KELECHEK
rek

Сузакта Көк-Арт дарыясынын жээктери бекемделүүдө (ФОТО)

Сузакта Көк-Арт дарыясынын жээктери бекемделүүдө (ФОТО)

Сузакта Көк-Арт  дарыясынынын жээктерин бекемдөө иштери кызуу жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Жалал-Абад шаарындагы “Каскад” ЖЧКсынын кызматкерлери өздөрүнүн кубаттуу техникалары менен Сузак айыл аймагына караштуу мурдагы чочко фермасынын тушундагы Көк-Арт дарыясынын жээктерин бекемдөө максатында узундугу 800 метр, эни 50 метр жана тереңдиги 3 метр келген Көк-Арт дарыясынын нугун казып тереңдетүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун облус аймагын кыдыруусундагы расмий  иш сапарында Сузак районунун кадырман аксакалдары КР Өкмөт башчысынан Көк-Арт дарыясынын ушул жеринин жээктерин бекемдеп берүү өтүнүчтөрү менен кайрылышкан болчу. Азыркы мезгилде Көк-Арт дарыясынын нугун тереңдетип казуу иштеринде “Каскад” ЖЧКсынын 6 КАМАЗ, 4 ХАВО 4 скорпион, 3 погрузчик  жана 1 экскаватор кубаттуу техникалары шагылдарды алып чыгып,  тереңдетип казуу жана тегиздөө жумуштарын жүргүзүп жатышат. Азыркы мезгилде Көк-Арт дарыясында секундасына 60 миң куб метр суу агып жатат. Жазгы жаан-чачындар башталып, дарыядагы суу толук күчүнө киргенде секундасына 250 миң метр куб суунун агылуусу күтүлгөндүктөн жээктерди бекемдөөнүн мааниси абдан чоң.

Көк-Арт дарыясынын жээктерин бекемдөө иштеринин жүрүшү менен  ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы – акими Абдумуктар Маматов жана ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов жеринде таанышып, жумушту аткарып жатышкан “Каскад” ЖЧКсынын жетекчилигине иштин сапатына маани берүү керектигин дагы бир ирет эсине салды. Бул жумушту аткарууга КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жумушту аткаруу боюнча тендерди утуп алган “Каскад” ЖЧКсына 3,5 млн. сом которуп берет.

Көк-Арт дарыясынын ушул жериндеги жээктеринин бекемделүүсү менен Сузак районундагы 634 турак-жайлар, 5 административдик имараттар жана миңдеген гектар айыл чарба багытындагы айдоо жерлери сел коркунучунан ишенимдүү сакталуусу камсыз кылынат.

     Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41