KELECHEK
rek

Сузактагы жер көчкү жүрүүчү кооптуу аймактарда жашап жаткандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (ФОТО)

Сузактагы жер көчкү жүрүүчү кооптуу аймактарда жашап жаткандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (ФОТО)

Кечээ, 27-мартта КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин тапшырмасы менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы – акими Абдумуктар Маматов, Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Арстанбек Асанов, ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов баштаган ӨКМнин жер көчкүлөр жүрүүчү жерлерге мониторинг жүргүзүүчү адистери Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу бир катар айылдарда болушуп, эл менен жолугушту. Бул туурасында ыйгарым укуктуу  өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Жер көчкү жүрүү коркунучу бар кооптуу аймактарда жашап жатышкан элге дагы бир ирет  жеринде атайын дагы кезектеги кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.     Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу айылында 34 үй-бүлө атайын эскертүү берилгенден кийин үйлөрүн бузуп көчүп чыгып кетишкен. Бирок, дагы 34 үй-бүлө жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда өз өмүрлөрүн тобокелге салып жашап жатышат.

- Өзгөн районунун Ничке-Сай айылында жер көчкүдөн улам бир үй-бүлөдөн 6 адам каза болуп олтурат. Кудай дагы сактанганды сактаймын дейт. Сиздерге кооптуу аймактардан көчкүлө деп биринчи ирет келип жатканыбыз жок. Мамлекет үчүн адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок. Быйыл кыш айлары жаан-чачындуу келди. Кар дагы көп түштү. Бул кооптуу жерлерден тез аранын ичинде тууган-уруктардыкына көчүп чыгыңыздар. Жер участкаларын ажыратып бердик, эми ал жерге жаңы турак-жайды салуунун аракеттерин жасаңыздар. Биз ишибиз жоктугунан Сиздерге бат-бат келип, түшүндүрүү иштерин жасап жатканыбыз жок. Эл-журттун амандыгы биз үчүн баарынан кымбат. Ошондуктан тез арада бул кооптуу аймактардан көчүп кетүүнү талап кылабыз. Электр энергиясы өчүрүлдү, эми ал кайра жандырылбайт,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.

Учурда Сузак району боюнча 1638 үй-бүлө ӨКМнин адистери тарабынан атайын эскертүүлөр берилгендигине карабастан кооптуу аймактарда жашап жатышат. Ачы өрөөнүндө жер көчкү жүрүү коркунучу бар айылдардын жашоочуларына Талаа-Булак айылынан 30 га. жер аянты трансформацияланып, 350 үй-бүлөгө 8 сотыхтан жер участкалары 2016-жылдын күз айында  ажыратылып берилген. Бул боюнча КР Өкмөтүнүн токтому кечирээк чыгып калгандыктан, турак-жай курулуштарын баштоо быйылкы жылдын жаз айларына  калтырылган.

- Бул кооптуу аймактарда жашоо гана эмес, бир күн дагы турууга  болбойт. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” дейт элибизде. Өзгөндөгү табигый кырсыктын кесепетинен – жер көчкүдөн бир үй-бүлөдөн 6 адамдын өмүрү кыйылгандыгын уктуңуздар. Ошол үй-бүлөнүн башчысына бир күн мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук  башкармалыгынын адистери бул жерден шашылыш көчкүлө деп эскертүү беришкен экен. Арты минтип адам өмүрлөрү кыйылган трагедия менен аяктап олтурат. Ошондуктан күтүүсүз келүүчү табигый кырсыктар менен ойношпойлу. Мобуреки ойноп жүрүшкөн жаш балдар бул жерде такыр болбошу керек,- деди А.Бекилов.

Сузак районундагы Соку-Таш айылында жалпы көлөмү 564 миң метр кубду түзгөн эки көчкү ордунан козголуп, 9 үйгө олуттуу коркунуч туудуруп калды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук адистери Ак-Терек айылынын жашоочулары менен дагы жолугушуп, элге дагы бир ирет тез арада көчүп чыгуу талаптарын коюшту. Кооптуу аймактарда жашап жатышкан эл жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тарабынан айтылган талап туура экендигин моюндарына алышып, кооптуу аймактарга көчүп чыгууга негизинен макулдуктарын беришти.

- Элибиз деле жергиликтүү бийлик башчыларынын айткандарын туура кабыл алып жатышат. Азыр бул кооптуу аймактарда болгону ар бир үй-бүлөдөн бирден адам калып, мал жандыктарын карап жатышат. Жумуш жок, болгону мал кармоо менен жашоо тиричилигибизди өткөрүп жатабыз,- дейт Алмалуу-Булак айылынын жашоочусу Сапарбек Ажыматов.

 - Өз өмүрлөрүн тобокелдике салып жашап жатышкан, кезинде мамлекеттен ссуда жана жер участкаларын алышып, бирок азыр эч жакка көчпөйбүз деп жатышкан 29 адамдын ишин  Сузак райондук сотуна өткөрүп бергенбиз. Бирок, соттошуунун машакаты дагы аябагандай көп экен. Адвокат жалдоо, ага акча төлөө, бир адисти ушул ишке байлап бекитип коюу деген болот экен. Бул айла кеткендиктен улам барган аргасыз кадамыбыз болууда. Эл өзү түшүнбөсө кыйын экен,- деди Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Арстанбек Асанов.

Жалал-Абад облусунун аймагында жер көчкү жүрүү кооптуу аймактары Сузак районунан сырткары Базар-Коргон, Аксы райондорунда жана Майлуу-Суу менен Көк-Жаңгак шаарларында сакталып турат.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41