалык деңгээлде экендигин билүү жана жашоочулардын ден соолугун аныктоо максатында шаардын жергиликтүү тургундары 2012-жылдын июнь айында акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүлүшкөн. Бишкек шаарынан 15 адамдан турган топ Майлуу-Суу шаарынын калкын 20-июндан тартып 30-июнга чейин текшеришкен. Алардын арасында онколог, гинеколог, стоматолог, невропатолог адистиги боюнча 3 дарыгер жана радиациялык коопсуздук боюнча адис, Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары болгон. Изилдөө тобу өзгөчө Сары-Бээ айыл округуна караштуу айылдарды текшерүүгө алышкан.

Аталган топтун мүчөсү, медицина илимдеринин доктору, профессор Рустам Тухватшиндин берген маалыматына караганда,  бул изилдөө Эл аралык илимий-техникалык борбордун “KR–760” деген долбоорунун негизинде жүргүзүлгөн. Негизинен алар Майлуу-Суу шаарынын жаратылышы менен ал жердеги жашаган калкты изилдөөгө алышкан. Шаардагы 1056 адам текшерүүдөн өткөрүлгөн. Профессор Р.Тухватшиндин айытымына караганда, Майлуу-Суудагы оор радон газынын жыты да, даамы да болбогондуктан, бардык табигый  радиациянын булактары көзгө көрүнбөй тургандыгын баса белигилешкен. Ошол себептен, бул проблема аталган шаарда жашагандар үчүн өтө актуалдуу болуп саналат. Мындан сырткары, шаардагы көпчүлүк имараттар согуштан кийинки эски курулуштар болуп саналат. Ал курулуштар үчүн жергиликтүү жаратылыш материалдары – таштар  колдонулган. Алардын арасында радиоактивдүү тоо тектери да болушу мүмкүн.

«Биздин дозиметрикалык изилдөөлөрүбүзгө караганда, кээ бир үйлөрдө жана жумуш имараттарында радиациянын g - нурдануусу керектүү нормадан 8-12 эсеге көп болуп чыкты. «Кыргызэлектроизолит» заводунун бухгалтериясында 317 мкР/саат экендиги белгиленген. Мындай иш бөлмөлөрүндө иштегендер жумуш учурунда кечке болушуп, жогорку радиоактивдүү жүктү, белгилеген деңгээлден 6 эседен көп дозаны алышкан», - дейт Р. Тухватшин.

Уран калдыктары көмүлгөн жерлерге жакын жашагандар арасында боюнда бар, төрөй турган аялдардын жана жаңы төрөлгөн балдардын ден соолуктарына уран өзүнүн тескери таасирин тийгизген. Акыркы 5 жыл аралыгында бойдон түшүүнүн саны 6,2 пайыздан 10,3 пайызга өскөн. Ал эми бойго бүтпөй калуу коркунучу 10,1 пайыздан 19 пайызга, убагына жетпей төрөп коюу 11,3 пайызга чейин жеткен.

«Ошондой эле, уран калдыктары көмүлгөн айылда жашагандардын жана айрыкча мурда уран комбинатында иштеген шахтерлордун тишинде салыштырмалуу түрдө уран өтө көп топтолгон. Майлуу-Суу  шаранынын тургундары темир – йодунун жетишсиздиги жана калкан безинин (кекиртектеги) сезгениши менен 26 пайыздан ашыгы ооруйт. Уран химиялык элемент болгондуктан, негизинен адамдын организиминдеги бөйрөк, боор жана сөөктөрүн жабыркатат»,- деп билдирет профессор Р.Тухватшин.

Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш айылынын тургуну, 63 жаштагы ардагер Саадат Колдошованын сөзүнө караганда, алар жашаган айылда таза суу болбогон мезгилде Майлуу-Суу дарыясынан сууну ташып ичишет.

- Биздин айылда таза суу маселеси өтө көйгөйлүү. Кышында крандан таза суу чыкканы менен жаз келгенде баштап, суу чыкпай калып, сайдан чакалап ташып, тунутуп ичебиз. Кээде суу тунбай калат. Ошонун кесепетинен тиф, ичеги-карын оорулар менен көп ооруйбуз. Уран калдыктары көмүлгөн жерлердин ачылып калган жерлер бар. Анан ал жактан агып түшкөн суулар сайга кошулуп агып келет. Биз суунун жоктугунан сайдан ичүүгө аргасыз болобуз. Аялдардын жыныстык оорулары, онкологиялык оорулар менен да көп ооруп жатышат. Бизге таза суу маселесин чечип берсин деп, шаардын мэрине кайрылганбыз,- дейт С.Колдошева.

Элди таза суу менен камсыз кылуу эң көйгөйлүү маселе экендигин Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматов билдирди. Анын айтымында, жаздын келиши менен карлар эрип, Майлуу-Суу шаарында таза суу стандартка жооп бербей калат.

“Шаар калкын таза суу менен камсыз кылуу долбоорун 2014-2015-жылдары баштаганбыз. Европалык реконструкциялоо өнүктүрүү банкынын каржылоосундагы Майлуу-Суу шаарынын ичүүчү суу системасын реаблитациялоо боюнча 7,2 млн. евро долбоору каралган. 2016-жылдын 20-апрелинде Майлуу-суу шаарында аталган долбоордун презентациясы болуп өтүп, Өкмөткө сунушталган. Азыркы учурда өкмөттүн кароосунда турат. Быйыл инженерлер келип, долбоорлор түзүлөт. Бардыгын өзүңөр сапаттуу бүтүрүп бергиле деген сунушту айттык. Бул долбоор ишке ашып калса, шаар тургундарынын таза суу маселеси чечилип, ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алууга жакшы шарт түзүлөт”, - дейт Н.Маматов.

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад облусу.

“Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмунуна ИП “Жаныбаева А.М.” жоокерчиликтүү болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт”.

https://www.youtube.com/watch?v=8bwLe1Xp898&feature=youtu.be

8bwLe1Xp898

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ата-энелердин эмдөөгө каршы чыгуусу – балдардын укугун бузууга жатат!...

Ата-энелердин эмдөөгө каршы чыгуусу – балдардын укугун бузууга жатат!...

Жалал-Абад облусунда 2018-жылдын 9 айында эмдөөдөн баш тарткандардын саны 809ду түзгөн. Алардын 90 пайызы...

АНАЛИТИКА 2018-11-21  09:43

Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?

Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?

Акыркы мезгилдерде Жалал-Абад шаарындагы автотыгындардын санын кыскартуу үчүн борбордук көчөлөрдү...

АНАЛИТИКА 2018-09-07  15:15

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

Базар-Коргон районундагы “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругундагы токойду коргоо жана...

АНАЛИТИКА 2018-07-17  00:50

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлуна чейин Кочкор-Ата шаардык мэриясы 12-18 жаштагы балдар - өспүрүмдөр арасында...

АНАЛИТИКА 2018-06-28  04:30

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүшү боюнча Өкмөттөр аралык эксперттер тобунун климатологдору  глобалдуу...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  07:19

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Дүйнөлүк статистикада, өнүккөн мамлекеттерде донорлук акысыз жүргүзүлөт. Өзүнүн көнүлү менен акысыз...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  20:21

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мындан 5,5 жыл мурун, же 2012-жылдын 28-ноябрында мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри, азыркы...

АНАЛИТИКА 2018-03-30  10:33